ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВДИН ЫРЛАРЫ

  • 12.02.2021
  • 0

«Кечээкиге «эртең» болсок – кечээ биз,

Эртеңкиге – «кечээ» болуп  кетебиз.

      (Э. Иманалиев)

Дегеле, жаратылыштагы жандуудан бүткөн кыбыр эткен кыймылдын, селейип бир орунга катып  калган жансыз дүйнөнүн да тилин түшүнүп, сүйлөшө билген, бу турмуштун жалган экендигин айтып, акыйкат жашоону туу тутуп, баардык нерсени жүрөгүнөн өткөрүп жашап өткөн  Элмирбек Иманалиевдин ырлары жөнүндө кеп козгоону туура көрдүм.

Эгерде акын ырларын жалгандан курап жазган болсо, таасири канчалык болоор эле.? Ооба, жан дүйнөсүнөн, анын оргуштап таптаза болуп агып жаткан булагынан ыр жарата билгендиги үчүн анын калеминен жаралган ырлар элдин калың катмарына сиңди окшойт.  Ошону менен бирге эле акын бул бир келген жашоодо «акындар күнөөсү жок ыйык жандар» экендигин ырларында баса белгилеп, бирок мына ошол тизменин арасында өзүнүн бар экендигине күмөн санап, арман кылган  жери да бар.

«Өмүрдүн тизмесине кирбей калган-

Өтүүдө бош күндөр да бирдей жалган.

Акындар күнөөсү жок ыйык жандар-

Арасында бармынбы?

Билбейм…

Арман…»

Акын поэзияны туу тутуп, жүрөктөгү ханышасы – поэзия, падышасы дагы поэзия экендигин ырларында жар салат. Мына ушул өзү каалап, өзү сүйгөн дал ушул поэзия дүйнөсүндө, өзүнүн адамдык, атуулдук парзын   аткарып,  кыргыз адабиятында дайыма жашап келген жана жашай берчү «адам» темасын, ичиндеги   «мени» менен бул жалган турмушту, бийликти, мансапты байланыштырып, бул адам пендесин, көр турмуштун сазына батып калуудан алыс болууга чакырат.

«Өз ырыскым жетет буйрук кылынган,

Көптү эңсеп өйдө-төмөн урунбайм.

Бийлигиңе жыгылбайм,

Байлыгыңа жулунбайм.

Турмуш өзү бакыт мага,

Ак эмгектен курулган.

Ошон үчүн жырткыч болбой,

Адам болуп туулгам.»

Мына ушундай адамдык адамгерчиликти туу туткан Э. Иманалиев мурунку доордо жашап өткөн заманачы акындар сыяктуу эле, ошол өзү жашап турган замандын же азыркы биз жашап жаткан замандын жакшысына кубанып, жаманына жан кейитип кайгыруу менен бийликтин башында турган башкармаларга, өзүнүн «Чыгаандарга» деген ырында, кек сактоодон, кекчилдиктен алыс болууга үндөп, элдешүүгө чакырып, кайрылат:

«Жетишет

«чыгаандары» Ата журттун!

Жериңде кан төгүлдү!

Аза жуттуң!

Өлкөбүздүн жүзүнөн өчүрөлү –

Өксүктү, кара тагын капалыктын!

Кектешпей,

Кет, кет! – дешпей,

Кел! – дешкиле!

Бешигин бейпилдиктин терметкиле!

Туу кылып энекемдин ак жоолугун,

Турайын ортоңордо…

Элдешкиле!

Боздотуп бабалардын ак комузун,

Болоюн ортоңордо…

Элдешкиле!

Ооба, төмөнкү ырда айтылгандай эле, кайсы гана акын болбосун өзү жашаган мезгилдин талабына ылайык ыр жаратуу менен алпурушат эмеспи. Бирок ошол эле учурда адабиятта, поэзияда түбөлүктүү тема катары «сүйүү», «өмүр», «өлүм» ж.б. дагы ушундай сыяктуу жашоонун негизги сызыгы катары кызмат өтөгөн, кайсы гана акын болбосун кайрылбай өтүүгө мүмкүн болбогон түбөлүктүү темалар жашайт. Мына ушул өңүттөн акындын «арзуу»   ырлары тууралуу сөз кыла турган болсок, акын окурмандарды колдон келсе сүйгүлө, арзышкыла  дейт дагы, эгерде колунарда келбесе тийбегиле жана сүйбөгүлө деп, сүйүүнү да сүйө билиш керек экендигин даңазалайт.

«Тийбегиле, сүйүүгө тийбегиле,

Колуңардан келбейби? Сүйбөгүлө.»  — деп бир ырында кайрылса, ал эми дагы башка ырында:

«Акыңар жок сүйүүдөн уялууга,

Арзышкыла! Сүйгүлө! Кубангыла!

Алтын-күмүш дүйнөңдөн эмне пайда?!

Ак сүйүүсүз жүргөндөн уялгыла.» — деп, өзүнүн сүйүүгө болгон ачык пикирин, мына ушундай ырларында берип өткөн.

«Сен экөөбүз табышабыз баары бир,

Биз адамбыз – жүрөгү бир, жаны бир.

Кан денемде нур зат болуп жүгүрсүн,

Кабарыңды билдирип кой баары бир» — деп, акын Омор Султановдун «Сен жөнүндө поэма» ыр түрмөктөрүнөн калышпаган, «Сенсиз көпкө жашай албайт көрүнөм», «Сен жолукчу, өзүңө айтып берем», «Сенин бир жакшы түшкөн сүрөтүң бар» деген сыяктуу ыр саптары менен куралган, арзуу ырлары кайсы гана окурманды болбосун кайдыгер калтырбайт.

Мына ошентип кыргыздын багына жаралган тубаса акындын, тунук поэзиясы жөнүндө сөз кыла берсек, сөз түгөнбөйт, чети оюлбайт да кертилбейт. Анткени акындын өмүр жолу, чыгармачылыгы азыркы күндө изилдөөгө алына элек. Дагы акын тууралуу сөз кыла турчу күндөр алдыда. Ал эми сөздүн соңун акындын төрт сап ыры менен жыйынтыктайлы.

« Чындык ичте жүргөнчөктү кыңылдап,

Сыртка чыгып күйсө мейли, чырылдап.

Тилегеним: жүрөк мышык болбосун,

Көкүрөктө уктап жаткан бырылдап.»

Саламат кызы Зухра

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер