ГЕНДЕРДИК КЕСИП ТАНДОО МАШАКАТЫ
- 06.06.2024
- 0
Ошентип дагы бир окуу жылы аяктады. Ушу тапта 100 миң бала мектеп босогосун артта калтырып, чоң турмушка аттанды. Эми алардын алдында баштагыдан кем эмес, өмүр бою кармана турган, бийик тутуп жан бага турган өздөрүнө ылайык кесип тандоо милдети турат. Тандап жатат. Бул өтө олуттуу маселе. Кыргызстанда болжол менен 150 кесип бар, анын ичинде 40 кесипти тандагандар арбын: тигүүчү, конструктор, дизайнер, куруучу, ширетүүчү, айтоочу, энергетик ж.б.лар. Бул тизмек катып калган нерсе эмес, учур талабына жараша алымча-кошумчасы менен өзгөрүп турушу мүмкүн. Бирок ар бир жаш адамдын алдында гендердик кесип тандоо машакаты кала берет окшойт. Анткени, ал маселени маал-маалы менен кайра козгоп, кылдан кыйкым издеген, ага астыртан саясий боёк сүрткүсү келген немелер четтен чыгат. Ошого кайрылалы…
Адегенде эле айта кетчү нерсе: Кыргызстанда аялдар үчүн мыйзамдуу тыюу салынган кесиптердин тизмеси бар! Муну көп жаштар, алтургай «көптү көрдүм – көптү билем» деген адамдар деле жакындан жакшы биле бербейт, билсе деле билмесенге салат же аны анчалык этибарга албайт. Бул бизге мүнөздүү нерсе.
Биз билгенден, ал бизге эсил совет доорунан калган мурас. 1978-жылы СССРде оор жана катаал шарттар, кооптуу жагдайлар, ден соолукка зыяндуулук коштолгон өндүрүштөрдүн, кесиптердин, жумуштардын тизмеси кабыл алынып, анда аялдардын иштөөсүнө тыюу салынат. Тизмеде 456 кесиптин тизмеги камтылган. Мурдагы СССР курамына кирген мамлекеттер тарабынан ал тизме кийин кыйла кыскартылган же таптакыр четке кагылган. Ал эми Кыргызстанда аялдар үчүн 446 кесипте иштөөгө тыюу салынат. Алардын арасында биздин шартка туура келбеген кесиптер да бар экен.
Совет мамлекети социалдык багыттагы мамлекет болгон, эгемен Кыргызстан дагы социалдык мамлекет. Демек, мамлекет аялдар менен балдарды коргоого, жетим-жесирлер менен кары-картаңдарды колдоого, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн абалын оңдоого милдеттүү. Албетте, жаштарга кесиптик билим жана кесип тандоого багыт берүү, болочок кадрларды даярдоо, аларды жумуш орундары менен камсыз кылуу, иштөө шарттарын жакшыртуу чараларынан мамлекет же анын тармактык органдары четте калбайт, алтургай алардын түздөн-түз милдети десек да болот.
Статистикалык маалыматтарга караганда, Кыргызстан калкынын (7 млн 37 миң адамдын) 49,5 пайызын эркектер, 50,5 пайызын аялдар түзөт. Ушу тапта Эмгек министрлиги жаштарга кесип тандоо жаатында жакындан жардам берүүдө. Анын алкагында эмгек рыногунда талабы күч 125 кесипке даярдоонун кыска мөөнөттүү 3 айлык курсунан өтүп, туруктуу жумушка орношсо болот.
Тоо-кен тармагынын ачык-айкындуулук демилгеси боюнча байкоочу кеңештин мүчөсү Назик Иманбекова тоо-кен жумуштарына байланыштуу бир топ кесиптерге тыюу салынганын айтат. «Тизмеде Кыргызстанда тоо-кен, транспорт, тамак-аш сындуу тармактардагы жогорку эмгек акы төлөнүүчү кесиптерге тыюу салынган. Болбосо биздин аялдар анда иштеп, көбүрөөк акча тапмак. Тилекке каршы, аялдардын катары билим алуу этабында эле суюлуп калууда. Ата-энелер кыздары кийин жумуш табуудан кыйналып калат деп ойлойт. Бул туура эмес көз караш», — дейт ал.
Ал эми медиаэксперт Алия Мамбеталиева андан бери көп кесиптер кооптуулугу жагынан татаал же кооптуу болбой калганын, ошондуктан ал тизмени жоюп салуу керектигин баса белгилейт. «Азыр технология кескин өркүндөп, жумуш шарты кыйла жакшырды. Биз аталган тизмени жокко чыгаруу тууралуу сөз кылганда, барыдан мурда гендердик теңчилиги жөнүндө айтып жатабыз. Эркектер сыяктуу эле, аялдар андай жумушта иштейби-жокпу – өздөрү чечет, туурабы? Азыркы учурда Эмгек кодексинин жаңы редакциясы иштелип чыкты. Ал долбоордо айрым жумуш түрлөрүндө боюнда бар жана жаш балалуу аялдардын иштөөсүнө гана тыюу салынган. Демек, мында жылыш бар», — деп кубанат ал.
Эми, бул шакылдап алакан чаба турган, какылдап бүткүл өлкөгө жар сала турган деле жосун эмес. Аялдардын иштөөсүнө тыюу салынган кесиптердин мындай тизмеси айрым өнүккөн өлкөлөрдө деле бар. Эгер илимий изилдөөлөрдүн корутундусуна ылайык, эрезеге жетелек балдар менен аялдардын өмүрүнө кооптуу болсо же ден соолугуна зыяндуу деп табылса, аялдын репродуктивдүүлүгүнө терс таасирин тийгизсе, мыйзамдуу түрдө алардын айрым бир укуктарын чектей алат же тыюу салат. Мамлекет – ошон үчүн мамлекет да!
Бул жерде биржаңсыл феминисттик демарш жасоонун кереги жок, илимий негизге таянуу зарыл. Ал тизме жок жерден чыга калган нерсе эмес, көптөгөн илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгы десек, аныбыз аша чапкандык эмес. Ырас, азыр алдыңкы технологиялар өркүндөп, жумуш шарты кыйла жакшырды. Ал тизмеден Кыргызстанда жок жана анын шатына ылайык келбеген айрым жумуш түрлөрүн алып салса болот. Албетте, бул жерде иштөө шарты жакшырган кесиптерди да караштырып көрүү керек. Бирок тизменин өзүн таптакыр жоюп салууга болбойт.
Биринчиден, аялдар менен эркектер бири-биринен генетикалык, биологиялык, физикалык, физиологиялык, психикалык, психологиялык, репродуктивдүүлүк жактан кыйла айырмаланат. Улуттук генофодду сактай турган, уланта турган дагы дал ошол аялзаты болуп саналат. Ошон үчүн «Дени сак бала – дени сак өлкө!» деп жатпайбызбы. Демек, муну «Дени сак эне – дени сак өлкө!» катары түшүсөк да болот.
Экинчиден, жогорку эмгек акы төлөнгөн тоо-кен тармагында аялдар деле иштесе жакшы болмок. А бирок, ал жерде аялдардын иштеши өтө кыйын. Тоо-кен казган же кендерди ылгай турган ишканалар шарты катаал алыскы, бийик тоолуу, жайы-кышы суук аймактарда жайгашкан. Жумушчулар менен адистер 15-30 күндүк вахталык усул менен узартылган мөөнөттө иштейт. Элестетип көргүлө, аял кишинин жалаң жалаңдаган эркектердин арасында күндөп-түндөп, апталап-айлап жүргөнүн.
Үчүнчүдөн, «Үй-бүлө – кичи мамлекет» деп коёбуз, калетсиз сөз. «Вахталык усулдун» кесепети ички-тышкы эмгек миграциясында жүргөн аялдардын турмушунан эле ачык-айкын көрүнүп турбайбы: боздогон эне, бозоргон бала, бузулган бүлө, кор болгон уулдар, зордолгон кыздар… Кыскасы, эптеп жан багуунун айласы тура. Узак жылдар бою тоо-кен тармагында иштеген тажрыйбалуу адистер муну жакшы түшүнөт, жатык билет. Ачыгын айтканда, кыз балдардын андай жумушка орношуусу кыйын.
Төртүнчүдөн, баласынын келечек тагдыры үчүн күйүп-бышкан ата-энелерди деле түшүсө болот. Нечен кылым элегинен тайгылбай өткөн «Элдик кодекс» деген жарыктык бар, аны дароо эле четке сүрүп сала албайсың. Элдик кодекс же Улуттук нарк мыйзамы бүгүн кабыл алынып, эки күн иштеп, анан кайра оңдолуп жаткан мыйзамдардын баарынан жогору турат.
Ошентип, «Аялзат жүрөгү – тынчтык түнөгү!» же «Аялзат тилеги – дүйнө тиреги!» деп бекеринен айтылбаса керек. Өлкө турмушунда кыргыз аялдарынын өз орду бар, алтургай, аялзаттын андагы ролу өзгөчө десек болот. Биздин – алакандай кыргыздын генефондун сактап турган, нактап турган, тактап турган, андан ары уланта турган дагы дал ошолор!
Аял жылмайса – аалам жылмаят! Кылымдар кыйырын кырча басып келаткан кыргыз эли эзелтеден эле аялзатын кастарлап сыйлаган журт. Аялзат биз үчүн – мээрман эне, асылкеч жар, камбыл эже, күйүмдүү карындаш, жароокер кыз! Дал ушундай улуу касиетин улут катары сакталып, калыптанып, өнүгүп жатканыбыздын бирден-бир өбөлгөсү катары бааласак болот.
Ошондуктан, кимдир бирөөгө доомат артпай, акараат келтирбей, сөз чындыгын аркы-терки буйтактатпай, чоң турмуш жолуна жаңыдан аттанып жаткан кыз балдардын өздөрүнө ылайык кесип тандап, жумушка орношуусуна кеңири жол ачуу керек. Ансыз болбойт!
Кемел Белек, «Кут Билим»
Комментарийлер