«ЭМНЕ? КАЙДА? КАЧАН?» ЖАРЫМ ФИНАЛЫНЫН БИРИНЧИ ОЮНУНУН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

  • 09.04.2025
  • 0

Кыргызстандагы мектеп окуучулары арасында өтүп жаткан республикалык онлайн оюндар сериясынын алкагында «Эмне? Кайда? Качан?» жарым финалынын биринчи туру болуп өттү. Бул интеллектуалдык мелдеш өлкөбүздүн ар кайсы бурчунан келген окуучуларды бириктирип, алардын жогорку деңгээлдеги эрудициясын жана тез ой жүгүртүүсүн көрсөттү.

«ЭМНЕ? КАЙДА? КАЧАН?» ЖАРЫМ ФИНАЛЫНЫН БИРИНЧИ ОЮНУНУН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

Маалыматка ылайык, атайын өткөрүлгөн тандоо оюндарынан соң республика боюнча эң күчтүү тогуз мектептик команда жарым финалга өттү. Жарым финалдын биринчи турунда үч команда беттешти: Бишкек шаарындагы “№9 ОТК МГ”, Чүй облусунун «Токмок» командасы жана Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын «Алтын түйүн» командасы. Оюн онлайн-форматта өткөнү менен, катышуучулардын жоопкерчилиги жана оюндагы кызыгуу экран аркылуу даана сезилип турду. Бардык командалар мыкты даярдыкты, ишенимди жана командалык иштөө жөндөмүн көрсөтүштү.

«ЭМНЕ? КАЙДА? КАЧАН?» ЖАРЫМ ФИНАЛЫНЫН БИРИНЧИ ОЮНУНУН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

“№9 ОТК МГ” командасы оюнду 6:2 эсеби менен аяктады, ал эми «Токмок» жана «Алтын түйүн» УБИТА командалары атаандаштарына эч мүмкүнчүлүк бербей, 6:0 эсебинде таза жеңишке жетишти.

— «Алтын түйүн» УБИТА командасынын жарым финалга чыгышы академиябыз үчүн чоң сыймык болду. Биз өз командабызды мыкты оюн менен чын жүрөктөн куттуктайбыз жана аларга финалда дагы шыктануу, өзүнө ишенүү жана жеңиштерди каалайбыз! Алдыда жаңы сынактар, жаңы бийиктиктер турат – жана биз ишенебиз: бул жетишкендиктер али башталышы гана! – дейт УБИТАнын директору А.Алмасбеков

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер