ФУТБОЛДОН КЫРГЫЗСТАН ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНЫН ТАНДАП АЛУУ ОЮНДАРЫНЫН КИЙИНКИ ТУРУНА ӨТТҮ

  • 12.06.2024
  • 0

ФУТБОЛДОН КЫРГЫЗСТАН ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНЫН ТАНДАП АЛУУ ОЮНДАРЫНЫН КИЙИНКИ ТУРУНА ӨТТҮФутбол: Кыргызстан командасы  Оман өлкөсүнүн командасы менен тең чыгып, дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын кийинки туруна өттү.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Омандын футболчулары менен 1:1 эсебинде тең чыкты. Оюн 11-июнда Омандын Маскат шаарындагы «Султан Кабус» стадионунда  болду.

ФУТБОЛДОН КЫРГЫЗСТАН ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНЫН ТАНДАП АЛУУ ОЮНДАРЫНЫН КИЙИНКИ ТУРУНА ӨТТҮОюндун 19-мүнөтүндө Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү, Россиянын “Чайка” командасынын жарым коргоочусу Элдияр Зарыпбеков Кыргызстан курамасынын курамында дебюттук голун киргизип, эсепти ачты. Командалар тыныгууга 1:0 эсебинде Стефан Таркович таптаган Кыргызстандын командасынын пайдасына чыгышты.

ФУТБОЛДОН КЫРГЫЗСТАН ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНЫН ТАНДАП АЛУУ ОЮНДАРЫНЫН КИЙИНКИ ТУРУНА ӨТТҮЭкинчи таймдагы 57-мүнөттө оюндагы эсеп теңелди. Кыргыз курама командасынын дарбазачысы Эржан Токотаев топту өз дарбазасына киргизип алды. Беттештин акыркы эсеби 1:1 тең чыгуу менен Оманга артыкчылык берди.

6-июнда Бишкекте Кыргыз курама командасы Малайзия менен беттешип, анда дагы эсеп 1:1 тең чыгуу менен аяктаган.  Биринчи таймдын  24-мүнөтүндө чабуулчу Гүлжигит Алыкулов эсепти ачса, 39-мүнөттө малайзиялык чабуулчу тепкен топту Кыргыз курама командасынын капитаны Валерий Кичин башы менен сыртка сүзөм деп Эржан Токотаевдин дарбазасына киргизип алган.

Ошентип, беттешүүлөрдүн жыйынтыгында, Кыргызстандын курамасы 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-туруна өтүп, 2027-жылы боло турган Азия кубогуна жолдомо алды.

ФУТБОЛДОН КЫРГЫЗСТАН ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНЫН ТАНДАП АЛУУ ОЮНДАРЫНЫН КИЙИНКИ ТУРУНА ӨТТҮ2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарында Кыргызстан “D”тайпасына Кытай Тайбэйи, Малайзия жана Оман курамалары менен жайгашып, мөрөй талашты.

Тайпада 13 упай топтогон Оман биринчи, 11 упай менен Кыргызстан экинчи орун менен дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-туруна өттү. Малайзияда 10 упай бар. Кытай Тайбэйи бир да упай алган жок.

ФУТБОЛДОН КЫРГЫЗСТАН ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНЫН ТАНДАП АЛУУ ОЮНДАРЫНЫН КИЙИНКИ ТУРУНА ӨТТҮДүйнө чемпионатынын 3-туруна жана 2027-жылы боло турган Азия кубогуна тайпадан биринчи жана экинчи орунду алган курамалар чыкты. Алар: Австралия, Бахрейн, Иран,Ирак,Жапония, Иордания, Оман, Палестина,Катар,Сауд Аравия, Түштүк Корея,Бириккен Араб Эмираттары, Өзбекстан,Кытай,Индонезия, Корея Демократиялык Республика,Кувейт жана Кыргыз Республикасы.

2027-жылы  футбол боюнча Азия Кубогу Сауд Аравияда өтөт. Кыргыз Республикасынын курама командасы үчүн катары менен үчүнчү ирет катышып жатат. 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында кыргызстандык футболчулар 1/8 финалга чыкса, 2024-жылы Катар өлкөсүндө өткөн Азия Кубогунда тайпадан чыга албай калган.

2026-жылкы Дүйнө чемпиондугуна тандоонун 3-турунда 18 команда беттешип, ар бири 6 командадан 3 тайпага бөлүнөт. 10 турдун жыйынтыгы менен ар бир тайпадан эки мыкты команда Дүйнө чемпионатына жолдомо алышат. Ал эми тайпаларда 3-4-орундарды ээлеген командалар төртүнчү таймашта 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына жолдомо үчүн күрөштү улантып, дагы мыктылары иргелет.

Тандоонун 3-турунун биринчи турунун беттештери 5-сентябрга белгиленген. 2024-жылы командалар 6 оюн өткөрүшсө, калган 4 оюн 2025-жылдын март-июнь айларында болмокчу.

ФУТБОЛДОН КЫРГЫЗСТАН ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНЫН ТАНДАП АЛУУ ОЮНДАРЫНЫН КИЙИНКИ ТУРУНА ӨТТҮАр бир тайпада 5-6-орундарды ээлеген эң начар эки команда 2026-жылкы Дүйнө чемпионатына мыктыларды тандоо мелдештерине катышуу үчүн күрөштү жыйынтыктайт. 2026-жылы дүйнө чемпионаты АКШнын, Мексиканын жана Канаданын 16 шаарында өтөт жана ага дүйнө жүзүнөн биринчи жолу 48 курама команда катышат. Бул мелдешке тандоо оюндары 2023-жылдын сентябрь айында башталган. 2026-жылдын март айында жыйынтыкталат.

Азиядан сегиз команда дүйнө чемпионатына жолдомо алат. Тандоо оюндары беш этаптан турат. Мында 36 курама тогуз тайпага бөлүнүп ойнойт. Тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген 18 команда кийинки баскычка жана 2027-жылы өтө турган Азия Кубогуна жолдомо алат.

Кабыл Макешов,

спорттук баяндамачы, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер