GOOGLE МЕКТЕБИ –ЗАМАНБАП ОКУУНУН ҮЛГҮСҮ

  • 16.01.2025
  • 0

Бишкек шаарындагы № 35 орто мектеби 100 хромбукка ээ болду. Ал мектеп окуучулары менен педагогдордун санариптик сабаттуулугун жогорулатууга, инновациялык технологияларды пайдалануу аркылуу окуу процессин жакшыртууга, азыркы стандарттарга дал келген санариптик билим берүү чөйрөсүн түзүүгө өбөлгө түзөт.  Себеби аталган окуу жай бардык зарыл жабдуулар менен жабдыла турган алгачкы пилоттук  Google мектеби катары тандалган.

GOOGLE МЕКТЕБИ –ЗАМАНБАП ОКУУНУН ҮЛГҮСҮ

Билим берүү жана илим министрлиги Google компаниясы менен кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюп, анын алкагында Кыргызстанда Google мектептерин ишке киргизүү пландаштырылган. Пилоттук долбоордун негизги максаты – Google санариптик билим берүү көнүмдөрүнүн билим берүүнүн сапатына тийгизген таасирин изилдөө.

GOOGLE МЕКТЕБИ –ЗАМАНБАП ОКУУНУН ҮЛГҮСҮ

Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева Google долбооруна пилоттук мектеп атайын сынактын негизинде тандалып алынгандыгын белгиледи. Айтымында, мектептеги жогорку класстын окуучуларынын саны 350дөн ашпоосу керек эле. Ал эми №35 мектебинин директору IT адиси болгондуктан, окуу жайда IT көндүмдөрүн билүү жогорку көрсөткүчтө. Мектепте хромбук аркылуу иштегенге шарт түзүлүп, интернеттин сапаты жакшыртылып, техникалык жабдуулар менен жабдылды.

GOOGLE МЕКТЕБИ –ЗАМАНБАП ОКУУНУН ҮЛГҮСҮ

 

 

  • Долбоордун алкагында 6-класстан жогорку окуучулар Google системасы менен иштеген жеке хромбуктар менен камсыз болуп, мугалимдер менен интернет аркылуу баарлашууга мүмкүнчүлүк алышат. Хромбуктар абдан коопсуз, ичинде вирустары жок. Дүйнө жүзүнүн 70пайыз мектеп окуучулары ушундай хромбуктарды пайдаланышат. Хромбуктун негизги өзгөчөлүгү –борборлоштурулган башкаруу аркылуу көзөмөлдөнгөнүндө. Окуучу кандай материалдарды колдонуп же жүктөп жаткандыгын мугалим өзү көзөмөлдөй алат ж.б. Ар бир окуучу жеке хромбугуна ээ болсо, 1-11-класска чейин өз дивайсын колдонууга болот, — деди.

GOOGLE МЕКТЕБИ –ЗАМАНБАП ОКУУНУН ҮЛГҮСҮ

Долбоор үчүн зарыл болгон 100 хромбукту Fujian Centerm Information Co., Ltd расмий өкүлү, “Бишкек ЭЭМ заводу” ЖЧК өткөрүп берди. Бишкек электрондук эсептөө машиналары заводунун башкы директору Аман Абдылдаевдун айтымында, хромбуктардын 90у окуучуларга арналса, калганы мугалимдер үчүн чыгарылган. Хромбуктар он сааттан ашык убакыт автономдук режимде иштейт. Баасы башка ноутбуктарга салыштырмалуу арзан, сапаты да жакшы. Маселен, мугалимдер үчүн хромбуктун баасы 410, окуучулардыкы 285АКШ доллардан. Эгерде бардык мектептерде хромбук колдонуу керек болсо, эки айдын ичинде Кыргызстанда хромбук чыгарган өндүрүш ачууга мүмкүнчүлүгү бар. Ар бир мугалимде окуучуларга заманбап технологиянын жардамында сабак өтүүгө мүмкүнчүлүк жаралат.

GOOGLE МЕКТЕБИ –ЗАМАНБАП ОКУУНУН ҮЛГҮСҮ

Google Кыргызстандагы долбоорунун расмий координатору болуп “MUGALIM” компаниясы табылган. Аталган компаниянын мүдүрү Айсулуу Жамангулованын пикиринде, 2024-жылдын август айынан баштап долбоор боюнча иш жүрүүдө. Бул убакыт аралыгында мектепти лизенция, гаджеттер менен камсыз кылуу менен бирге хромбуктарды колдонуу эрежелери боюнча мугалимдер менен окуучуларга тренинг өткөрүлдү. Эми мектептеги окуу процесси санарип форматка өткөрүлөт. Долбоордун жыйынтыгында, мугалимдерге кандай таасир этти, алардын билим сапаты жогоруладыбы, окутуу иштерине арналган убакыты азайдыбы деген сыяктуу суроолордун үстүндө изилдөө жүргүзүлөт.

  • Мектеп окуучулары менен мугалимдери хромбуктарды жана Google билим берүү көндүмдөрүн натыйжалуу пайдалануу үчүн зарыл болгон окуудан өтүштү. Окуучулардын жетишкендигин жогорулатууну жана мектеп процесстерин санариптештирүүнү кошо алганда, пилоттун натыйжалары ийгиликтүү болгон учурда Билим берүү жана илим министрлиги демилгени өлкөнүн башка мектептерине жайылтуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү пландаштырат, – деди “MUGALIM” компаниясынын директору.

GOOGLE МЕКТЕБИ –ЗАМАНБАП ОКУУНУН ҮЛГҮСҮ

№ 35 мектептин директору Руслан Сабыровдун айтымында, долбоорго 6-11-класска чейинки 300гө жакын окуучу жана отуз мугалим тартылды.  Мугалимдер окуу жылынан башында жана кышкы каникул учурунда, ал эми окуучулар декабрь айында окуудан өтүштү. Жети класста хромбуктар үчүн атайын ячейкалары бар шкафтар жасалган. Окуучулар сабактан кийин өзүнө тиешелүү ячейкаларга салып кетип турушат. Заманбап технология окуучулар үчүн маалыматтын таасирдүү болуусуна мүмкүнчүлүк түзөт.

GOOGLE МЕКТЕБИ –ЗАМАНБАП ОКУУНУН ҮЛГҮСҮ

Сегиз жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келе жаткан Каныкей Кулкөбөнова тарых, Адам жана коом, Диндердин өнүгүү тарыхы сабактарынан билим берет. Буга чейин Mickosoft Word PowerPoint  программалары менен иштесе, эки жумалык тренингден кийин Google презентация, документ, календарларды колдонууда. Азыркы заманбап технологияларды окуучулар бат эле өздөштүрүүдө.

 

  • “Covid -19» учурунда онлайн сабактарды өтүү үчүн Google платформасын колдонуп, ошондо мүмкүнчүлүктөрүн көргөм. Тренингден дагы да тереңирээк өздөштүрдүм. Эми жумушчу дептерлерди, тесттерди, электрондук түрдө жасалма интелектти даярдап жатам. Окуучуларга да кызыктуу болуп жатат, бир күндүк тренингден кийин эле хромбукту жакшы кабыл алышты. Хромбуктардын жардамында окуучулардын билим деңгээли дагы жогорулайт деген ойдомун, — дейт мугалим.

GOOGLE МЕКТЕБИ –ЗАМАНБАП ОКУУНУН ҮЛГҮСҮ

IT тармагына көптөн бери кызыгуусу артып жүргөн 7-«Б» классынын окуучусу Азатбек Исмаилов үчүн билим уясынын Google мектеби катары тандалып алынганы чоң кубаныч алып келди. Келечектеги программист болуу кыялын ишке ашырууга чоң мүмкүнчүлүк түзүлдү. Тренингден Google программасынын көптөгөн сырларын өздөштүрө алганын, жаңы программалар менен таанышканын айткан окуучу хромбуктар менен сабактары кызыктуу болот деген ойдо.

 

 

 

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”  

Бөлүшүү

Комментарийлер