ЭМГЕККЕ ЖАРАША МАЯНА

  • 06.04.2018
  • 0

Жогорку окуу жайлардын окутуучуларынын беделин көтөрүү үчүн алардын эмгегин аткарган жумушуна жараша баалоо керек. Мындай кадам окутуучулардын чыгармачылык менен иштешине гана шарт түзбөстөн, билимдин сапатын жакшыртуунун бирден-бир алгылыктуу жолу да болуп бере алат дешет адистер.

Алардын айтымында, мамлекеттик жогорку окуу жайлардын окутуучуларынын эмгегин заман талабына жараша эффективдүү баалоо үчүн жаңы шарттарды киргизүү мезгил талабы болуп турат. Анткени азыр, биринчиден, окутуучулардын шарты жок болгондуктан кесиптик чеберчилигин жогорулата албай, чыгармачылык менен иштей албай жатышса, экинчиден, жарыбаган маяна алардын ишке болгон кызыгуусун жоготууда.

— Азыр илимдин кандидаты, доктору даражасы бар профессор, доценттер ашып кетсе он, он беш миң сомдун тегерегинде эмгек акы алышат. Ушул күндө бул акча айыл жеринде гана бир нерсеге жарабаса, шаар жеринде эчтекеге жарабайт. Бул тапкандары керек болсо бир айлык чыгымына дагы жетпейт. Анан жетпеген байкуш эмне кылат? Албетте, жанталашып дагы башка бир жерге барып иштегенге аргасыз болот. Эки жумушта иштеген кишинин убактысы тартыш болуп, же студенттерге жеткиликтүү сабак бере албайт, же үй-бүлөсүнө, балдарына тийиштүү көңүл бура албайт. Анан ошолордун баардыгы келип эле мугалимдерди кыйынчылыкка туш кылып, аларды ар кандай жолго барууга аргасыз кылат. Ошондуктан эмгек акы маселесин токтоосуз чечүү керек. Албетте, аны чечиш үчүн каражат керек. Бирок бул кырдаалдан эч бир кыйынчылыксыз, акырындап чыгып кетүүгө болот, — дейт Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окуу иштери боюнча проректору Анварбек Мокеев.

 

КАНДАЙ ЭМГЕК АКЫ АЛЫШАТ?

Азыр Кыргызстандын бардык мамлекеттик жогорку окуу жайларында эмгек акы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №18 жана 31-майдагы №270 токтомунун негизинде төлөнөт. Анда эң жогорку маяна 8000 сом илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар профессорго коюлса, эң төмөнкү эмгек акы ассистент-стажерго (5000 сом) чегерилген.

Кызматтын аталышыКызматтык маяна, сом менен
1.Профессор:

—          илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар;

—          илимдин кандидаты   окумуштуулук даражасы бар;

—          окумуштуулук даражасы жок.

8000

7500

7000

2.Доцент:

—          илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар;

—          илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы бар;

—          окумуштуулук даражасы жок.

7500

7000

6500

 

3.Ага окутуучу:

—          илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар;

—          илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы бар;

—          окумуштуулук даражасы жок.

7000

6500

6000

4.Окутуучу (ассистент):

—          илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар;

—          илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы бар;

—          окумуштуулук даражасы жок.

6500

6000

5500

5.Ассистент-стажер5000

Ал эми илимий даражасы үчүн буга чейин болгону кандидаттарга 300 сом, докторлорго 600 сом кошулуп келген. Өткөн айдын башында «Жаңы доорго кырк кадам» өкмөттүк программасын ишке ашыруу, ошондой эле илимий ишмердүүлүктү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, анын аброюн жогорулатуу, илимий жана педагогикалык кадрларды колдоого алуу максатында премьер- министр Сапар Исаков илимий даража үчүн ай сайын төлөнүүчү үстөктүн суммасын үч эсеге жогорулаткан токтомго кол койду. Ага ылайык, эми илимдин кандидаты 900 сом, илимдин доктору 1800 сом кошумча акча ала баштайт. Ар бир окуу жай өзүнүн кызматкерлерин материалдык жактан колдоо жана чыгармачылык менен иштөөгө шарт түзүп берүү максатында ар кандай жолдор менен кошумча акча төлөп берүүгө аракет кылып келишет.

— Эгерде мамлекетке жакшы адистер керек болсо, анда ЖОЖдордун окутуучуларынын маянасы да татыктуу болушу керек. Профессор жанталашып 2-3 жерде иштебей, бир жерде тынч отуруп иштегенде гана сапаттык өсүш болот. Мамлекет тарабынан дагы ЖОЖдорго колдоо жок. Эмгек акыны берип коюп, калганын өзүңөр тапкыла дейт. Бул туура эмес. Ошондуктан азыр биз биргелешкен кадамдарды жасашыбыз керек, — дейт философия илимдеринин кандидаты, КР Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер А.Акматалиев.

 

БААЛООНУН РЕЙТИНГ ТУТУМУН КИРГИЗҮҮ ЗАРЫЛ

Адистердин айтымында, окутуучулардын эмгегин туура баалоо үчүн бардык окуу жайларга баалоонун рейтинг тутумун киргизип, окутуучуларды сынак менен, бир жылга келишимдик негизде ишке алуу керек. Анткени ар бир окутуучуга аткарган ишине жараша маяна төлөнгөндө гана атаандаштык пайда болуп, сапаттык өсүш болот. Мындай ыкманы учурда Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен Борбордук Азиядагы Америка университети жана 2012-жылдан бери өзүн-өзү каржылоого өткөн Кыргыз экономикалык университети практикалап келет. Мисалы, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде бир окутуучуну кызматка алуу бир канча жолдор аркылуу ишке ашырылат. Ал үчүн алгач атайын сынак жарыяланат. Сынакка катышкан талапкерлердин ичинен окуу жай койгон критерийлерге жооп бергени гана кабыл алынат. Анан ал бир жыл бою өзүнүн эмгеги менен мыкты окутуучу экендигин тастыкташы керек болот.

— Негизи илим менен алектенбеген адамдын жогорку окуу жайда орду жок болушу керек. Балким кээ бири өзүнүн сабагын балдарга жакшы түшүндүрүп бере алган мыкты педагог болушу мүмкүн. Бирок жогорку окуу жайдын мугалиминин потенциалы муну менен чектелбейт. Бизде ириде ушул жагы каралат. Атайын талаптар бар. Эгерде окутуучу дүйнөлүк илимий журналдарга, сайттарга байма-бай макала чыгарып турса, биз аны ар тараптан колдойбуз. Бирок ал макаланын чыгышын гана баалабастан, ошол мака- лага башкалардын шилтеме бергенин эсепке алабыз. Андан тышкары дагы анын коомдук иш- терге кандай катышкандыгы дагы каралат. Себеби ал окутуучу сабак бергенден сырткары дагы студенттер менен иш алып барып, массалык иш-чараларга катышышы керек. Кыскасы, бизде окутуучулар китеп жазуу, радио-телевидениеге чыгып сүйлөө, жергиликтүү жана эл аралык илимий конференцияларга, долбоорлорго катышуу, баяндама жасоо сыяктуу он алты багыт боюнча иш алып барышып, аткарган ишине жараша упай топтошот. Ар бир пункт боюнча жылдын аягында отчет беришет. Эң көп упай топтогондору менен гана кийинки жылы келишим түзүлүп, ошого жараша эмгек акы төлөнөт. Талапка жооп берген окутуучулардын эмгек акысына ай сайын жакшы суммадагы үстөк акча кошулуп турат. Ал эми дүйнөлүк илимий журналдарда макала жарыялагандарга жылына бир жолу сый акча берилет, — дейт А.Мокеев. Кыргыз экономикалык университетинде дагы окутуучуларды шыктандыруу, материалдык жак- тан колдоо максатында рейтинг тутуму боюнча атайын нускама иштелип чыккан. Бул окуу жайдын илимий-изилдөө, окуу-методикалык, тарбия иштерине активдүү катышкан, кесиптик чеберчилигин жогорулатып турган ж.б.у.с. 28 көрсөткүчтөн турган талапка жооп берген окутуучуларынын эмгек акысына ай сайын үстөк акча кошулуп турат. Мындан сырткары жаңы окуу жылы башталганда сый акча жана жыл соңунда 13-эмгек акы төлөнөт. Албетте, жогорудагыдай аткарган ишине жараша шыктандыруучу сый акча алып иштеген мугалимдин, биринчиден, ишке болгон кызыгуусу артса, экинчиден, бардык шарты бар окуу жайдан чыгып калбоого аракет кылып, тырышып иштешет. Окуу жайдын дагы бедели көтөрүлүп, студенттеринин саны артмак. Бирок, тилекке каршы, бардык эле окуу жайлар мындай кадамдарга бара алышпайт. Анткени алардын буга каржылык жактан күчү жетпейт. Кыргыз экономикалык университетинин окуу методикалык иштер боюнча проректору Динара Турсуналиеванын айтымында, азыр мамлекет окутуучулардын, өзгөчө жаш окутуучулардын беделин көтөрүүгө тийиштүү көңүл бурбаса маселе оорлошуп кетет. Себеби көптөгөн окуу жайлар жаш таланттуу окутуучуларды кармап кала албагандыктан, өздөрүнүн багытын жоготуп бараткандай.

— Жогорку профессионалдуу билим берүүдө профессордук-окутуучулук курамды жаңыртуу зарылдыгы менен реалдуу билим сапатында карама-каршылык көрүнүп турат. Окутуучулардын кадырын жогорулатуунун жолун изилдөөдө алардын социалдык абалын илимий негизделген маалыматтарга жараша карап чыгуу актуалдуу, — дейт Динара Турсуналиева.

 

ОКУТУУЧУЛАРГА ШАРТ ТҮЗҮП БЕРҮҮ КЕРЕК

Жогоруда айтылгандай, ийгиликтерге жетүү үчүн албетте, ириде окутуучуларга жогорку шарт түзүлүшү керек. Ар бир окутуучунун иш бөлмөсү, иш столу, интернетке кошулган компьютери, окуу жайдын жеткиликтүү китепканасы, ылдамдыгы жогору интернетке туташкан электрондук китепканасы, дүйнөлүк газета, журналдары бар сайттарга кирүү үчүн абономент алуусу зарыл. Андан сырткары жок дегенде бир жылда бир жолу чет өлкөгө иш сапарга чыгып турушу шарт. Анткени жалгыз интернет менен чектелген адам толук кандуу өнүгө албайт. Ал качан гана өзүнүн кесиптештери менен көрүшүп, жакындан танышып, кандайдыр бир маселелерди талашып-тартышып, өзүнүн позициясын коргой алганда гана алдыга жыла алат. Анвар Мокеевдин айтымында, мындай кадамдарга баруу ар бир окуу жайдын колунан келет. Болгону акча каражатын туура пайдаланып, бир жылдык бюджеттин белгилүү бир бөлүгүн инфраструктураны оңдоого, дагы бир бөлүгүн окутуучулардын кесиптик чеберчилигин жогорулатууга бөлүшү керек.

— Бул жагынан азыр Ош мамлекеттик университети жакшы иштерди жасап жатат. Башка окуу жайлар дагы ушул окуу жайдан өрнөк алышы керек. Инвестиция тартып, окуу жайдын бюджетин туура пайдаланса эле кырдаалдан чыгып кетсе болот, — дейт Анварбек Мокеев.

Ч.КИЙИЗБАЕВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер