«ЭРКИНДИК – ЭЛ ЭНЧИСИ» КОНКУРСУНУН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮНӨ БАЙГЕ ТАПШЫРЫЛАТ

  • 18.01.2023
  • 0

Белгилүү бизнесмен-өндүрүшчү, коомдук ишмер, публицист Таабалды Эгембердиев атындагы конкурстун жеңүүчүлөрүнө 3-февраль, саат 14:00дө байге тапшыруу аземи болот. Аталган иш-чара борбор калаабыздын Тарых музейинде уюшулат.

«ЭРКИНДИК – ЭЛ ЭНЧИСИ» КОНКУРСУНУН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮНӨ БАЙГЕ ТАПШЫРЫЛАТ

«Эркиндик – эл энчиси» аталышындагы публицистика жанрындагы конкурс өткөн жылы жарыяланып, жүйөлүү себептерден улам конкурс жеңүүчүлөрүнүн байгелерин тапшыруу мөөнөтү узартылып келгенин эскертебиз. Бул иш-чара Таабалды Эгембердиевдин ишмердигин чагылдырган эки томдук китептин бетачар аземине жана маркумду эскерүү зыйнатына арналмакчы…

Аталган конкурстун калыстар курамынын чечими менен жеңүүчүлөр төмөндөгүдөй аныкталган…

1-орун: Аида Кубатова. Байгеси – 100 000 (жүз миң) сом.

2-орун: Топчугүл Шайдуллаева менен Жолдош Турдубаевге ыйгарылды. Байгелери 35 000 (отуз беш миң) сомдон – 70 000 (жетимиш миң) сом.

3-орун: Гүлзада Станалиева. Байгеси – 30 000 (отуз миң) сом.

Жеңүүчүлөрдүн жалпы байге фонду 200 000 (эки жүз миң) сом.

Кызыктыруучу байге ээлери:

Сүйүн Курманова

Абибилла Пазылов

Ризван Исмаилова

Бекназар Арыкбаев

Уулкан Азаматова

Сайпидин Султаналиев

Айпери Кеңеш кызына «Супара-2» Чуңкурчак этно-комплексинде эс алып келүүгө жолдомо берилет.

Бөлүшүү

Комментарийлер