ГЕНДЕРДИК ЗОМБУЛУККА КАРШЫ АКЦИЯ

  • 04.12.2024
  • 0

Кыргызстанда аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун алдын алууга жана жоюуга чакырган 16 күндүк гендердик зомбулукка каршы активдүүлүк акциясы жүрүүдө.

ГЕНДЕРДИК ЗОМБУЛУККА КАРШЫ АКЦИЯ

Статистикалык маалыматтарга караганда, 2020-жылы 21 аял, 2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда бир нече аял үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан каза тапты.

Акциянын алкагында зомбулуктун бардык түрлөрүн токтотуу жана жоюу максатында Курманжан Датка атындагы Көчмөн Цивилизация Борборунда совет доорунун көрүнүктүү режиссеру Динара Асановага арналган “Динара Асанова — убакыт жана мейкиндиктен сырткары кино” көргөзмөсү ачылды.

Көргөзмө режиссердун жашоосу жана чыгармачылыгындагы негизги учурларды камтыйт.

Динара Асанованын көркөм тасмалары жаш муунду эресеге жеткирүү маселелерин көтөрүп, көйгөйлүү өспүрүмдөрдүн оор турмушун, дүйнөгө болгон көз карашын чеберчилик менен экрандаштырган.

Көргөзмөгө Шайыбек Ата айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, Өрнөк жана Чоң-Сары-Ой орто мектебинин соцпедагогдору жана окуучулар катышып,  музейдин илимий бөлүм башчысы Мадимарова Эркайым жана Кайымбек кызы Алия баяндамада көрүүчүлөрдү Динара Асанованын режиссердук стили менен тааныштырып, соңунда «Пацаны» көркөм тасмасы көрсөтүлдү.

Келгиле, аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту токтотуу үчүн биригели жана социалдык тармактарда гендердик зомбулукка каршы туруу үчүн бизге кошулуп, акцияны колдойлу.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер