И. АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КМУДА БИЛИМ КҮНҮ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 02.09.2024
  • 0

И. АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КМУДА БИЛИМ КҮНҮ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНДИБүгүн, 2-сентябрь- Билим күнү- Бишкек шаарындагы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде да 2024-2025-жаңы окуу жылы башталып, студенттер үчүн эшигин ачып, Билим күнү салтанаттуу белгиленди.  

Иш-чара И. Арабаевдин айкелине гүл коюу аземи менен башталды. Университеттин ректору, профессор Айгүл Абдраева профессордук-окутуучулар курамын жана студенттерди Эл аралык Билим күнү менен куттуктады.

Ректор Айгүл Төлөковна өз сөзүндө, университеттин босогосун жаңы аттаган 1-курстун студенттерине акыл-насааттарын айтып, аларды окууда мыкты жетишкендиктерге жетүүгө чакырды. Ошондой эле, ал университеттин тарыхын жана анын азыркы жетишкендиктерин баса белгилеп,  жаңы студент болгон жаштарга алдыңкылардын катарында болууну каалады. Салтанаттуу иш-чаранын дагы бир өзгөчөлүгү болуп, жогорку курстардын алдыңкы студенттеринин мотивация берип, шыктандырган сөздөрү болду. Алар өз тажрыйбаларын бөлүшүп, 1-курстун студенттерине кесип тандоодо жана билим алууда ийгиликке жетишүү боюнча кеп- кеңештерин айтышты.

Салтанаттуу иш-чара шаңдуу маанайда өтүп, жаңы окуу жылынын башаты катары студенттерге  жаркын маанай тартуулады.

И. АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КМУДА БИЛИМ КҮНҮ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНДИУниверситеттин бардык факультеттеринде жана институттарында Билим күнүнө арналган иш-чаралар өткөрүлдү. Бул студенттер жана окутуучулар  үчүн жаңы окуу жылын чоң үмүт менен баштоого шарт түздү. Япон таануу институту тарабынан студенттер үчүн тайко барабандарынын жандуу ойногон өнөрү көрсөтүлдү. Бул өзгөчө атмосфера, маанай жаратып, келген конокторду таң калтырды. Ошондой эле, студенттердин демилгеси менен даярдалган  музыкалык номерлер тартууланып, институттун ишмердүүлүгү тууралуу видеоролик көрсөтүлдү. Иш-чара студенттердин университетке тезирээк көнүшүнө жана окуу процессине ийгиликтүү киришүүсүнө чоң жардам берип, институттун ишмердүүлүгү менен таанышууга мүмкүнчүлүк түздү.

И. АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КМУДА БИЛИМ КҮНҮ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНДИАндан сырткары студенттерди тосуп алуу, аларга маалымат берүү жана окуу жүгүртмөсүнө ылайык аудиторияларга жайгаштыруу иштери аткарылды. Андан соң, институт менен тааныштыруу жана студенттерге алгачкы сабак өтүү уюштурулду. Иш-чаранын соңунда суроо-жооп өткөрүлүп, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты. Бул иш-чара жаңы студенттерге институт менен таанышууга жана окуу жылына мотивация алууга чоң мүмкүнчүлүк болду.

И. АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КМУДА БИЛИМ КҮНҮ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНДИБелгилей кетсек, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети- Кыргыз Республикасынын «Даңк» орденинин ээси жана Монреалда (Канада) жайгашкан IARC Эл аралык изилдөөлөр борбору тарабынан өткөрүлгөн «Эл аралык өнөктөштүк» номинациясында «Жылдын университети» эл аралык сынагынын жеңүүчүсү болуп саналат.

Университет Кытай, Түштүк Корея, Япония, Венгрия, Иран, Россия, Беларусь, Казакстан, Өзбекстан жана башка чет өлкөлүк өнөктөштөр менен 110дон ашык келишим түзгөн. Окутуучулар, кызматкерлер жана студенттер чет өлкөлөрдө стажировкадан өтүп, эл аралык конференцияларга ийгиликтүү катышышат. Студенттер арасында да, окутуучулар арасында да академиялык мобилдүүлүк программалары активдештирүүдө.

Университеттин Окумуштуулар кеңеши «Санарип университети» концепциясын кабыл алган, ал концепцияда  бүтүндөй окуу процессин, иш кагаздарын жана каржылык ишмердүүлүктү санариптештирүүнү билдирет.

И. АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КМУДА БИЛИМ КҮНҮ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНДИ2023-2024 окуу жылында  Билим берүү программаларынын мамлекеттик стандарты боюнча университет 7 педагогикалык багытта  24 профиль менен кош адистик боюнча эксперименталдык окуу план менен иш алып  баруу менен кесипкөйлүккө көбүрөөк басым жасоо максатында КРнын ББжИМ тарабы менен макулдашылып 9 багытта 30/70 пайызы менен эксперименталдык окуу планды ишке киргизип, студенттер билим алышты. Ошондой эле республикабыздын аймагында англис тилинде ачылган орто мектептердин кадрдык муктаждыгын чечүү максатында 3 педагогикалык багытта эксперименталдык окуу планды КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан макулдашып, англис тилинде сабак бере алган кадрларды даярдоо колго алынган.

И. АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КМУДА БИЛИМ КҮНҮ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНДИБул жогорку окуу жайдын студенттери мезгил-мезгили менен президенттик стипендиянын лауреаттары болуп, спортто жана илимде ийгиликтерге жетишип жатышат.

-Кесипкөй адистерди даярдоодо алгач студенттердин билим алуусуна ыңгайлуу шарт түзүп берүү зарыл. Окуу жайыбызда студенттердин сапаттуу билим алуусу үчүн заманбап инфаструктура, кенен окуу корпустары, анын ичинде лабораториялар, китепканалар, спорт залдар жана жатакана менен камсыз болгон. Ошондой эле  бардык түзүмдүк курамдарда техникалык каражаттар менен катар, окуу залдары жана электрондук китептер менен жабдылган китепканалар бар. Сырттан окуган студенттер көбүнчө электрондук китепкананы пайдаланып, керектүү китептерин буйрутма кылып окушат.

И. АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КМУДА БИЛИМ КҮНҮ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНДИОкуу жайыбыз аккредитациянын талаптарына толук жооп берет. Билим берүүнүн сапатына негизги көнүл бурулуп, студенттер жана профессордук-окутуучулар курамындагы академиялык мобилдүүлүк колго алынган.

Өлкөдөгү айрым адистиктердеги жумушчу кадрлардын тансыздыгын жоюу максатында университетте кош адистиктер ачылды. Кош адистикке болгон талап абдан жогору болду. Бул – бүтүрүүчү өзүнүн негизги адистигине жакын дагы бир экинчи адистикти алып чыгат дегенди билдирет. Мындай шарт университетти аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн жумуш менен камсыз болуусун жеңилдетет десек болот.

И. АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КМУДА БИЛИМ КҮНҮ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНДИ2023-жылы университетибизде «Дарылоо иши» билим берүү программасын окутуу максатында Медицина факультети  түзүлгөн. Факультетте медицина адистиги боюнча 5 жылдык окуу программаларында 12 жылдык орто билими бар чет элдик жарандар даярдалып, окутуу англис тилинде жүргүзүлөт. Окуу жайда чет элдик студенттерди окутуу үчүн талап кылынган бардык шарттар түзүлгөн. Студенттер материалдык-техникалык база, жашоого ынгайлуу жатакана менен камсыз болушат. Ошондой эле тилдик курстар уюштурулат. Медицина факультети Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан таанылган.

Мындан сырткары, быйыл Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунда Кыргыз-Кытай факультети ачылды. Ушул эле инститтутта КРнын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, профессор Шарыйпа Кадырова атындагы акыркы муундагы техникалык каражаттар менен жабдылган методикалык кабинет ачылды. Мында  студенттердин чет тилин өздөштүрүүсү үчүн дүйнөлүк тажрыйбадагы эн акыркы программалар жүктөлүп, бөтөн тилди тез, жеңил жана кызыктуу үйрөнүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Албетте мунун баары келечек муундун татыктуу билим алуусуна болгон аракеттер.

И. АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КМУДА БИЛИМ КҮНҮ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНДИБиздин университет жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердин элчиликтери менен дайыма тыгыз байланышта. Жалпысынан дүйнөнүн 90го жакын мамлекети менен, андагы алдынкы университеттер менен кызматташып келебиз.  Алардын ичинен Казакстан, Россия, Өзбекстан сыяктуу жакынкы чет мамлекеттер менен өтө тыгыз байланыштабыз.

Чет өлкөлүк жогорку окуу жайлар менен адистиктерге жараша институт, факультет жана кафедралардын ортосунда да келишимдер түзүлгөн. Алсак, университетибиздеги Педагогика жана психология институту Москва педагогикалык мамлекеттик университетинин өздөрүнө тектеш факультеттери менен биргеликте семинар, тренингдерди өткөрүп турушат. Мындан сырткары, академиялык мобилдүүлүк программасынын негизинде биздин жакшы окуган, алдыңкы студенттерибизди 1-2 семестрге чет өлкөлүк окуу жайларга билим алуу боюнча тажрыйба алмашууга жиберип турабыз. Академиялык мобилдүүлүк боюнча келишим түзүлгөн чет элдик окуу жайларда студенттер акысыз билим алып, жатакана менен камсыз болушат. Ошондой эле, чет өлкөлүк студенттер бизге келип окуй алышат,-деди окуу жайдын ректору, профессор Айгүл Абдраева.

И. АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КМУДА БИЛИМ КҮНҮ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНДИБыйылкы жаңы окуу жылыда дагы студенттерге педагогикалык курам жаңы технологияларды колдонуу менен сабак берүүсүнө шарт түзүлүп жатат. Окуу жай 2024-2025 окуу жылына 7000ге жакын абитуриентти кабыл алынды.

Кабыл Макешов,

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер