«Энелер өмүр мүрөгү» конференциясы

  • 20.09.2024
  • 0

Кыргыз Республикасынын «Аялдар комитети» коомдук бирикмеси тарабынан «ЭНЕЛЕР ӨМҮР МҮРӨГҮ» аталышындагы конференция Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде өттү.

"Энелер өмүр мүрөгү"  конференциясы

Конференцияга катышуу максатында ар бир облустан келген ак саамай апаларды окуу жайдын ректору Абдилбает Мамасыдыков уюштуруучулар менен биргеликте жандуу чыгарманын коштоосунда тосуп алды.

Аталган конференциянын программасына ылайык, жети облустан келген коноктор кыргыз элинин каада-салтын чагылдырган көргөзмөгө күбө болушту.

"Энелер өмүр мүрөгү"  конференциясы

Иш-чаранын расмий ачылышында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусунундагы Ыйгарым Укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрүнүн куттуктоо сөзүн сүйлөп, жараткан ийгиликтери менен өзгөчөлөнгөн айымдарды Ардак грамота менен сыйлады.

Конокторго Кыргызстанга эмгеги сиңген көрүнүктүү айымдары тууралуу видео-тасма көрсөтүлүп, концерттик программа менен коштолду.

Бөлүшүү

Комментарийлер