Илим дүйнөсүндөгү башкы жаңылыктар

  • 09.03.2026
  • 0

2–8-март аралыгында дүйнөлүк илимде бир катар кызыктуу жана маанилүү ачылыштар жарыяланды. Алардын арасында рак шишигиндеги микропластиктин көлөмү, тофуга окшош туз эритмесинен жасалган экологиялык батарея, кары адамдардын булчуң алсыздыгын азайта турган витамин, космостогу цивилизациялардын жашоо мөөнөтү жана мышыктардын адамдарга болгон мамилеси тууралуу жаңы изилдөөлөр бар.

Рак шишигинен микропластиктин көп көлөмү табылды

Илим дүйнөсүндөгү башкы жаңылыктар

АКШдагы Нью-Йорк университетинин окумуштуулары простата безинин рагы менен ооругандардын ткань үлгүлөрүн изилдеп, шишиктерде микропластиктин көлөмү дени сак ткандарга караганда кыйла жогору экенин аныкташты.

Изилдөөдө он бейтаптын ткань үлгүлөрү талданган. Натыйжада рак шишигинде бир грамм тканга орто эсеп менен 40 микрограмм пластик туура келери аныкталган. Ал эми шишикке жакын жайгашкан дени сак тканда бул көрсөткүч 16 микрограмм гана болгон. Башкача айтканда, шишиктерде пластик бөлүкчөлөрү 2,5 эсе көп топтолгон.

Изилдөөдө пластиктин эң кеңири таралган 12 түрү каралган. Окумуштуулар микропластик организмде узакка созулган сезгенүүнү жаратып, убакыттын өтүшү менен клеткаларга зыян келтириши мүмкүн деп божомолдошот. Бирок изилдөөгө аз эле адам катышкандыктан (10 гана бейтап), микропластик рак оорусун түздөн-түз жаратат деп айтуу эртелик кылат. Балким рак клеткалары пластик бөлүкчөлөрүн жөн гана көбүрөөк топтошу мүмкүн деген версия да бар.

 

Литий-ион батареяларына коопсуз альтернатива сунушталды

Илим дүйнөсүндөгү башкы жаңылыктар

Гонконг шаардык университети жана Түштүк илим-технология университетинин изилдөөчүлөрү экологиялык жактан коопсуз жаңы батарея иштеп чыгышты.

Бул аккумулятордун электролити магний жана кальций туздарынын нейтралдуу эритмесинен турат. Анын курамы тофу даярдоодо колдонулган туздуу эритмеге окшош болгондуктан металлдарды дат басууга алып келбейт.

Батареянын:

  • терс электроду — коваленттүү органикалык полимерден,
  • оң электроду — берлин лазурине окшош материалдан жасалган.

Сыноолор көрсөткөндөй, жаңы батарея 120 миң жолу заряддалып-разряддалууга чыдайт. Эгер аны күн сайын колдонсо, мындай аккумулятор 300 жылдан ашык убакыт кызмат кылышы мүмкүн.

Мындан тышкары, аны утилдештирүүдө топурак менен сууну булгабайт. Бул жагынан алганда, жаңы технология салттуу литий-ион батареяларына караганда алда канча коопсуз.

 

К витамини кары адамдардын булчуң алсыздыгын азайтат

Илим дүйнөсүндөгү башкы жаңылыктар

 

Кытайлык окумуштуулар К витамини улгайган адамдарда булчуң күчүн сактоого жардам берерин тастыкташты.

Изилдөөгө ылайык, бул витамин саркопениянын — карылыкка байланышкан булчуң массасынын жана күчүнүн азаюу коркунучун төмөндөтөт.

К витамини организмде бир катар маанилүү белокторду активдештирет:

  • остеокальцин,
  • MGP,
  • Gas6.

Бул белоктор булчуңдардын калыбына келишин тездетип, кан тамырларды бекемдеп, клетканын энергия борбору болгон митохондриялардын ишин туруктуу кармайт. Ошондой эле витамин сезгенүүнү азайтып, клеткаларды өлүмдөн коргоого жардам берет.

Бирок адистер К витамини кошулган кошулмаларды өз алдынча кабыл албоого чакырат. Анткени ал канды суюлтуучу дарылардын таасирин азайтышы мүмкүн, ошондуктан дарыгер менен кеңешүү зарыл.

 

Космостогу цивилизациялар орто эсеп менен 5000 жыл гана жашашы мүмкүн

Илим дүйнөсүндөгү башкы жаңылыктар

Ирандагы Шариф технологиялык университетинин физиктери космосто башка акылдуу цивилизациялар эмне үчүн байкалбай жатканын түшүндүрүүгө аракет кылышты.

Окумуштуулар белгилүү Ферми парадоксу менен Дрейк теңдемесин колдонуп эсептөөлөрдү жүргүзүшкөн. Эгер ааламда акылдуу жашоо көп жаралса, бирок биз алардын изин көрбөсөк, анда мындай цивилизациялар узак жашабашы мүмкүн деген жыйынтыкка келишкен.

Алардын эсептөөлөрү боюнча технологиялык коомдордун орточо жашоо мөөнөтү болжол менен 5000 жыл болушу ыктымал. Космостук масштабда бул өтө кыска убакыт болуп эсептелет.

Мындай цивилизациялар үчүн мүмкүн болгон коркунучтар катары төмөнкүлөр аталат:

  • астероиддердин соккусу,
  • супервулкандар,
  • климаттык өзгөрүүлөр,
  • пандемиялар,
  • жасалма интеллектке байланышкан тобокелдиктер.

Ошол эле учурда авторлор бул так божомол эмес, Ферми парадоксунан чыккан жогорку чеги гана экенин белгилешет.

 

Изилдөө: мышыктар кожоюндарына байланбайт

Илим дүйнөсүндөгү башкы жаңылыктар

Венгриядагы Лоранд Этвеш университетинин изилдөөчүлөрү мышыктардын адамдарга болгон эмоционалдык байланышын изилдешти.

Экспериментке:

  • 15 терапиялык мышык,
  • 13 кадимки үй мышыгы катышкан.

Жаныбарларды кожоюну жана чоочун адам бар бөлмөгө киргизип, алардын жүрүм-турумуна байкоо жүргүзүлгөн.

Жыйынтыгында:

  • терапиялык мышыктар эки адамга тең бирдей достук мамиле көрсөткөн;
  • кадимки мышыктар дээрлик эч кимге өзгөчө реакция жасаган эмес.

Изилдөөчүлөр эки топтун биринде да кожоюнга өзгөчө эмоционалдык байлануунун белгилерин табышкан жок.

Адистер муну мышыктардын эволюциялык тарыхы менен түшүндүрүшөт. Иттер миңдеген жылдар бою адам менен бирге жашап, адамдарга көз каранды болуп калган. Ал эми мышыктар көзкарандысыз жырткычтар бойдон калып, адамды көбүнчө жөн гана бирге жашаган өнөктөш катары кабыл алышат.

Нурлан Кыдыков, «Кут билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер