Францияга студенттер аралык алмашуу программаларын кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү каралды

  • 23.09.2024
  • 0

23-сентябрда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Франция Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николя Фай менен жолукту.

Францияга студенттер аралык алмашуу  программаларын кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү каралды

Жолугушууда Кыргызстандын окуу жайларында француз тилин өнүктүрүү, студенттер менен алмашуу жана стипендиялык программаларды кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү каралды. Ошондой эле эле Францияда билим алып жаткан кыргызстандык студенттердин санын эки эсеге көбөйтүү керектигин белгилеп өттү.

Догдуркүл Кендирбаева билим берүү тармагында Европа Биримдиги менен кызматташуу маанилүү экендигине токтолду. Өзгөчө Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы  байланыштарды кеңейтүүнү  баса белгилеп кетти. Андан тышкары Эразмус+ программасы студенттерге, мугалимдерге  академиялык мобилдүүлүккө жана биргелешкен долбоорлорго катышууга мүмкүнчүлүк бере турганын айтты.

Элчи Николя Фай болсо өз сөзүндө француз тилин окутуунун деңгээлин жогорулатууга жана тилди үйрөнүп жаткан студенттердин санын көбөйтүүгө кызыкдар экенин айтып, Францияда билим алуу үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк катары “Эл үмүтү” программасынын маанилүүлүгүн белгиледи.

Эскерте кетсек, бул элчинин Кыргыз Республикасынын Президенти менен жолугушуусунан кийинки министрликке болгон биринчи иш сапары.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер