ФИНАНСИСТТЕРДИ ОКУТКАН ОКУУ БОРБОРУ

  • 10.07.2023
  • 0

ФИНАНСИСТТЕРДИ ОКУТКАН ОКУУ БОРБОРУ

1978-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз ССРинин Финансы министрлигинин коллегиясынын чечими менен финансы жана камсыздандыруу органдарынын кызматкерлеринин билимин жогорулатуу үчүн Республикалык окуу курсу ачылган.

Бул Республикалык окуу курсу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 3-мартындагы №75 токтому жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2001-жылдын 12-майындагы буйругу менен Республикалык квалификацияны жогорулатуучу окуу курсу материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана статусун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору (мындан ары – Окуу борбору) болуп өзгөртүлгөн. 2023-жылы Окуу борборуна 45 жыл болду.

Окуу борбору Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмү болуп саналат.

Борбордун юридикалык дареги: 720040, Бишкек ш., Эркиндик бульвары, 58А., 6-кабат.

Окуу борбору 1978-жылдан ушул мезгилге чейин, мезгилдин өтүшү менен өсүп жана алмашып жаткан заманга ылайыкташып, мамлекеттик финансыларды башкаруу, коомдук сектордогу ички аудит, мамлекеттик башкаруу секторундагы бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук, казыналык системасында эсепке алууну автоматташтыруу, мамлекеттик сатып алууларды башкаруу, мамлекеттик инвестициялар жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун башкаруу багыттары боюнча КР Финансы министрлигинин, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо милдеттерин аткарып келет.

Кесиптик билимдерди жогорулатуу үчүн шарттарды жеңилдетүү максатында, Окуу борборунун Кыргызстандын Түштүк бөлүгүндө, (Ош жана Жалал-Абад шаарларында) эки окуу кабинети иштейт.

Заман талабынын жогорулашы менен, ааламдашуу процессинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун билимдерди жогорулатуу багыты боюнча дүйнөдөгү окуу борборлорунун арасында өз орду бар, б.а. Окуу борбору менен алыскы жана жакынкы чет мамлекеттердин Финансы министрликтеринин окуу борборлорунун ортосунда кызматташтык жүргүзүлүп турат. Мисалы, 2018-2023-жж. Австриянын Бириккен Вена институтунун (БВИ) Финансы министрликтерин окутуу маселелери боюнча директорлордун чогулушуна барып катышып, артыкчылыктуу багыттарды аныктап, тажрыйба бөлүшүп келет.

Илимий-усулдук базаны чыңдоо жана тажрыйба алмашуу максаты менен, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору Дүйнөлук банктын, Кыргыз Республикасындагы ЮСАИД долбоорунун, «Crown Agents» (Улуу Британия) компаниясынын Орто Азия боюнча аймактык бөлүмүнүн колдоосу менен, эл аралык деңгээлдеги илимий-практикалык конференцияларды, форумдарды жыл сайын өткөрүп келет.

Окуу борбору Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ардагерлер кеңеши менен тыгыз байланышта иш алып барат. Азыркы мезгилде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Асипов Салморбек. “Акылдуу карыя – агып жаткан дарыя” деген кыргыз макалындай, ишти туура нукта уюштуруу жана алып баруу үчүн, Окуу борбору дайыма Салморбек Асиповичтен ар кандай сунуш-пикирлерди сурап, кайрылат. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча пайдалуу кеңештерди алып турат. Мисалы, биз Ардагерлер кеңешинен Окуу борборунун 45 жылдык тарыхын камтыган кызыктуу материалдарды жандуу маектерди, сүрөттөрдү, кызыктуу эскерүүлөр менен ала алдык. Салморбек Асипович кызыктуу маегинде мындай дейт:

“Мен ал кезде Кыргыз ССРинин Финансы министрлигинин Социалдык тармакты каржылоо башкармалыгынын начальниги болуп иштеп тургамын. Финансы министри А.Токтоналиевдин тапшырмасынын негизинде, 1979-жылы Кыргыз ССРинин райондорундагы бюджет боюнча экономист-жетекчилери үчүн уюштурулган алгачкы Республикалык окуу курсуна мен да катышып калдым. Мындан кийинки бюджеттик система боюнча окуу курстары жылына бир жолу өткөрүлүп турду. Ал кездеги жетекчилер жана кызматкерлер бүгүнкү күндө финансыда жана экономикада изи калган тарыхый инсандар болуп калышты”.

Финансы министрлигинин Ардагерлер кеңешиндеги жана архивдеги сакталган материалдарга таянсак, 2019-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборун үч директор жетектеп келген:

Жалгасова Екатерина (1978-жылдан 1992-жылга чейин);

Омуралиев Кубанычбек (1992-жылдан 2012-жылга чейин);

Нурматова Жылдыз (2012-жылдан 2019-жылга чейин).

“Бир киши арык казса, миң киши суу ичет” демекчи, бул инсандар Окуу борборунун “баба дыйкандары” – ушул күнгө чейинки билим суусуна сугарылган миңдеген кызматкерлердин алкышын алган, тарыхын түптөгөн, эбегейсиз зор эмгегин сиңирген директорлор.

Окуу борборунун окутуучулук курамы сааттык төлөм шарты менен, окуу курстарына атайын тартылган илимий даражасы бар окумуштуулардан, эл аралык деңгээлдеги эксперттерден жана мамлекеттик органдардын тажрыйбалуу кызматкерлеринен түзүлөт. Алар конкурстук негизде тандалып алынат.

2019-жылдан азыркы мезгилге чейин Окуу борборун э.и.к., доцент Турдумамбетова Эрке жетектеп келе жатат. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунда 17 кызматкер эмгектенүүдө.

Н.Осмонова,
Окуу борборунун кадр маселеси боюнча
жетектөөчү адиси

Бөлүшүү

Комментарийлер