ЭВОЛЮЦИЯЛЫК ОКУУ КУДАЙГА КАРШЫ ЭМЕС
- 09.09.2023
- 0
Дин менен диний эмес көз караштардын, тийиштүү чөйрөлөрдүн айырмасы бар, албетте. Буларды чаташтырбай, ар биринин чегин, ордун сактоо зарыл, бирок эч качан бири-бирине кескин каршы койбоо керек. Тескерисинче, наадандыктын чаӊ-туманына чулганып калбоо үчүн, коомдогу биримдикти, ынтымакты бекемдөө үчүн бул чөйрөлөрдүн тутумдашуучу кырларын көрө билип, көз караштардын ар түрдүүлүгүн сыйлаганга көнүшүбүз кажет.
Бүгүн биология илиминдеги эволюция теориясы менен жандуу-жансыздын баарын, бүткүл дүйнөнү, ааламды (ааламдарды) бүт бойдон Кудай жараткан деген диний түшүнүктү катар коюп кароо мүмкүнчүлүгү жөнүндө сөз кылалы.
Дарвин атеист болгонбу?
Эволюциялык окуунун негиздөөчүсү деп таанылган Чарльз Дарвин атеист эмес, агностик болгону жөнүндө маалымат бар. Жок, ал деист болгон дегендер да кездешет.
Атеисттер кудай жок деп эсептешет. Агностиктер Жараткандын барлыгын жокко чыгарбайт, бирок эч кайсы динди жактабайт. Теисттер – сөздүн кеӊири маанисинде кудайдын (кудайлардын) бар экенине ишенгендер (политеисттер, монотеисттер, деисттер). Политеисттер –кудайлар көп дегендер. Монотеисттер – Жараткан жалгыз деп билгендер. Деисттер Кудайды тааныйт, бирок табияттан сырт, мистикалуу түшүнүктөрдүн көпчүлүгүн жалган деп эсептешет.
Адам топурактан кандайча жаралган?
Дал ушул мистикалуу делген кубулуштарды илимий ачылыштардын негизинде акылга сыярлык чечмелегенге аракеттенгендер көп. Мисалы, Жер шарындагы жашоонун келип чыгышы жөнүндөгү гипотезалардын катарында топурактын химиялык курамын сөз кылгандар бар. Топурак же чопо жердеги минералдардын комбинациясы катары молекулалар менен химиялык заттардын реакциясы үчүн жагымдуу чөйрө болуп саналат. Бул процесстин жүрүшүндө химиялык заттар өз ара реакциялашып, белокторду, ДНК жана, акыр аягында, тирүү клеткаларды түзгөн болушу мүмкүн дешет айрым окумуштуулар.
ДНК сүрөтү алынган булак:
https://islamdag.ru/sites/default/files/img/2019/vseobislame/dnk01.jpg
Нью-Йорк штатындагы Корнелль университетинин наноилимдер факультетинин биоинженерлери “топурак Жер шарында жашоонун негизи болуп калган болушу ыктымал” деп эсептешет. Ырас, бул божомол миӊдеген жылдар бою айтылып, жазылып келатса да, илимий нукта далилдене элек.
Айтмакчы, “адам” деген сөз дүйнөдөгү көп тилдерде башка жаныбарлардан акыл-эстүүлүгү менен айырмаланган киши деп биз билген мааниде колдонулат. Түпкү мааниси “топурак” дегенди билдирет.
“Алты күн” канча жылга барабар?
Курандын “Худ” 11-сүрөөсүнүн 7-аятында: “Ар кимиӊердин жакшы амал кылышыӊарды сыноо үчүн асмандар менен жерди алты күндө жаратты, ошондо анын тактысы суу үстүндө турган”, — деп айтылат. Бул тууралуу “Фуссилат” сүрөөсүнүн 9-12-аяттарынан да окуйбуз.
Бирок биз билген 24 сааттык күн (сутка), б.а. Жер шары өз огунда бир ирет айланып чыккан убакыт менен Куранда айтылган күн бирдей эместиги көп ирет эскертилген. Мисалы, “Аль-хадж” сүрөөсүнүн 47-аятында жана “Аль-Мааридж” сүрөөсүнүн 4-аятында бул катыш 50 миӊге тете экендиги көрсөтүлгөн. Б.а. Кудай Жер менен жети кабат асманды жараткандагы алты күндүн ар бири 50 миӊ жылга барабар болуп чыгат.
Метафора, гипербола…
Ыйык Китептердеги көлөм, салмак, аралык ж.б. өлчөмдөрүн сөздүн түз маанисинде эмес, ишарат, кыйытуу, элестүү салыштыруу түрүндө кабылдоо керек, антпесе өтө үстүрт, тайыз түшүнүп алуу мүмкүн. Тийиштүү сандарды, алардын катышын математикалык жол менен так эсептелген көрсөткүч эмес, адам баласына кыйла жеткиликтүү болушу үчүн гана туюнтулган метафора катары кабыл алуу керек.
Эйнштейндин салыштырмалуулук теориясы Жер шарындагы менен космостогу мейкиндик жана мезгил кандай айырмаланарын чечмелейт эмеспи. Мезгилдин салыштырмалуулугу масса-энергиянын катышына жараша мезгил-мейкиндик кысыларын же жайылып-кеӊеерин түшүндүрөт.
Эйнштейнге чейин окумуштуулар ушул жагдайга жараша мезгил өзгөрүшү мүмкүн экенин билген эмес. Бул ачылыш физикада Нютондун мыйзамдарын тактап, толуктоого мүмкүнчүлүк берген. Дал ошол мезгилде Евклиддин тегиздик геометриясын Лобачевскийдин гиперболалык мейкиндик жана көп түрдүүлүк моделдери кескин түрдө кеӊейткен.
Ошентип, космостун/ааламдын, Жердин, андагы жандуу-жансыздын баарынын жаралуу процесси өтө узак мезгил аралыгында, эӊ татаал жолдор аркылуу өткөнүн эске алганда, Курандагы метафоралуу туюнтмалар илимдеги өзөктүү теорияларга каршы келбейт деп айтууга толук негиз бар.
Чоӊ жарылуу теориясы эмне дейт?
Чоӊ жарылуу болгон учурдан тартып галактикалардын пайда болушуна чейин да алты этап өткөн дешет. Жарылуу учуруна температура 12-14 триллион градусту түзсө, секунданын жүздөн бириндей убакытка созулган биринчи этапта температура жүз миллиард градуска чейин төмөндөгөн. Экинчи этапта (1/10 сек. өткөндө) – отуз млрд градуска чейин; үчүнчү этапта (жарылуудан бир секунда өткөндө) – он млрд градуска чейин; төртүнчү этапта (он төрт сек. өткөндө) – үч млрд градуска чейин; бешинчи этапта (отуз беш мүнөт өткөндө) – үч жүз млн градуска чейин; алтынчы этапта (700 000 жыл өткөндө) – беш миӊ градуска чейин төмөндөп, галактикалар пайда болгон дешет. Биздин ааламдын болжолдуу курагы жыйырма млрд жылга барабар экен.
(Бул макаладагы маалыматтардын бир бөлүгү төмөнкү булактан алынды: https://islam-today.ru/veroucenie/vopros-otvet/kak-pravilno-ponat-aat-my-sozdali-nebesa-i-zemlu-za-sest-dnej/)
Жолдош Турдубаев
Комментарийлер