ГАПЫР МАДАМИНОВ: «ЭНЕЛЕР ОКУМАЙЫН, БАЛДАР ОКУБАЙТ»

  • 09.12.2022
  • 0

Кыргыз улуттук университетинин  студенттери Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов менен жолугушту.

ГАПЫР МАДАМИНОВ: "ЭНЕЛЕР ОКУМАЙЫН, БАЛДАР ОКУБАЙТ"

Билим неге сиңимдүү эмес?

2022-жылдын 29-ноябрында математика жана информатика факультетинин студенттери Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов менен жолукту. Тарбия иштери боюнча декандын орун басары Бактияр Рахманкуловдун жана инсандык өнүгүү багытындагы «Коом — сен жана мен» клубунун демилгеси менен «Инсан таануу» программасынын алкагында өткөрүлгөн иш-чарада  Гапыр агай көп жылдык эмгек жолунда окуучулар менен студенттердин жан дили менен окубагандыгынын себептерин, ата-энелердин көзөмөлүнүн балага тийгизген таасирин, мугалимдердин берген билиминин сиңбей жатышы тууралуу маселелердин үстүндө изденип, талыкпаган тажрыйбасынын негизинде «Ата-эне окумайын, бала окубайт», «Акыл эмгегинин маданияты», «Ата-энелер сиздер үчүн», «Ой-өрүшү – кругозор «, «Устаттык өнөр» ж.б. эмгектеринин баалуулугу, пайдалуулугу тууралуу студенттерге кызыктуу маек куруп, өзү иштеп чыккан формуласы менен аудиторияны жандантты.

Алыскы аймакта жайгашканына карабастан, Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка-Максат айылындагы 3-эксперименталдык гимназиянын бүтүрүүчүлөрү ЖРТдан жакшы балл алып (орточо көрсөткүч 173 балл), ЖОЖдорго тапшыруу жыйынтыктары боюнча шаардын алдыңкы мектептери менен тең катар болгонунун себептерине токтолуп, атайын «Жайкы олимпиадалык мектеп» иштеп тургандыгын баса белгилеп, гимназияда жалпы мугалимдер менен биргеликте «Энелер мектебин» уюштуруу  аркылуу ата-энелерди бала тарбиялоого тартып, үй-бүлөдө энелер балдардын тарбиясы менен алектенип, 60 сааттык программа менен энелер «Энелер мектебинде» окутулуп, жыйынтыгында экзамен, атайын сынактарды тапшырып, бала тарбиясы, билим баалуулугу тууралуу маалымат алгандыгынын натыйжасы экендигин баяндап берди.

Акыл эмгеги арасат болбосун

Анын «Акыл эмгегинин маданияты” деген автордук сабагы аркылуу балдарды билим алууга үйрөтө турган, эң башкысы балдарды тажатпай, азыркы  маалымат доорунда информациянын баары балдардын башына батпай, ошол үчүн алардын окугусу келбегенин түшүндүрүп берди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Бактияр Рахманкулов Гапыр агайды буга чейин да таанып-билгенин, анын ишмердүүлүгү тууралуу, Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка-Максат айылындагы 3-эксперименталдык гимназиянын директору, педагогикалык илимдердин кандидаты, элдин ардактуу атуулу Гапыр агайдын четки айылга гимназия ачып, талыкпай билимин берип келгенин, Тажикстанга чектеш айыл болгондуктан, каргашалуу окуя болгон күнү да эл айылды таштап кеткенде Гапыр агай айылын таштап кетпегенин,  анткени өзү маңдай-тери менен негиздеген 3-эксперименталдык гимназия ал үчүн ыйык жер болуп калганын, эки күн бою тажиктер өрттөп салбасын деп мектепти кайтарып отурганын айтып берди.

Бахтияр Рахманкулов өз сөзүндө мындай улуу инсан менен жолугушуу, баарлашуу зор сыймык экендигин баса белгиледи. Жөн жерден коомчулук тарабынан Гапыр агайга «Бүгүнкүнүн Дүйшөнү», «Эл мугалими», «Элеттик илимпоз», «Лейлектин Геродоту», «Биздин Макаренко», «Кыргыздын Сухомлинскийи» деген наамдар эчак берилип, сыймыктануу менен айтылып келерине токтолду. Агайдын элинин келечегине жан дили менен күйүп-жанып, өмүр жолу ары татаал, ары түйшүктүү илим-билим дүйнөсүнө сүңгүп кирип, өз кесибине ашкере берилген улуу педагог агайыбыз менен дайыма сыймыктанып, агайдан үлгү алуу керектигин өзгөчө эскертип өттү.

Президенттин Жарлыгына ылайык өткөн элдик курултайда Баткен облусунан делегат болуп келип, чек ара көйгөйүн көтөрүп, чек ара тилкелерине жакын айылдардын тургундары көчүп жатканын, миграциянын алдын алуу, чечүү үчүн сунушун айтып, Лейлек районундагы Айкөл, Козубаглан, Саркент дарыяларынан канал аркылуу суу сактагычтары курулса, он миң гектар жерлерди өздөштүрүү менен тургундардын туруктуу жашап калышына шарт түзсө болорун тастыктаган баалуу пикирлерин да унутта калтырган жок.

Мындан сырткары агайдын шакирти, котормочу, окутуучу, бизнес-тренер, эл аралык соода тармагы боюнча адис Зарина Макен айым да студенттерге мастер-класс өтүп, жолугушуу жогорку деңгээлде болду. Студенттер эң баалуу, эң керектүү кеңештерди угуп, маалыматтар менен таанышып, пайдалуу иш-чара болгонун жашырган жок. Мындан ары жолугушууларды да онлайн форматта МИТ аркылуу уюштуруу пландаштырылып, ал эми кийинки жолугушууну университеттин деңгээлинде өткөрүү максаты менен жыйынтыкталды.

Фархад Назарбаев,   окутуу иштери боюнча декандын орун басары

Бөлүшүү

Комментарийлер