II Республикалык илимий-практикалык конференция

  • 02.04.2025
  • 0

2025-жылдын 24-апрелинде “Ала-Тоо” Эл аралык университети  бакалавриат жана магистратура багытындагы студенттерди “Заманбап коомдогу улуттук баалуулуктарды жана маданиятты өнүктүрүүдө жаштардын ролу” аталышындагы II Республикалык илимий-практикалык конференциясына чакырат.

II Республикалык илимий-практикалык конференция

Конференция КРнын Билим берүү жана илим министрлиги жана КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте уюштурулууда.

Конференциянын максаты – улуттук маданиятты жана баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү, жаштардын интеллектуалдык жана адептик тарбиясын өркүндөтүү, технологиялардын таасирин жана билим берүүдөгү колдонулушун талкуулоо, ошондой эле жаштар коомчулуктарын колдоо жана тажрыйба алмашуу.

Конференциянын негизги багыттары:

  • Глобалдашуу жана улуттук баалуулуктар
  • Заманбап жаштардын жарандык-укуктук аң-сезими
  • Жаштарды калыптандырууда заманбап педагогиканын ролу
  • Жаштардын руханий-адептик калыптанышына адабияттын тийгизген таасири
  • Заманбап жаштардын психологиялык портрети
  • Санариптештирүү шарттарында ЖМК жана массалык коммуникациялар
  • Санариптик чечимдер жана кызмат көрсөтүүлөр
  • Жаштардын тил мурасын сактоодогу орду
  • Социалдык ишкердик жана жаштардын каржылык сабаттуулугу
  • Саламат жашоо образын жайылтуу

Конференцияга төмөнкү категориялардагы материалдар кабыл алынат:

  • Илимий доклад (бардык талаптарга ылайык)
  • Социалдык видеоролик
  • Постердик презентация

Конференциянын жыйынтыгы боюнча макалалар жыйнагы жарыяланат. Материалдар 2025-жылдын 15-апрелине чейин conference@alatoo.edu.kg электрондук почтасына жөнөтүлүшү керек (каттын темасында иштин аталышын көрсөтүү зарыл).

Конференциянын тилдери: кыргыз, орус, англис.

Материалдарга коюлган талаптар менен шилтеме аркылуу таанышсаңыз болот.

Кошумча түрдө Word форматындагы өтүнмө даярдоо талап кылынат, анда төмөнкү маалыматтар камтылышы керек:

  • Иштин аталышы
  • Категориясы (илимий доклад, социалдык видеоролик, постердик презентация)
  • Конференциянын тили жана багыты
  • Автор тууралуу маалымат (толук аты-жөнү, окуу жайы, байланыш телефону, электрондук почтанын дареги)
  • Аннотация (50-100 сөз)
  • Ачкыч сөздөр (5 сөз)

Конференциянын ар бир категориясы боюнча 3 жеңүүчү аныкталат:
1-орун – 7000 сом
2-орун – 5000 сом
3-орун – 3000 сом

Байланыш үчүн:

E-mail: conference@alatoo.edu.kg
Тел.: +996 (706) 307 654
Дарек: “Ала-Тоо” Эл аралык университети, Анкара көч. 1/8.

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер