ФУТБОЛ EURO 2024: БҮГҮН АНГЛИЯ МЕНЕН ГОЛЛАНДИЯ БЕТТЕШЕТ

  • 16.06.2024
  • 0

ФУТБОЛ EURO 2024: БҮГҮН АНГЛИЯ МЕНЕН ГОЛЛАНДИЯ БЕТТЕШЕТКүн өткөн сайын футбол боюнча Европа чемпионатынын беттешүүлөрү курчуп, атаандаштык күч алып, кызыктуу оюндар болууда.  Бүгүн, 16-июнда жана 17-июнга карган түнү турнирдин алкагында кезектеги 3 беттешүү болмокчу.

“С” жана “D” тайпаларында биринчи турдун беттештери дагы курч мүнөздө өтчүдөй. Буга чейин “А” жана “В” тайпаларында биринчи тур оюндары өтүп, анда Германия, Швейцария, Испания жана Италия жеңиштерге жетип, ар бири 3 упайга ээ болушкан.

Бүгүнкү, 16-июндагы  оюндардын жадыбалы төмөнкүдөй:

19:00 Польша — Голландия

22:00 Словения — Дания

17-июнга караган түнү 01:00 Сербия – Англия

Футбол боюнча улуттук курама командалардын Германияда өтүп жаткан Европа чемпионатындагы кечээ 15-июндагы беттешүүлөрдүн жыйынтыктары төмөнкүдөй болду.

ФУТБОЛ EURO 2024: БҮГҮН АНГЛИЯ МЕНЕН ГОЛЛАНДИЯ БЕТТЕШЕТШвейцария Венгрияны утуп алды

Германиянын Кельн шаарындагы «Рейн-Энержи» стадионунда тайпалык этаптын 1-турунун алкагындагы беттеште швейцариялыктар Венгрия курамасы менен беттешип, 3:1 эсебинде жеңишке жетишти.

19-июнда 2-турда немистер Венгрия менен беттешсе, Шотландия Швейцария менен мөрөй талашат.

“А” тобу, 1-тур, Венгрия — Швейцария — 1:3 (0:2)

Гол киргизген футболчулар : Дуа, 12 мин. (0:1), Эбишер, 45 мин. (0:2), Варга, 66 мин. (0:3), Эмболо, пенальтиден 93 мин. (1:3)

ФУТБОЛ EURO 2024: БҮГҮН АНГЛИЯ МЕНЕН ГОЛЛАНДИЯ БЕТТЕШЕТИспания  Хорватиянын  3:0 эсебинде утту

15-июнда Берлин шаарында “В” тайпасынын 1-турунун беттеши өтүп, оюн 3:0 эсебинде испаниялык команданын ири жеңиши менен аяктады. Алар биринчи таймда эле оюндун тагдырын чечип, атаандаштарынын дарбазасына 3 топ киргизип коюшту.  Хорваттардын духу түшүп, жакшы оюн көрсөтө алышкан жок. Беттешүүнүн сексенинчи мүнөтүндө алар атаандаштарынын дарбазасына гол киргизиши мүмкүн болчу. Тилекке каршы айып аянтында  жекеме жеке пенальтини Бруно Петкович  аткара албай арманда калды.

Эми экинчи турда Испания 20-июнда Италия менен ойносо, Хорватия Албания менен беттешет.

“В” тайпасы, 1-тур, Испания — Хорватия — 3:0 (3:0)

Гол киргизген испаниялыктар: Альваро Мората, 29 мин. (1:0), Фабиан Руис, 32 мин. (2:0), Дани Карвахаль, 45+2 мин. (3:0)

ФУТБОЛ EURO 2024: БҮГҮН АНГЛИЯ МЕНЕН ГОЛЛАНДИЯ БЕТТЕШЕТУчурдагы Европа чемпиону Италия  Албанияны араң жеңди

Турнирдин тайпалык баскычынын 1-турунун алкагындагы беттеште италиялыктар Албания менен беттешип, 2:1 эсебинде жеңишке жетишти.

Албаниялык Недим Байрами оюндун 22-секундасында эле эсепти ачып, Европа чемпионаттарынын тарыхында эң тез гол киргизди. Буга чейин бул рекорд Россия курама командасынын оюнчусу Дмитрий Буликинге таандык болчу.   2004-жылы ЕВРО-2004 мелдешинде орусиялык футболчу Грециянын курама командасына 67 секундада гол киргизген.

Италия биринчи таймда Албаниянын дарбазасына эки гол киргизип, 2:1 эсебинде жеңишин сактап, алгачкы 3 упайдын ээси болду. Бул беттешүү курч мүнөзү, атаандаштыгы менен айырмаланды.

Экинчи турда хорваттар Албания менен, ал эми Италия курама командасы Испания менен күч сынашат.

“В” тобу  1-тур, Албания — Италия — 1:2 (1:2)

Гол киргизгендер: албаниялык Недим Байрами, 22 секунд. (1:0), италиялыктар: Алессандро Бастони, 11мин. (1:1), Николо Барелла, 16 мин. (1:2)

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер