III ЭЛДИК КУРУЛТАЙ БАШТАЛДЫ
- 20.12.2024
- 0
20-декабрда Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында III Элдик курултай башталды.
Бул жолу курултайга 698 делегат катышууда. Анын ичинен 640ы өлкө аймактарынан, 30 киши этностук өкүлчүлүктөрдөн, дагы 30 делегат чет өлкөдөгү мекендештер.Ошондой эле 151 делегат эл агартуу тармагынан болсо, анын ичинен 70 ашыгы мугалимдер болуп саналат. Андан тышкары 30 делегат Орусиядан, АКШдан, Канададан, Түркиядан, Германиядан, Түштүк Кореядан, Казакстандан, Чехиядан, Италиядан жана Улуу Британиядан келген диаспоралык уюмдардын жана мекендештер бирикмелеринин өкүлдөрү катышууда.
Элдик курултайга президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев баштаган министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана президенттин облустардагы өкүлдөрү катышууда. Курултайды Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов алып барууда. Курултайдын аксакалы Чүй облусунан делегат болгон 98 жаштагы Улугбек Эргешовго уюштуруу тобунун атынан суусар тебетей кийгизилип, кымкап чепкен жабылып, урмат көрсөтүлдү.
Учурда Президент Садыр Жапаров делегаттарга кайрылып, сөз сүйлөп жатат.
Курултайда өткөн жылы делегаттар тарабынан айтылган маселелердин аткарылышы тууралуу отчеттук маалыматтар угулат.
Бул жолу да делегаттар шайланып келген аймагынын көйгөйлөрүн, сунуш-пикирлердин бийликке жеткирип, пикирлерин айтышат. Ал эми мамлекеттик органдар аларды чечүү аракетин көрүшөт.
Быйыл март айында “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Анда 700 делегат курултайды өткөрүү мезгилине гана эмес, аларды бир жылдык мөөнөткө шайлоо сунушу жазылган.
Мындан сырткары Улуттук Кеңешти курултайдын ишин коомдук башталышта жүзөгө ашыруучу, жетектөөчү жана багыт берүүчү жумушчу органга айлантуу каралган. Азыркы мыйзамда насаат-кеңеш берүүчү жумушчу орган деп жазылган. Делегаттарынын укуктары жана милдеттери кеңири белгиленген.
Жогорку Кеңеш сентябрда “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду четке каккан.
Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай 2022-жылы ноябрда, экинчиси 2023-жылы декабрь айында өткөн.
Кабыл Макешов, “Кут Билим”
Комментарийлер