ЭСКЕРҮҮ КОҢГУРОО: ЛЕНИНГРАД БЛОКАДАСЫ
- 31.01.2018
- 0
Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борбору менен бирдикте Кыргызстандагы Ленинград блокадасынын кыргыз коому Россия элчилигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын жана “Жакшылыкка кол сунуу” коомдук фондунун колдоосунда Ленинград шаарынын (азыркы Санкт-Петербург) фашисттердин блокадасынан бошотулгандыгынын 74 жылдыгына арналган “Эскерүү коңгуроосу” аталган иш-чарасын өткөрдү.
Иш-чарага келген Президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары Мира Карыбаева согуш ардагерлерин куттуктап, Президент Сооронбай Жээнбековдун кайрылуусун окуп берди.
Кайрылууда Ленинград блокадасы – тарыхтын азап-тозоктуу ал мезгили 1,5 млн. адамдын өмүрүн алган чоң трагедия экени айтылат. Ошондой эле өлкө жетекчиси эл-жерди сүйүүгө тарбиялоодо мындай оор күндөрдү басып өткөн аталардын, апалардын эрдиги ар дайым үлгү болорун баса белгилеген.
- Душмандын курчоосунда калган согуштун гана эмес, сууктун, ачкачылыктын да азабын тарткан блокадниктердин алдында баш ийип таазим кылабыз. Башка элдер менен катар биздин 4,5 миң мекендештерибиз Невадагы шаар үчүн салгылашып, баатырча каза болгон. Улуу Ата Мекендик согушта Кыргызстан 16 миң блокадада калган Ленинграддын жашоочуларын, анын ичинен 3,5 миң баланы кабыл алган. Эң катаал мезгилде биздин эл ленинграддыктарды азык-түлүк жана керектүү кийим-кече менен камсыз кылып турган, — дейт Президенттин кайрылуусунда.
Блокадник менен ветерандарды ЖК депутаты И.Карамушкина, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Т.Исакунова, Кыргызстандагы Россиянын атайын ыйгарым жана толук элчиси Андрей Крутько куттукташты.
Ал эми Ленинград блокадасынын кыргыз коомунун төрайымы Анна Кутанова иш-чаранын катышуучуларына курчоодо калгандагы кыйын күндөрүн эскерди.
- Ленинград фашисттер менен курчалганда мен 11 гана жашта болчумун. Энем жана эжем болуп 900 күн жана түн ачкачылыктын азабын тарттык. Үй-бүлөбүзгө күнүнө карточка менен 500 грамм гана нан берилчү. Курчоонун биринчи эле күнүндө немецтер тамак-аш сакталган Бадаев складын бомбалап ташташкан. Биз ал жерге барып өрттөн кийин эрип, кумга сиңген кумшекер менен конфеттердин калдыктарын кашыктап чогултканбыз. Ошол кумду кайнаган сууга кошуп, чай ордуна иччүбүз. Ачкачылыктан чыгуу үчүн үй жаныбарларынын баарын, анын ичинде иттерди, мышыктарды жедик, кайыш курунан (ремень) жана чөптөдөн шорпо жасадык, ошондой эле эмеректердин клейинен килкилде (холодец) жасаган күндөрүбүз болду. Ачкачылык – эң коркунучтуу. Анын айынан көптөгөн адамдар каза болушту. Алардын денелерин көчөлөрдөн дружиначылар (дружинники) бир жерге чогултуп, машиналар менен алып кетишчү.
Бомбалоо учурунда аябай коркунучтуу болчу. Радиодон немецтер атака баштаганы тууралуу жарыя болгондо, элдер жер төлөгө жанталышып, жашынчубуз. Биз төртүнчү кабатта жашачубуз. Короого түшүп, башка элдер менен чогуу болчубуз. Кээ бир учурларда бомбалоо сегиз саатка чейин созулчу. Бомбалоо учурунда тамдар кыймылдап, терезелер сынып, жер асты-үстү болчу.
Ачкачылыктан, антисанитариядан оорулар көбөйгөн.
27-январь – биз үчүн майрам. Бул күн официалдуу Ленинград жеңиши деп айтылат.
Бүгүнкү жаштарга бул трагедияны айтып турушубуз керек. Балдар улуу муундагылардан согуш эмне экенин угуп, тынчтыкты баалаганды үйрөнүшү зарыл жана ушундай апааттар болбошуна жол бербөө керек экенин түшүнүшү керек. Жаштарды патриоттуулукка, эл-жерин сүйүүгө тарбиялаган ушундай иш-чараларды көбүрөөк өткөрүп туруу зарыл, — деди Анна Кутанова.
Анна Кутанова “Ленинградды коргоо үчүн” медалынын ээси. Ал бул сыйлыкты шаар курчоодон бошогондо биринчилерден болуп алган. Он бир жаштагы секелек кыз өзү теңдүү курдаштары менен байланышчы болуп иштеген. Чатырларда күзөттө туруп, ал жерди ар кандай ыпыр-тыпырлардан тазалап, оорулуу карылар менен балдарды карап, траншеяларды казганга жардам берген.
Анна Кутанова Ленинград блокадасынын Кыргыз коомун жетектейт. Коомдо ошол кыйын күндөрдү башынан кечирген 20 адам бар.
- Менимче, биздин катарды жаштар толуктап туруш керек. Алар биздин иш-аракеттерибизди улап, келечек муундарга тарыхтын трагедиялуу барактарын айтып бериши зарыл, — деди А.Кутанова.
Бул иш-чарада Ленинград тууралуу хроникалдык-документалдык тасма жана Ленинград блокадасы тууралуу сүрөт көргөзмөсү көрсөтүлдү. Ошондой эле көрөрмандарга А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын жана Т.Сатылганов атындагы филармониянын солисттери, театр жана кинонун артисттери, “Красная гвоздика” ветерандардын элдик хору жана “Сейтек” борборунун “Улыбка” элдик хореографиялык ансамблинин тарбиялануучулары ыр, бийлерин тартуулашты.
Программанын режиссеру Виктор Фельддин айтуусу боюнча, алар ветерандар менен жаштарга Ленинград блокадасынын кыйын күндөрүн көрсөтө алышты.
- Сүрөт жана видеоконтентти пайдаланып театрлаштырылган ырлар, бийлер аркылуу жаштар трагедияны жүрөгүнөн өткөрүштү, көп жаңы нерсени кабыл алышты.
Эгер шаардык мэрия менен билим берүү башкармалыгы “Сейтектин” демилгесин колдоп, окуучулар үчүн постановканы мектептерди кыдырып көрсөтсөк, тарыхый окуялар муундан муунга жетет эле. Эгерде 100 окуучунун үчөөнү гана кызыктырсак, бул жакшы көрсөткүч, — деди режиссер.
Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”
Комментарийлер