ИИМДИН БЕТ МАҢДАЙЫНДАГЫ СЕЙИЛДӨӨ АЯНТЧАСЫ АЧЫЛДЫ

  • 01.06.2024
  • 0

ИИМДИН БЕТ МАҢДАЙЫНДАГЫ СЕЙИЛДӨӨ АЯНТЧАСЫ АЧЫЛДЫБүгүн, 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнү Ички иштер министрлигинин имаратынын маңдайындагы  Феликс Дзержинский атындагы сейилдөө аянтчасын көрктөндүрүү иштери аяктаганына байланыштуу ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Ички иштер министри Улан Ниязбеков, министрдин биринчи орун басары жана орун басарлары, ардагерлер, коноктор жана милиция кызматкерлери балдары менен катышты.

Бул иш-чараны министр Улан Ниязбеков ачып, 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык майрамына утурлай ачуу мерчемделгенин баса белгилеп, шаардын тургундары жана коноктору, анын ичинде милиция кызматкерлери үчүн жагымдуу көңүл тартуулай турган сейилдөө аянтчасы боло турганын айтты.

ИИМДИН БЕТ МАҢДАЙЫНДАГЫ СЕЙИЛДӨӨ АЯНТЧАСЫ АЧЫЛДЫ«Ички иштер министрлигинин демилгеси менен ведомствонун бет маңдайындагы кароосуз калган сейилдөө аянтчаны көрктөндүрүү иштери колго алынып, ондоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Шаарга, анын ичинде Ички иштер министрлигинин айланасына көрк берип, көңүлдү кубандыра турган сейил бак болду.

Эми ушул тегеректе жашаган тургундар, милиция кызматкерлери бош убактысында бул жакта эс алып туруусуна шарт түзүлдү. Айланасы гүлдөргө оролуп, кооздолгон отургучтар жана видеокамералар орнотулду”, -деди Улан Ниязбеков.

Андан сырткары, милиция кызматкерлеринин балдарын жайдын жадыраган алгачкы күнүндөгү майрамы менен куттуктап, элдин кызматында жүргөн ата-энелери менен аман болушуп, келечекте мекенин урматтап, элине кызмат кылган чыгаан уул-кыздардан болушун каалады.

ИИМДИН БЕТ МАҢДАЙЫНДАГЫ СЕЙИЛДӨӨ АЯНТЧАСЫ АЧЫЛДЫ“Урматтуу келечек ээлери! Сиздерди бүгүнкү майрамыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Бактылуу балалыктын доорун сүрүп, ата-эненин мээриминде чоңоюңуздар”, -деп куттуктоосун жолдоду ИИМ башчысы.

Иш-чаранын жүрүшүндө майрамга карата балдарга балмуздак, таттуулар таратылып, оюн-зоок уюштурулду.

ИИМДИН БЕТ МАҢДАЙЫНДАГЫ СЕЙИЛДӨӨ АЯНТЧАСЫ АЧЫЛДЫСейилдөө аянтчасы Билим берүү жана илим министрлигинин имаратына дагы жакын болгондуктан коңшу турган мекемелердин кызматкерлери үчүн дагы жагымдуу көңүл тартуулай турган жай болмокчу.

ИИМДИН БЕТ МАҢДАЙЫНДАГЫ СЕЙИЛДӨӨ АЯНТЧАСЫ АЧЫЛДЫОшондой эле Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын жамааты жана окурмандар үчүн дагы эс алууга ыңгайлуу жай болуп саналат.

ИИМДИН БЕТ МАҢДАЙЫНДАГЫ СЕЙИЛДӨӨ АЯНТЧАСЫ АЧЫЛДЫКычан, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер