ХОРЕОГРАФИЯЛЫК ИСКУССТВО 12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ТУТУМУНУН ЭЛЕМЕНТИ
- 14.11.2025
- 0
Агартуу министрлиги Балдардын жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» улуттук борбору, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту менен бирдикте «Хореографиялык искусство 12 жылдык билим берүү тутумунун элементи катары: ден соолук, маданият жана руханий байлык. Кыргыз бийин сактоо жана өнүктүрүү» иш-чарасын “Сейтек” борборунун базасында 13-21-ноябрга чейин өткөрүүдө. Окууга жети облустан келген 65 катышуучу билимдерин жогорулатып жатат.

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» улуттук борборунун директорунун орун басары Айпери Кыдырованын берген маалыматына таянсак, мастер-класстын биринчи күнүндө тренингдин катышуучулары белгилүү балерина, балетмейстер, профессор, Кыргыз Республикасынын эл артисти, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Ч. Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын биринчи директору Рейна Чокоева менен таанышып, анын «Кыргызстанда балеттин жаралышы, алгачкы кыргыз балетмейстерлеринин ролу жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча коюлган алгачкы балеттик спектаклдер» тууралуу баалуу эскерүүлөрү менен бөлүштү.
— Биздин жетекчилер — Акыбаева А.К. жана Мельникова Л.А., концертмейстерлер Мудров Д.А. жана Колбасина К.Н. менен биргеликте классикалык бий боюнча таасирдүү мастер-класс өткөрүштү. Сабакта методикалык сунуштар жана практикалык көнүгүүлөр кеңири берилип, катышуучулар чоң таасир алышты. Тарбиялоо иштеринин алкагында катышуучулар М. Фрунзе атындагы музейге барышты. Алар тарыхый мурас жана маданий баалуулуктар менен жакындан таанышып келишти, — дейт Айпери Кыдырова.
Андан соң Ч.Базарбаев атындагы БХУнун бүтүрүүчүсү, Ташкент жана Душанбе опера жана балет театрларынын артисткасы, «КРнын маданиятынын мыктысы», «КРнын билим берүүсүнүн мыктысы» наамдарынын ээси, «Ариет» хореографиялык ансамблинин жетекчиси Л.А.Мельникова «Классикалык бийдин негиздери» тууралуу айтып берип, мастер-класс өттү.
Иш-чаранын экинчи күнү «Балдар бийи. Орус бийинин лексикасы. Орус бийинин коюлушу» тууралуу борбордун педагог-хореографы, «Улыбка» элдик үлгүлүү ансамблинин көркөм жетекчиси И.П. Соломко кызыктуу сабагын көрсөтүп, келгендерди кайдигер калтырган жок. Андан кийин «Балеттик гимнастика» боюнча А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын солисти, легендарлуу Б.Бейшеналиеванын окуучусу, Ч. Базарбаев атындагы БХУнун хореограф-окутуучусу М.Ш.Маженова тажрыйбасы менен бөлүштү.
— Бүгүн түштөн кийин борбордун сүрөтчү-декоратору, «Нарисуйка» студиясынын окутуучусу, «КРнын Маданиятынын мыктысы» «Музыкалык этюддардын көркөм интерпретациясы» (көргөзмөгө) темасында мастер-класс өткөрдү. Кийинки күндөрү «Дилгир» элдик ансамблинин жетекчиси Г.Ш.Шамыралиева «Элдик сахна бийи», окутуучу Максат Токтоналиев «Заманбап бийдин негиздери», «Сейтек» Ушу Кунфу мектебинин окутуучусу, КРнын салттуу ушу федерациясынын жооптуу катчысы Т.Б.Пак, Л.О.Серяковалар «Мугалимдер менен окуучулардын кесиптик жана чыгармачылык жактан өнүгүүсүндөгү чыгыштын салттуу тажрыйбалары (ушу-кунфу)» тууралуу элементтер менен бөлүшүп, мастер-класстарды көрсөтүшсө, борбордун директору Э.В. Латыпов «Кыргыз эл бийи: сактоо, өнүктүрүү, байытуу жана көчмөн цивилизациясынын элементтери», «Шаттык» элдик үлгүлүү бий ансамблинин жетекчиси С.Ж.Латыпова «Аралаш музыкалык өлчөмдөгү чыгармага балдар бийинин коюлушу («Күкүк»)» тууралуу айтып да, көрсөтүп да берди, — дейт орун басары.
Ошентип, республикалык кошумча билим берүү мекемелеринин флагманы аталган борбордо 21-ноябрга чейин өлкөнүн булуң-бурчунан келген хореографтар теориялык билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүп кетишмекчи.
Гүлнара АЛЫБАЕВА,
Салия Жылдызбек кызы,
Наргиза Даанаева, “Кут Билим”
Комментарийлер