ФОЛЬКЛОРДУК МУЗЫКАГА ШЫКТАНДЫРДЫ

  • 29.02.2024
  • 0

Борбор калаабызда бала бакчалардын музыка сабагынын жетекчилери үчүн семинар болуп өттү. Аны Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы уюштурду.

Бишкек шаарынын Октябрь районундагы №127 балдарды өнүктүрүү борборунда музыка сабагынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн семинар “Фольклордук музыканын негизинде мектепке чейинки балдардын чыгармачылык активдүүлүгүн өнүктүрүү” деген теманы камтыды.

ФОЛЬКЛОРДУК МУЗЫКАГА ШЫКТАНДЫРДЫ

Ага борбор калаадагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 55 музыкалык жетекчиси катышты.

Семинар музыка мугалимдерине усулдук жардам жана колдоо көрсөтүү, фольклордун негизинде мектепке чейинки курактагы балдардын музыкалык аспаптарда жана элдик оюндарда чыгармачылык активдүүлүгүн өнүктүрүү максатын камтыды.

ФОЛЬКЛОРДУК МУЗЫКАГА ШЫКТАНДЫРДЫ

Бөлүшүү

Комментарийлер