ФУТБОЛДОН КЫРГЫЗСТАНДЫН КУРАМАСЫ МАЛАЙЗИЯ МЕНЕН ТЕҢ ЧЫКТЫ

  • 06.06.2024
  • 0

ФУТБОЛДОН КЫРГЫЗСТАНДЫН КУРАМАСЫ МАЛАЙЗИЯ МЕНЕН ТЕҢ ЧЫКТЫБүгүн, 6-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатына талапкерлери  тандоо беттешүүлөрүнүн “Д” тобундагы 5-турунун оюндары өттү.

90 мүнөттүк оюндун жыйынтыгында 1:1 эсеби менен эки команда  тең чыгуу менен аяктады. Иорданиялык башкы калыс 7 мүнөт кошумча убакыт берсе дагы кыргызстандык футболчулар эсепти өзгөртө алышкан жок. Биринчи таймдын  24-мүнөтүндө чабуулчу Гүлжигит Алыкулов эсепти ачса, 39-мүнөттө малайзиялык чабуулчу тепкен топту Кыргыз курама командасынын капитаны Валерий Кичин башы менен сыртка сүзөм деп Эржан Токотаевдин дарбазасына киргизип алды.

ФУТБОЛДОН КЫРГЫЗСТАНДЫН КУРАМАСЫ МАЛАЙЗИЯ МЕНЕН ТЕҢ ЧЫКТЫКыргызстандын  курма командасын  Президент Садыр Жапаров, Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев баштаган өлкө жетекчилери сүрөөнгө алып, колдоп турушту.

Ошентип бешинчи турунун жыйынтыгы менен Кыргызстан курамасы 10 упай топтоп, экинчи квалификациялык беттештердин бүтөөрүнө бир тур калганда өз тайпасындагы турнирдик таблицада 2-орунга жайгашты. Учурда Малайзияда 8 упай бар. Бул тайпадагы дагы бир беттеште Оман өлкөсүнүн курма командасы конокто Кытай Тайбэйин футболчуларын 3:0 эсебинде жеңип, 13 упай менен топ башына чыкты.

Тандоонун экинчи этабынын акыркы 6-турунда Кыргызстандын курама командасы конокто Оман менен беттешет. Бул чечүүчү оюн 11-июнда болот.

Кабыл Макешов,

спорттук баяндамачы, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер