ФУТБОЛДОН 2034-ЖЫЛКЫ ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫ САУД АРАВИЯДА ӨТӨТ
- 12.12.2024
- 0
Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) конгресси 2030- жана 2034-жылдары футбол боюнча дүйнө чемпионаттарын өткөрүү боюнча чечим кабыл алды.
2030-жылдагы дүйнө чемпионаты биринчи жолу алты өлкөдө — Испания, Португалия, Марокко, Уругвай, Аргентина жана Парагвайда өтөт. Дүйнөлүк чемпионат 1930-жылы Уругвайда өткөн биринчи дүйнөлүк чемпионаттын 100 жылдык мааракесине карата Түштүк Америкада башталат. Ачылыш оюну Монтевидеодо шаарында өтөт. Ошондой эле Аргентина менен Парагвай өлкөлөрүнүн борборлорунда бирден оюн болмокчу.
Дүйнө чемпионатынын негизги таймашуулары Испания, Португалия жана Марокко мамлекеттеринде өтөт. Дүйнө чемпиондугун Марокконун алты шаары (Агадир, Касабланка, Фес, Марракеш, Рабат, Танжер), Португалияда эки (Лиссабон жана Порту) жана Испанияда тогуз шаары (Ла-Корунья, Барселона, Бильбао, Лас-Пальмас, Мадрид, Малага, Сан-Франциско, Себастьян, Севилья, Сарагоса) кабыл алат.
ФИФА 2034-жылкы Дүйнө чемпионатын кышында Сауд Арабияда өткөрүү чечимин кабыл алды.
2026-жылдагы дүйнө чемпионаты АКШ, Мексика жана Канадада өтөт. Тарыхта биринчи жолу турнирде 48 команда күч сынашат. Бул мурдакы салттуу форматка караганда 16га көп дегенди билдирет. Оюндун ачылышы 11-июнга, финалдык беттешүү 19-июлга белгиленген.
Кабыл Макешов,
спорттук баяндамачы, «Кут Билим»
Комментарийлер