ФУТБОЛ: КЫРГЫЗСТАН КЫТАЙ ТАЙБЭЙИН 5:1 МЕНЕН УТТУ

  • 27.03.2024
  • 0

ФУТБОЛ: КЫРГЫЗСТАН КЫТАЙ ТАЙБЭЙИН 5:1 МЕНЕН УТТУ26-март күнү кечинде Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы Борбордук стадиондо кыргызстандык футбол күйөрмандарын сүйүнткөн мелдешке күбө болдук.  Футбол боюнча 2026-жылы АКШнын, Мексиканын жана Канаданын 16 шаарында өтө турган Дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында  Кыргызстандын курамасы Кытайдын Тайбэй командасы менен беттешти.

Беттешти өлкөбүздүн Президенти Садыр Жапаров менен  Кыргыз Футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев да көрүп, команданы сүрөөнгө алып турушту.

Биринчи тайм:  Кожонун үч голу!

Бахрейндик калыс Махфуд Аммардын оюнду баштоо үчүн  ышкырыгы жаңыраары менен Кыргызстандын командасы күйөрмандардын бүйүрүн кызытып,  ачык чабуулга өтүп, үстөмдүк кыла баштады.

Бирок сегизинчи мүнөттө коноктор чабуулдун мизин кайтарып, топту өз дарбазасынан алыстатып, 10-мүнөттө эсепти ачуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарышты. Бурчтан тебилген топту биздин дарбазачыбыз Эржан Токотаев чеберчилигин көрсөтүп,  кыргызстандыктарды гол киргизүүдөн сактап калды.

Бирок кыргызстандык футбтолчулар 17-мүнөттө бурчтан чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушуп, ыңгайлуу учурду  колдон чыгарышкан жок. Эрбол Атабаев тээп берген топту чабуулчу Кожо Жоэл атаандаштардын дарбазасына таамай багыттап, эсепти ачты.ФУТБОЛ: КЫРГЫЗСТАН КЫТАЙ ТАЙБЭЙИН 5:1 МЕНЕН УТТУ

29-мүнөттө экинчи голду чабуулчу Гүлжигит Алыкулов киргизишүү ыңгайын колдон чыгарды. Ал коноктун коргоочусун укмуштай шамдагайлык менен алдап кеткени менен, бирок анын күчтүү соккусунан кийин топту Кытайдын Тайбэй курама командасынын дарбазачысы тосуп алды.

Антсе да кыргызстандыктар биринчи таймда атаандаштарынын шайын кетирип, чабуулга өтүп турушту. Жыйынтыгында  38-мүнөттө команданын капитаны Валерий Кичиндин капталдан берген тобун чабуулчу Кожо Жоэл тосуп, атаандаштардын дарбазасына таамай киргизип, эсепти 2:0 кылды.  Анан дагы  45-мүнөттө  жердиги ганалык Кожо Жоэл  хет-трик жасап,үчүнчү топту дарбазага узатып, бул беттешүүнүн каарманына айланды. Ошентип биринчи тайм 3:0 эсебинде Кыргызстандын курамасынын артыкчылыгы менен аяктады.

Экинчи тайм: Кыргыз футболчуларынын үстөмдүгү

Беттешүүнүн  52-мүнөттө кыргызстандык футболчулар эсепти дагы жогорулата алмак. Чабуулчу Гүлжигит Алыкуловдун тепкен тобун атаандаштардын коргоочусу  дарбазага киргени калганда тосуп калды.

76-мүнөттө Кожонун ордуна оюнга кирген жарым коргоочу Эрнист Батырканов  ага берилген топту бир метр аралыктан бош дарбазага гол киргизе албай, шашып кетип, өйдө тээп, күйөрмандарды нааразы кылды. Беттешүүнүн 79- мүнөтүндө Кыргыз курама командасы төртүнчү голду киргизүү менен стадионду шаңга бөлөдү. Атаандаштардын дарбазасынан төртүнчү топту алууга кыргызстандык чабуулчу  Кристиан Браузман мажбурлады.

ФУТБОЛ: КЫРГЫЗСТАН КЫТАЙ ТАЙБЭЙИН 5:1 МЕНЕН УТТУОшентип эсеп 4:0 болуп турган чакта 85-мүнөттө биздин команданын дарбазачыбыз Эржан Токотаев өз айып аянтчасында топко чуркап чыгып, Кытай Тайбэй курама командасынын чабуулчусун түртүп жыгып, эрежени одоно бузуп алды. Натыйжада Бахрейндик башкы калыс пенальти жекеме -жеке топ тебүүнү аныктады. Тайбэйлик  Ву Ен-Шу пенальтинин ийгиликтүү аткарып, анын тепкен тобун Эржан Токотаев тосо албай калып, эсеп 4:1 болду.

ФУТБОЛ: КЫРГЫЗСТАН КЫТАЙ ТАЙБЭЙИН 5:1 МЕНЕН УТТУБеттешүүнүн акыркы мүнөттөрүндө биздин жигиттердин чабуулу жыйынтык берип, Ахмедов көтөрө тепкен чабуулчу Кими Мерк башы менен атаандаштардын дарбазасына таамай сүзүп киргизип, 5:1 эсебинде Кыргызстандын жеңишин бекемдеп койду.

Ошентип Кыргызстан “D” тайпасында Кытайдын Тайбэйин жеңилип, 9 упайга ээ болду. Футболчуларды колдоо үчүн стадионго 13 миңден ашык күйөрман келди.

Оюн аяктагандан кийин мамлекет башчы команданын кийим алмаштыруучу жайына барып, оюнчуларды жеңиши менен куттуктады.

Садыр Жапаров футболчулардын даярдыгын, машыктыруучулардын эмгегин жогору баалап, күйөрмандарга жагымдуу маанай тартуулаганы үчүн ыраазычылык билдирди.

ФУТБОЛ: КЫРГЫЗСТАН КЫТАЙ ТАЙБЭЙИН 5:1 МЕНЕН УТТУПрезидент улуттук курама команда мындан ары да эл аралык мелдештерде ийгиликтерди багындыра беришин каалады. Ал эми Президентин айтымында, мамлекет спортчуларга ар тараптуу колдоо көрсөтөт.

ФУТБОЛ: КЫРГЫЗСТАН КЫТАЙ ТАЙБЭЙИН 5:1 МЕНЕН УТТУЭскерте кетсек, бул командалардын 21-мартта Каосюнг шаарындагы (Кытай Тайбэйи) Нанци стадионунда өткөн биринчи беттеши 2:0 эсебинде Кыргызстандын командасынын пайдасына аяктаган. Мында голдорду Валерий Кичин (пенальти) жана Кай Мерк киргизген. Анын үстүнө 24-мүнөттөн баштап кыргызстандыктар он киши менен ойноп, эрежени бузгандыктан кызыл кагаз алуу менен Саид Дациев оюндан четтетилген.

2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарында Кыргызстан “D” тайпасында Кытай Тайбэйи, Малайзия жана Оман курамалары менен беттешип жатат. Ар бир команда атаандашы менен өз талаасында жана конокто беттешүүлөрдү өткөрүүдө.

Малайзия — Оман — 0:2

Белгилей кетсек, 26-мартта биздин “D” тайпасында дагы бир беттеш жыйынтыкталды.  Малайзиянын курама командасы Куала-Лумпур шаарында Оман курама командасын кабыл алып, 0:2 эсебинде утулуп калды.

Бул беттешүүнүн биринчи таймдын аягында омандык Омар Мохаммед Рашид Аль-Малки пенальтиден гол киргизсе, беттештин негизги убактысына кошулган 4-мүнөттө дагы омандык Мохаммед Аль Гафри экинчи голду киргизген.

Жыйынтыгында “D” тайпасында Кыргызстан менен Оман командалары алдыда (9 упай), Малайзияда 6 упайы бар. Ал эми Кытайдын Тайбэйинде азырынча бир дагы упай жок

ФУТБОЛ: КЫРГЫЗСТАН КЫТАЙ ТАЙБЭЙИН 5:1 МЕНЕН УТТУБешинчи жана алтынчы турдун беттештери 6- жана 11-июнда болот.

Бул тайпанын бешинчи турдун беттештери 6-июнда (Кыргызстан – Малайзия жана Кытай Тайбэй – Оман), алтынчы тур – 11-июнда (Оман – Кыргызстан жана Малайзия – Кытай Тайпейи) өтөт.

11-июнда алты турдун жыйынтыгы менен 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугуна тандоонун кийинки туруна өтүп, 2027-жылкы Азия кубогунун финалдык туруна жолдомо алган эки команда дагы аныкталат.

Кыргызстан буга чейин 2023-жылдын 16-ноябрында Куала-Лумпурда Малайзияга 3:4 эсебинде жеңилсе, 21-ноябрда Бишкекте Оман командасын 1:0 эсебинде жеңген. Төрт оюндан кийин Кыргызстан 9 упай менен D тайпасында алдыда келе жатат. 2-орунда Оман (9 упай), 3-орунда Малайзия (6 упай) жайгашса, бир дагы жеңишке жете элек Кытай Тайбэйи 4-орунда келе жатат.

2026-жылы дүйнө чемпионаты АКШнын, Мексиканын жана Канаданын 16 шаарында өтөт жана ага биринчи жолу 48 курама команда катышат. Бул мелдешке тандоо оюндары 2023-жылдын сентябрь айында башталган. 2026-жылдын март айында жыйынтыкталат.

Азиядан сегиз команда дүйнө чемпионатына жолдомо алат. Тандоо оюндары беш этаптан турат. Кыргызстан курама командасы экинчи этаптан мелдешке катышып жатат. Мында 36 курама тогуз тайпага бөлүнүп ойнойт. Тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген 18 команда кийинки баскычка жана 2027-жылы өтө турган Азия Кубогуна жолдомо алат.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер