ФУТБОЛ ЕВРО -2024: БҮГҮН БИРИНЧИ ТУР ЖЫЙЫНТЫКТАЛАТ

  • 18.06.2024
  • 0

Бүгүн, 18-июнда ЕВРО-2024 чемпионатында Түркия менен Грузия, Португалия менен Чехия курама командаларынын беттешүүлөрү болот.

ФУТБОЛ ЕВРО -2024: БҮГҮН БИРИНЧИ ТУР ЖЫЙЫНТЫКТАЛАТКечээ 17-июнда футбол боюнча Европа чемпионатынын үч беттешүүсү Румыния, Словения жана Франциянын жеңиши менен аяктады.

Кечээки беттешүүлөрдүн жыйынтыктары төмөнкүдөй болду.

ФУТБОЛ ЕВРО -2024: БҮГҮН БИРИНЧИ ТУР ЖЫЙЫНТЫКТАЛАТРумыния Украинанын эсин оодарды

«Е» тайпасынын алгачкы оюнунда украиналыктар Румыниянын курама командасы менен беттешип, 0:3 эсебинде утулуп калышты.

Украинанын курама командасы бул беттешүүдө аракет кылганы менен майнап чыгара алган жок. Бирок, башкы устат Сергей Ребровдун командасы үчүн азырынча жыйынтык чыгаруу али эрте. Бул беттеште Украина курамасы эң сонун ойноду. Аларга ылдамдык жана командалык биримдик жетишпей жатканы байкалды. Менимче, алар кийинки оюндарда каталыктарын талдоого алышып, Ребров абалды оңдойт деп ишенем.

Биринчи таймда  украиналык Андрей Луниндин катасынан пайдаланып эсепти  румыниялык Николае Станчуу ачып, тыныгуудан кийин экинчи таймда Разван Марин менен Денис Драгус Румыниянын жеңишин камсыздап койду.

Экинчи турда Украина Словакия менен 21-июнда, Румыния 23-июнга караган түнү Бельгия менен ойнойт.

“Е” тайпасы, 1-тур, Румыния — Украина — 3:0 (1:0)

Гол киргизгендер: Николае Стансиу, 29 мин. (1:0), Разван Марин, 53 мин. (2:0), Денис Драгус, 57 мин. (3:0)

ФУТБОЛ ЕВРО -2024: БҮГҮН БИРИНЧИ ТУР ЖЫЙЫНТЫКТАЛАТСловакиянын Бельгияны жеңиши сенсация болду

Дүйшөмбү күнү Бельгия курама командасы  Словакияга 0:1 эсебинде утулуп, күйөрмандарын капа кылып койду. Бельгиялыктар атаандашынын дарбазасына көптөгөн кооптуу мүмкүнчүлүктөрдү жаратканы менен  гол киргизе алышкан жок. Белгиялык Ромелу Лукаку топту эки жолу атаандашынын дарбазасына киргизгени менен бирок биринчисинде офсайд деп табылса, экинчисинде чабуул учурунда Лукакуга топту узаткан Луис Опенданын колу  топко тийип, эреже бузганы үчүн эсепке алынган жок. Топтун ичинде секундасына 500 жолу тийгенди жаза турган сенсор бар. Дал ушул сенсор үн толкунун бир аз тийгенди аныктоого жардам берген. Бул заманбап футболдун жетишкендиги.

“Е” тайпасы,1-тур, Бельгия — Словакия — 0:1 (0:1)

Гол: Иван Шрантс, 7 мин. (0:1)

ФУТБОЛ ЕВРО -2024: БҮГҮН БИРИНЧИ ТУР ЖЫЙЫНТЫКТАЛАТ

Австриянын автоголу Францияны жеңишке жеткирди, Мбаппе  жаракат алды

Кечээ түнү Европа чемпионатында дагы бир оюн күнү аяктады. Дүйшөмбү күнкү үчүнчү беттеште Франция курамасы Австрияны 1:0 эсебинде утуп алды. Килиан Мбаппенин оңдон атаандаштарынын дарбазасын көздөй тепкен тобун  Максимилиан Вёбер башы менен талаа сыртына карай сүзөм дегени этиятсыздык болуп өз дарбазасына кирип кетти.  Бул беттештин мыкты оюнчусу Мбаппе эмес, жарым коргоочу Н’Голо Канте болду. Бул футболчу  оюн талаасында айырмаланып, чеберчилигин көрсөтүү менен 11,8 километр аралыкты чуркап, пас берүүнүн тактыгы боюнча 92 пайыз  көрсөткүчтү жаратты.  Эске салсак, франциялык чабуулчу Килиан Мбаппе оюндун аягында мурдунан катуу жаракат алып калды. Башы менен сокку узатууга аракет кылган Мбаппе атаандашынын ийнин мурду менен катуу сүзүп алды. Натыйжада анын мурдунан кан кетип, оюн талаасын таштап кетүүгө аргасыз болду. Сыягы, Мбаппенин мурду сынып кетиши мүмкүн, аны ооруканага алып кетишти. Бул жагдайды эске алганда Франция курамасынын жылдыз аталган бул чабуулчу 21-июнда кийинки Голландия менен беттешүүгө катышпай калышы дагы ыктымал.

Тайпалык баскычтын 2-турунда 21-июнда Голландия Франция менен, ал эми Польша Австрия менен беттешет.

“D” тайпасы,1-тур, Австрия — Франция — 0:1 (0:1)

Автогол:  Максимилиан Вобер, 38 мин. (0:1)

Учурдагы Европа чемпиону 2021-жылы турнирди уткан Италия командасы болуп саналат.  Европа чемпиондугун Германия менен Испания  үч ирет уткан.  Турнирди эки жолу Италия жана Франция жеңип алган. СССР, Португалия, Чехословакия, Голландия, Дания, Греция командалары бир жолудан бул континенттин чемпиону болушкан.

17-ирет өтүп жаткан турнир Германиянын 10 шаарында 24 команданын катышуусунда курч мүнөздө өтүп жатат.

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер