ЭНЕ КАПИТАЛЫ БЕРИЛЕ БАШТАЙТ

  • 15.11.2024
  • 0

2025-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстандын бийик тоолуу жана алыскы аймактарындагы үй-бүлөлөр эне капиталын ала баштайт. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев билдирди.

К.Ташиев мамлекет ар бир төртүнчү балага 100 миң сом, бешинчи балага 600 миң сом, жетинчиге 1 миллион сом, сегизинчи жана тогузунчу балдарга 1,5 миллион сом, ал эми онунчу балага 2 миллион сом берүү пландалып жатканын маалымдаган эле.

Кыргызстанда мыйзамга ылайык беш жана андан көп сандагы үй-бүлө көп балалуу деп эсептелет. Салыштыра кетсек, коңшуларыбыз Казакстанда жана Өзбекстанда төрт баладан жогору үй-бүлөлөр көп балалуу статусуна ээ болсо, бул статус Россияда аймактарына жараша үч жана андан көп балалуу үй-бүлөлөргө берилет.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер