ЭНЕ ТИЛ — УЛУТТУН ЖАН ДҮЙНӨСҮ

  • 21.02.2025
  • 0

Ош технологиялык университетинде дүйнөлүк тилдер кафедрасы тарабынан 21-февраль – Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө арналган «Эне тил — улуттун жан дүйнөсү” аттуу майрамдык салтанат өттү.

Майрамдык салтанатка университеттин жетекчилиги, Ош шаарындагы Орус үйүнүн жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер катышты.

Иш-чарада университеттин окуу иштери боюнча проректору У.Мамытов кеченин катышуучуларын бүгүнкү майрам менен куттуктады. Ошондой эле, мамлекеттик тил боюнча проректор А.Зулпуев университеттеги мамлекеттик тилдин деңгээлин көтөрүүдө көптөгөн иштер аткарылгандыгын белгилөө менен учурдагы окуу жайдагы кыргыз тилинин абалы жөнүндө маалымат берди.

Ош шаарындагы Орус үйүнүн жетекчиси Дмитрий Николаев билим берүү, илим жана маданий тармакта ОшТУ менен кызматташып келе жатканын айтып, окуу жайга бир нече китептерди белекке тапшырды.

Мамлекеттик тил, орус тили жана славян маданияты, Америка маалымат-ресурстук борбору, “Корей тили” жана “Кытай тили” борборлорунда чет тилдерин үйрөнүп жаткан студенттердин катышуусундагы майрамдык кечеде ар улуттун ырлары жаңырып, бий менен коштолгон музыкалык чыгармалар катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулады. Студенттер өздөрү үйрөнүп жаткан тилдерди даңазалоо максатында ар улуттун маданиятын, тилин, улуттук баалуулуктарын көрсөтүп, ыр-бийлерди, интерактивдик оюндарды, юмор жана башка кызыктуу номерлерди аткарышты.

Жыйынтыгында иш-чарага активдүү катышкан студенттер сыйланды.

 

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер