ЭСТЕ КАЛГАН КЫЗЫЛ ЖАГОО

  • 25.05.2022
  • 0

Союз доорунда он беш жыл бою мектепте пионер башчы болуп иштеген Жыпаркүл Молдалиева мурунку жана азыркы мектеп, балдар жана ата-энелер менен иштешүү нугу, коом менен жеке адамдын мамилеси жөнүндө ой жүгүртөт.

– Сиз өмүрүңүздүн бир келкисин арнаган бул уюмдун негизги өзгөчөлүгү эмнеде эле?

– 1977-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетин бүтүрүп, Таласта адегенде Чалдыбар, кийин Кызыл-Сай орто мектебинде он беш жылдай улукЭСТЕ КАЛГАН КЫЗЫЛ ЖАГОО пионер башчы болдум. Балдар менен иштөө абдан кызык эле. Дружина кеңешинин төрагасын мектеп боюнча, отряд кеңешинин төрагасын ар бир класста, класс ичинен звеньевойлорду шайлачубуз. Ар аптада линейкага тизилип, жыйынтык боюнча 1-орунга чыккан класс учак, 2-орунга жеткени жеңил машине, 3-орунда калганы ташбака тартылган сүрөттүн тушуна жазылчу. Ар бир класска жогорку класстан бири баш-көз болчу. Сабагынан кыйналган же тартиби начар ар бир окуучуга да жогорку класстагы тың балдар бекитилчү.

Биринчи класстан баштап октябрятпыз, пионерге өтүүгө даярданабыз деп балдар дегдечү. Лениндин туулган күнү үчүнчү класстын эң жакшы окуган, жүрүм-туруму жакшы окуучулары биринчи болуп кызыл жагоо тагынчу. Элден артта калбайын, пионерге өтө албай калбайын деп ар бир бала намыстанчу. Коомдук иштерге анча кызыкпаган, кайдыгер балдарды классташтары эле тарбиялап турчу – “Бирөө бардыгы үчүн, бардыгы бирөө үчүн!” деген ураандын таасири өтө күчтүү болчу. Мен эле алдыга озою, башкалар кала берсин деген өзүмчүл түшүнүк жок эле.

Пионер күнүн белгилегенде район боюнча слёт, семинарлар өтүлчү. Райондук деңгээлдеги иш-чараларды көп ирет уюштурдум. Алдыңкы окуучулар биринчи кезекте комсомолго кабыл алынчу. “Зарница” ойноп, алоолото от жагып, ырдап, бийлечүбүз.

Жол кыймылынын жаш инспекторлору болуп, атайын форма кийип, башталгыч класс окуучуларын эртең менен тосуп алчубуз.

Жайкысын эс алуу лагерлерине барчубуз. Алдыңкы класстар саякатка чыкчу, мисалы, шаарга, Фрунзеге келип кетишчү.

Балдарды мекенчилдикке, эмгекке, адептүүлүккө тарбиялоо жагынан октябрят, пионер, комсомол уюмдарынын таасири өтө чоң эле. Азыркы балдар телефонго эле алаксып, сабагына кызыкпай калды. Мектепте жашоо мурдагыдай эмес. Алдуусу алсызын сабаган адат мурда жок болчу.

– Ооба, ал кездин шаңы, деми башкача эле. Пионерлер темир сыныктарын, эскирген чүпүрөк, кагаз чогултуп тапшырчу. Тимурчулар болуп карыларга, жалгыз бой оорукчандарга жардам берип турчу отунун жарып, суусун ташып, жерин казып. Бирок жамаатчылдыктын (коллективизмдин) таасири ашыкча болуп кеткен, мисалы, мугалимдер пионер, айрыкча комсомол уюму аркылуу кээде балдардын жеке турмушуна чейин кийлигишкен учурлар да болгон ээ? Мисалы, окуучулардын китеп баштыгын, чөнтөгүн тинтип, алгачкы ашыктык каттарын таап алганда, көпчүлүктүн көзүнчө жарыя окуп, мазактаган мугалимдер да кездешчү, туурабы?

– Ырас, андайлар да болгон. Бирок бул уюмдардын пайдасы көп эле. Азыр ошончо иштердин баары токтоп калды. Бош калган бала жок эле – үйүндө ата-энесине кл кабыш кылып, болбосо мектептеги түркүн ийримдерге катышчу. Китепти баары көп окушчу, дилбаянды жакшы жазышчу, тили жетик эле. Азыркылар окубай калды. Телефондун пайдалуу жагын эмес, зыяндуу жагын көбүрөөк алып жатышкандай.

– Азыр мектеп парламенти, өкмөтү ж.б. деп атап, өкүлдөрүн, башчыларын — тартип, тазалык, билим, маданият, спорт ж.б. министрлерин шайлап, дебат клуб уюштуруп, өз алдынча башкарууга үйрөткөн мектептер бар. Бирок, тилекке каршы, текши эмес. Формалдуулук менен чектелгендери да, жакшы иштегендери да бар. Тилекке каршы, азыр сиз айткандай рэкет, бай-кедей болуп бөлүнүүчүлүк да кездешет.

– Менимче, мектепте бирдиктүү форма керек. Кээ бир окуучулар өтө кымбат кийинип, мугалимдер айлыгынын аздыгынан жупуну кийинип калды эле го. (Эми жагдай өзгөрөт деп ойлойм – мугалимдердин айлыгы көтөрүлдү).

Балдар мугалимди көзгө илбей, видеого тартып интернетке чыгарган жосун пайда болду. Биздин убакта ата-энелер балдарына азыркыдай болушчу эмес, мугалим урушкан болсо ырас кылыптыр дешчү.

– Азыркы жагдайга айрым мугалимдер өздөрү да күнөөлү эмеспи. Педагогикадагы эң зарыл эрежелерди билбесе, психологиялык маданияты төмөн, эмоционалдык жактан туруктуу мүнөзү калыптанбаган болсо, предметин кызыктуу, мазмундуу кылып окута албай, методикасын өнүктүрбөй илең-салаң “иштесе”, аны ким сыйласын? Башка адистиктерге тесттен упайы жетишпей калгандардын көбү мугалимдикке иргелип калды эле.

– Союз тарап кеткенде кайра курстан окуп, башталгыч класстарга сабак берип калдым. Мугалим баарына бирдей карап, окуусу начар балдарды да жакшы көрөрүн сездире алса, ишине берилип сабак өтсө, алдыга озгон окуучуларды теңтушуңарга жардам бергиле деп көндүрсө, эч качан жек көрүндү болбойт.

– Ата-энелер менен да жакындан иштешүү зарыл ээ?

– Ооба. Ата-эне балдары менен сырдаш, дос мамиледе болушу зарыл. Баланын тилин табуу жагынан мугалим көмөктөшүп турушу керек. Тилекке каршы, баласынын күндөлүгүн ачып карабагандар бар. Жакшы баа алса, башынан сылап, сыймыктанганын билдирсе, начар баасы үчүн жемелебей, үй тапшырмасын аткарууга шарт түзүп, ийгиликке дем берип турса болот да.

– Ата-энелер чогулушунда сабагынан аксаган же тентектиги бар балдар жөнүндө көпчүлүктүн көзүнчө сөз кылбаш керек ээ? Элдин көзүнчө шерменде кылдың деп баласын уруп же катуу акарат кылгандар да болушу мүмкүн. Андан көрө ата-энеси менен жекече сүйлөшүп, туура жол көрсөтүшү зарыл го, кандай дейсиз?

– Туура. Үй-бүлөдө кандай маселеси бар экенин билип, чын ыкластуу көмөк көрсөтө билүү керек. Класстагы балдардын баары эле мыкты математик же тилчи болуп чыкпайт, бири-бирине салыштырбай, ар биринин жөндөм-шыгын байкап, туура багыт бериш керек көңүлүн көтөрүп. Ошондо балдар мугалимин сыйлап, жакшы көрүп, сабагын жакшы окууга умтулат.

Маектешкен Жолдош Турдубаев

 

Бөлүшүү

Комментарийлер