ФИНАНСЫЛЫК САБАТТУУЛУК БОЮНЧА ОЛИМПИАДА ӨТӨТ

  • 19.11.2024
  • 0

Билим берүү жаа илим министрлиги менен Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматынын Окуу борбору (МФЧК ОЦ) мектеп окуучулары үчүн Финансылык коопсуздук боюнча республикалык олимпиаданы уюштуруу жана өткөрүү боюнча биргелешкен иштерди жыл башынан бери аткарып келатат. 2024-жылдын 25-ноябрынан 7-декабрына чейин Бишкек шаарынын мамлекеттик мектептеринин 9-10-11-класстарынын окуучулары үчүн олимпиада өтөт.

ФИНАНСЫЛЫК САБАТТУУЛУК БОЮНЧА ОЛИМПИАДА ӨТӨТ

Билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Алымкан Мырзалиеванын берген маалыматына таясак, олимпиаданын максаты – финансылык коопсуздук маселелери боюнча укуктук, финансылык жана маалыматтык сабаттуулукту жогорулатуу.

        Иш-чараларды ишке ашырууга даярдануунун алкагында, 2024-жылдын 31-октябрында Олимпиаданын уюштуруу комитетинин биринчи жыйыны өткөрүлүп, анда Олимпиаданы 2025-жылдын башында өткөрүү боюнча сунуш колдоого алынды. Олимпиада 2 этапта өткөрүлөт. Тандоо туру 2024-жылдын 25-29-ноябрында онлайн форматта, ал эми финалдык этап 7-декабрда Кыргыз-Орус Славян университетинде (КРСУ) офлайн форматта өтөт. Тандоо этабы «Содружество» платформасында (https://sodrujestvo.org/) жүргүзүлөт. Бул үчүн бардык окуучулар платформага катталып, тестирлөөдөн өтүшү керек, анын жыйынтыгында эң мыкты 300 окуучу (9-10-11-класстардан 100 катышуучу) финалдык этапка чакырылат, — дейт А.Мырзалиева.

Финалдык этап 2024-жылдын 7-декабрында офлайн форматта өткөрүлөт.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер