ЭРМЕКТИН “АЙ ҮЛПӨГҮ” (ЛУННЫЙ ПУХ) СЫЙЛЫККА ТАТЫДЫ

  • 07.12.2017
  • 0

Бишкек шаарындагы №64 мектеп-гимназиясынын 10-классынын окуучусу Эрмек Турдубеков көз карандысыз  “Глаголица”  балдар адабият премиясынын II даражадагы лауреаты болду. Бул сынак  Казань шаарында төртүнчү ирээт өткөрүлүп жатат.

ЭРМЕКТИН “АЙ ҮЛПӨГҮ” (ЛУННЫЙ ПУХ) СЫЙЛЫККА ТАТЫДЫ

Аталган  сынакты Татарстан Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен “Бактылуу көз ирмемдер”  Камкордук фонду бирдикте  уюштурган. Эң мыкты деп аталган чыгармалардын ээлерине электрондук китеп, ноутбук жана планшеттер белекке берилди. Мындан сырткары Россиянын, Татарстандын жазуучулары менен жолугушуулар өткөрүлдү. Эң башкысы сыйлыкка татыган чыгармалар жыл сайын өзүнчө альманах болуп чыгып турат экен.

“Эксперимент кыла бергиле! Коркпогула! Силер кыялданганды үйрөнөсүңөр, өзүңөрдүн кыялыңарга жеткенге толук ишеним жаралат”, — деп уюштуруучулар жаш жаратуучуларга дем берип турушту.

ЭРМЕКТИН “АЙ ҮЛПӨГҮ” (ЛУННЫЙ ПУХ) СЫЙЛЫККА ТАТЫДЫ

  • Эрежеге ылайык премияны алуу үчүн 10 жаштан 17 жашка чейинкилер гана чыгармаларын көрсөтө алмак. Мен интернеттен конкурс жарыяланганын көрүп, “Ай үлпөк” деген аңгемемди жөнөтүп жибергем. Эки-үч айдан кийин “узак тизме” дегенге кириптирмин, он күндөн кийин “кыска тизмеге” үч адам кирип, анын ичинде мен бар экеним тууралуу кабар келди. Ата-энеме айтсам, “сөзсүз барасың” дешти. Ошентип Казань шаарында өткөн балдардын адабият сынагына катышып, экинчи даражадагы дипломго ээ болдум. Белгилүү жазуучулар менен жолугушуп, алар өткөргөн мастер-класстарга катыштым. Менин “Ай үлпөк” чыгармам талкууга алынды. Өзүм окуп бердим, ошол кезде кээ бир кыздар ыйлашты, жалпысынан абдан жылуу кабыл алышты, — дейт Эрмек.

Эрмектин аңгемеси апасынын турмушунан алынган. Чыгармадагы кичинекей кыздын апасы каза болуп калгандан кийин атасы башка үй-бүлө күтүп, аны интернатка жайгаштырат.  Атасынын жумушу көп болгондуктан, ал анда-санда гана келет. Кыз туулган күнүңдө атам келсе экен деп тилек кылат. Анын тилегин Ай кызына үлпөк жеткирет деп  кыялданат. Кыздын тилеги кабыл болуп атасы келет, бирок анын туулган күнү экенин унутуп калган болот.

Белгилүү жазуучулардан, акындардан, журналисттерден, публицисттерден, котормочулардан, коомдук ишмерлерден турган калыстар тобун Эрмектин “Ай үлпөгү” абдан чоң таасир калтырып, ошондуктан ал Казань шаарында өткөрүлчү салтанатка чакырылган.

Эрмек алты жашынан баштап жаза баштаган. Өткөн жылы ал өзүнүн “Желе” аттуу биринчи китебин жарыкка чыгарган болчу.

  • Желе тууралуу менин таятам айтып берген эле. Ушул чыгармамды мен каалап, сүйүп, күйүп жазгам. Албетте, менин жазып калганыма таятамдын таасири чоң. Ошол эле кезде мен көп окуйм. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары мага жакын. Бирок мен алп жазуучуну туурагым келбейт, бирок болбой эле кээ бир учурда каармандарымдын образдары, жазуу ыкмаларым окшоп кетет. Негизинен мен адабият канондоруна каршымын, ага баш ийбеш керек. Чыгарманы шаблонго салбаш керек деп ойлойм. Мен өзүмдүн жазуу стилим бар, ал мага жагат. Адабият таануу боюнча көп эле китептерди окуйм, бирок Умберто Эконун жазгандары мага жагат, — дейт жаш жазуучу.

Келечекте котормочу болгонду каалаган Эрмек азыр англис тилин дагы окуп жатат. Келечекте чыгармаларын англис, орус жана кыргыз тилдеринде жазганды каалайт. Эрмек өзү окутуу кыргыз тилиндеги мектепте окуганы менен анын чыгармаларынын көпчүлүгү орус тилинде. Анткени орус тилиндеги аудитория чоң деп эсептейт, биринчиден. Экинчиден, кыргыз адабиятын дүйнөгө таанытсам деген ой тилеги бар.

Казань шаарына барганда ал өзү теңдүү курбулары менен жолугушту. Инженерлерди даярдаган лицейдин окуучулары Эрмек менен эл аралык “Айтматов окуулары” илимий-практикалык конференцияга арналган видеокөпүрөдөн таанышышкан экен.

  • Жолугушуу учурунда бир бала туруп “Мен Чыңгыз Айтматов атындагы көчөдө жашайм, менин балдарым Эрмек Турдубеков атындагы көчөдө жашаарын каалайм” дегенде абдан толкундандым, — дейт Э.Турдубеков.
  • ЭРМЕКТИН “АЙ ҮЛПӨГҮ” (ЛУННЫЙ ПУХ) СЫЙЛЫККА ТАТЫДЫ

Эрмек экөөбүз сүйлөшүп жатканда белгилүү журналист, публицист, адабиятчы, менин кесиптешим Жолдош Турдубаев дагы Эрмекке бир нече суроо узатты.  Адабият таануу боюнча китептерди, Айтматовдун чыгармаларына жазылган сын-пикирлерди окуйсуңбу, келечекте ким болгуң келет  деген  суроолорду узатты.

  • Ооба, көп китептерди окуйм. Ч.Айтматов боюнча Н.Иванованын жазгандарын окугам. Адабият сынчыларын абдан абайлап окуйм. Келечекте котормочу болсом деген оюм бар. Жазуучулук менен чектелгим келбейт. Анткени атактуу эмес жазуучу жалаң эле адабият менен жанын багып кеталбайт, — дейт жаш калемгер.

 Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер