“ГРАММАТИКАНЫ ЖАТТАТУУ ЭМЕС, АНЫ ТҮШҮНҮҮ ЖАНА КОЛДОНУУ”

  • 16.07.2025
  • 0

Мектеп программасында кыргыз тилинин сааттары эмнеге өзгөрүүдө?

Жаңы окуу жылында мектеп программасында кээ бир класстарда кыргыз тилин окутуунун көлөмүндө өзгөрүүлөр болду. Кыргыз Билим берүү академиясынын окумуштуусу, педагогика илимдеринин доктору, профессор Сулайман Рысбаев бул өзгөрүүлөр окуу жүктөмүн заман талабына ылайык оптималдаштыруу максатында болгонун билдирди.

Бүгүнкү күндө дүйнө тынымсыз өзгөрүүдө. Технология, коом, маалымат агымы жаңы багытка түшүп, адамзаттын жашоо образы да өзгөрүлүүдө. Мындай шартта билим берүү системасы да эски ыкмалар менен жашай албайт. Демек, билим берүү мекемелери, мугалимдер жана ата-энелер заман талабына жооп берген жаңы муунду тарбиялоого багыт алышы шарт.

“Ар бир элдин келечеги анын балдарынын билими менен өлчөнөт. Кыргыз баласы кыргыз бойдон калып, тилин, маданиятын, рухий дүйнөсүн сакташы керек. Ошону менен катар дүйнөлүк технологияны өздөштүрүп, глобалдык деңгээлде ой жүгүртө билген инсан болушу — бүгүнкү күндүн негизги талабы”,-дейт профессор.

“ГРАММАТИКАНЫ ЖАТТАТУУ ЭМЕС, АНЫ ТҮШҮНҮҮ ЖАНА КОЛДОНУУ”

Мына ушундай максатта билим берүү тармагында олуттуу өзгөрүүлөр башталды. Ар бир сабактын, анын ичинде кыргыз тилинин орду жана мазмуну заманбап талаптарга ылайык кайра каралууда.

Жаңы окуу жылынан тарта жалпы билим берүү мекемелеринин окуу пландары өзгөртүлдү. Жүктөмдөрдү азайтуу аркылуу окуучулардын өз алдынча өнүгүүсүнө көбүрөөк шарт түзүү көздөлүүдө.

* 11-класста жалпы жүктөм 30 сааттан 29 саатка кыскартылды.

* 5-класста 28 сааттан 27 саатка азайды.

“Мындай өзгөрүү бир караганда терс көрүнүш катары кабылданышы мүмкүн. Бирок негизги максат — саат санын азайтуу эмес, билимдин сапатын арттыруу. Окуучуну буйрукчул билим берүүдөн арылтып, өз алдынча ой жүгүртүүгө, сүйлөөгө, анализдөөгө үйрөтүү негизги багыт болуп жатат”,-деди Сулайман Рысбаев.

“Кыргыз тили сабагынын мазмунунда чоң өзгөрүү болду. Эми грамматиканы жаттатуу эмес, аны түшүнүү жана колдонуу аркылуу баланын логикалык, сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү — негизги максат. Маселен, мурда сын атоочту же тактоочту теориялык негизде окутуу маанилүү болсо, эми бул темаларды сүрөттөө, баяндоо жана жазуу аркылуу өздөштүрүүгө көңүл бурулууда. Билим — жаттоо эмес, түшүнүү жана колдоно билүү”.

«5-9-класстарда окууу материалы грамматикадан кепке деген технология кирди. Анда мурдагы байланыштуу кеп менен грамматиканын материалдары аралашып интеграцияланды. 9-10-11-класстарда тескерисинче тексттин грамматикасына деген технология киргизилди».

Жаңы окуу жылынан тарта Кыргызстанда жаңы улуттук модель киргизиле баштайт. Мурдагы даярдоо классы биринчи класс болуп аталып, 6 жаштагы балдар мектепке бара баштайт. Даярдоо классынан окугандар дароо экинчи класска көчөт.

Ал эми 10–11–12-класстар профилдик негизде билим ала баштайт. Айрыкча гуманитардык багытта:

* «Манас таануу» сабагына атайын 2 саат берилет;

* Адабият сабагынын сааттары көбөйөт;

* Кыргыз тилинде жазуу, сүйлөө жана түшүндүрүү көндүмдөрүн өрчүтүүгө өзгөчө маани берилет;

* 11-класста акын-жазуучулардын өмүр баянын жаттоо эмес, адабий-эстетикалык көз карашты калыптандыруу каралууда.

Жаңы окуу планы жашоо талабына ылайыкташкан ийкемдүү, заманбап билим системасы. Билим берүү — бир жолу бекитилген программа менен иштей турган эмес, күнүмдүк жашоого ылайык өзгөрүп туруучу процесстин өзү. Кыргызча сүйлөй алган, ой жүгүртө алган, аналитикалык кабылдоосу күчтүү, дүйнө менен атаандаша алган инсанды тарбиялоо.

“Билим — бул сан эмес, сапат. Саат аз болгону менен, методика туура тандалса, билим сапаты жогору болот. Демек, бүгүнкү мугалимдин, коомдун жана ата-эненин алдында турган негизги максат — баланын келечеги үчүн жаңыча ойлонуп, жаңыча иш алып баруу”-дейт профессор.

Бурулкан КЕНЖЕБЕКОВА, “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер