ЭЙЛЕР АТЫНДАГЫ ОЛИМПИАДАДА БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДАР КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАРДА
- 09.04.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын окуучулары 2026-жылдын 25–27-март күндөрү Алматы шаарында өткөн Эйлер атындагы XVIII эл аралык олимпиадада ийгиликтүү катышып, байгелүү орундарды багындырышты.

Олимпиаданын жыйынтыгында кыргызстандык команданын мүчөлөрү төмөнкүдөй жыйынтык көрсөтүштү:
— I даражадагы дипломду «Газпром Кыргызстан» мектебинин окуучусу Саят Арлан жеңип алды;
— II даражадагы дипломго International School of Kyrgyzstan (ISK) мектебинин окуучусу Абдувалиев Бектен ээ болду;
— III даражадагы дипломдор «Газпром Кыргызстан» мектебинин окуучусу Акимов Ариетке жана Купуев академиясынын окуучусу Иметов Алманбетке ыйгарылды.
Белгилей кетсек, Кыргызстандык окуучулар Эйлер атындагы олимпиадага 2019-жылдан бери туруктуу катышып келишет. Бул аралыкта команданын көрсөткүчтөрү жыл сайын жогорулап, эл аралык аренадагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү бекемделүүдө.
2026-жылы олимпиаданын тандоо этаптарына жалпысынан 181 окуучу катышкан. Алардын ичинен 74ү экинчи этапка өтсө, эң мыкты деп табылган 9 окуучу финалдык баскычта өлкө намысын коргошту. Ар бир этапта катышуучуларга 8ден 10го чейин татаал жазуу жүзүндөгү математикалык маселелер сунушталган.
Финалдык турда кыргызстандык окуучулар жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөтүп, ар бири кеминде үчтөн маселени ийгиликтүү чыгара алышкан.
Команданын жетекчиси — Жолдубай уулу Бекжол.
Бул жетишкендиктер кыргызстандык окуучулардын математика багытындагы потенциалы жогору экенин жана өлкөдө билим берүүнүн сапаты акырындык менен өсүп жатканын дагы бир жолу тастыктап турат.
Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”
Комментарийлер