ЭТИКАЛЫК КОДЕКСТЕР

  • 18.07.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министри окуучулар, мугалимдер, ата-энелер үчүн этикалык кодекс иштеп чыкты. Ал ар бир мектептин кире беришиине илинип турушу керек.

ОКУУЧУЛАРДЫН НАРК КОДЕКСИ:

  • Мен Айкөл Манастын урпагы катары ата-бабабыздын нарк-насааттарын урматтайм.
  • Мен чыныгы мекенчил катары Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, мамлекеттик символдорун сыйлайм.
  • Мен дүйнөдөгү эң байыркы элдердин урпагы катары өзүмдүн тарыхымды, каада-салтымды тилимди, асыл нарктарыбызды баалайм.
  • Мен ата-энемдин, мугалимдеримдин, классташтарымдын жана бардык мекендештеримдин укугун, кадыр-баркын сыйлайм,
  • Мен талыкпай окуп, изденип, чет тилдерди, санарип технологияларды, акыркы тажрыйбаларды үйрөнөм.
  • Мен адал эмгек менен гана баар таап, бакубат турмуш курууну максат кылам,
  • “Улууга-урмат, кичүүгө-ызат” демекчи, улуулардан үйрөнгөнүмдү кичүү муунга өткөрүп берүүгө милдеттенем.
  • Мен мектеп буюмдарын сарамжалдуу колдоном жана аярлуу окуучулардын коопсуздугуна кам көрөм,
  • Мен мектептин иш-чараларына жеке ыктыярым менен жигердүү катышам,
  • Мен жаратылышка, курчап турган чөйрөгө, жан-жаныбарларга аяр мамиле кылам,
  • Мен жан-дүйнөмдүн аруулугун, дене-бой тазалыгын сактап, мектебимдин жана бүтүндөй Кыргызстандын тазалыгы үчүн кам көрөм,
  • Менин жетишкендиктерим менен ата-энем, мугалимдерим жана сүйүктүү сыймыктанышы үчүн бардык аракетимди жумшайм.

 

МУГАЛИМДИН ПЕДАГОГИКАЛЫК КОДЕКСИ:

  • Биз – мугалимдер, улуттук педагогиканын, нарктуулуктун, ар-намыстын улантуучусу экенибиз менен сыймыктанабыз,
  • Биз, ар бир окуучунун инсандыгын, кайталангыс жөндөмүн сыйлайбыз жана шек келтирбейбиз,
  • Биз мугалимдер, ар бир окуучуга өзүн ыңгайлуу жана коопсуз шарт түзүүгө милдеттүүбүз. Адеп жана кесип эрежелерин сактайбыз.
  • Биз, окуучуларды жоопкерчиликтүү, адептүү, кайрымдуу жана мекенчил болууга тарбиялайбыз. Улуттук наркыбыз – эбегейсиз байлыгыбыз.
  • Биз – мугалимдик кесиптин кадыр-баркы үчүн кам көрөбүз, мугалимдин беделине шек келтирүүгө жол бербейбиз.
  • Биз ар дайым кесиптик, чыгармачылык чеберчилигибизди жана жалпы илимий деңгээлибизди өнүктүрөбүз.
  • Биз балдарды окутуп окуп-тарбиялоодо өз жүрүм-турумубуз менен үлгү болобуз. Балдар – биздин келечегибиз!
  • Биз ата-энелер менен ар дайым ачык баарлашып, алардын ой-пикирлерин жана сунуштарын эске алабыз. Күч –бирдикте!
  • Биз жалпы адамзаттык баалуулуктарды таанып, ар бир улуттук маданияттын өзгөчөлүктөрүнө сый мамиле кылабыз.
  • Биз жат көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча чараларды көрөбүз, өзүбүз жеке жүрүм-турумубуз менен үлгү көрсөтөбүз.
  • Биз эмгек тартибиг так сактайбыз. Билим берүүгө тийиштүү мүлккө аяр мамиле кылууга милдеттүүбүз.
  • Биз өз мекенин сүйүүгө, адептүү, нарктуу келечек муунду тарбиялайбыз.

 

 

АТА-ЭНЕЛЕРДИН КОДЕКСИ:

  • Биз – ата-энелер балдарыбыздын жаркын келечеги үчүн мектеп менен ар дайым бирге кызматташабыз.
  • Биз, балдарыбызга аит ата-бабалардын наркын урматттоого, ак тиеттүүлүккө жана жоопкерчиликке өзүбүз үлгү көрсөтөбүз,
  • Биз, мектептин иш-чараларына жигердүү катышып, эриш-аркак иштешүүгө милдеттүүбүз,
  • Биз, балдарыбыздын жана мугалимдердин купуялуулугун урматтайбыз жана алардынк адыр-баркына шек келтирбейбиз.
  • Биз, башка ата-энелердин, мугалимдердин жана окуучулардын укуктарын урматтайбыз жана кызыкчылыктарын сыйлайбыз.
  • Биз, балдарыбыздын туура тамактануусуна, ден соолугуна жана алардын коопсуздугуна кам көрөбүз.
  • Биз, мектеп менен биргеликте балдарыбыздын экологиялык сабаттуулугун, көндүмдөрүн өнүктүрүүгө салымыбызды жумшайбыз.
  • Биз, мектеп тарабынан белгиленген эрежелерди жана жол жоболорду так сактайбыз.
  • Биз, ата-энелер чогулуштарына жана балдардын билимин өркүндөтүүгө байланыштуу иш-чараларга жигердүү катышабыз.
  • Биз, балдарыбыз менен мектепке үлгүлтүксүз баруусуна, үй тапшырмасын өз убагында аткаруусуна шарт түзөбүз.
  • Биз, мектептеги терс көрүнүштөр менен күрөшүүгө аракеттенебиз.
  • Биз, балдарыбыз окуган мектептин кадыр-баркын жогорулатуу үчүн бардык салымыбызды кошобуз.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер