ЭЛЕКТРОНДУК УНИВЕРСИТЕТ: ДОЛБООРЛОР ЖАНА ЖЫЙЫНТЫКТАР

  • 11.01.2018
  • 0

Өкмөттүн “Таза коом – жаңы доор” долбоорунун алкагында Билим берүү жана илим министрлигинин иштеп чыккан Электрондук окутууну жана санариптик башкарууну өнүктүрүү боюнча улуттук концепциясын ишке ашыруу республиканын бардык жогорку окуу жайларында колго алынууда. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети дагы  окуу процессин санариптештирүү жана маалыматтык технологияларды, прогрессивдүү ыкмаларды колдонуу багытында бир катар  долбоорлорду иштеп чыгып, окутуучуларга жана студенттерге сунуштоодо. 

 

ЭЛЕКТРОНДУК УНИВЕРСИТЕТ: ДОЛБООРЛОР ЖАНА ЖЫЙЫНТЫКТАР

«Келечек Билим» мобилдик тиркемеси студентке дагы, окутуучуга дагы жардамчы 

Бул мобилдик тиркеменин ишке кириши менен окутуучуларга жана студенттерге өздөрүнүн уюлдук телефону аркылуу окуу процессине тиешелүү маалыматтарды ыкчам алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул тиркеме аркылуу окутуучулар студенттерди электрондук түрдө жоктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушуп, алардын сабакка катышуусу тууралуу жалпы маалыматтарды ала алышат, окутуучулар дагы, студенттер дагы сабактардын жүгүртмөсүн дайыма көрүп турушат, ал жакта окуудагы жетишкендиктер жана келишимдик төлөмдөр  тууралуу да маалыматтар камтылган.

  • Бул жалпы университет үчүн жакшы саамалык болуп жатат. Биринчиден, окутуучулардын жана студенттердин сабакка катышуусун, экинчиден, студенттердин окууга жетишүүсүн көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул системаны ыңгайлаштыруу үчүн web (желе) тиркемеси  да ишке киргизилип,  системанын бардык мүмкүнчүлүгүн уюлдук телефондон гана эмес, компьютер аркылуу да колдонсо болот. Азыркы убакта тиркемени өздөштүрүү багытында иштер жүрүп жатат. Тиркемени биздин окуу жайдын эле аспиранты Айзада Шабыралиева түзүп чыкты, — дейт  университеттин окуу иштери боюнча проректору Мирлан Чыныбаев.

 

ЭЛЕКТРОНДУК УНИВЕРСИТЕТ: ДОЛБООРЛОР ЖАНА ЖЫЙЫНТЫКТАР

TV каналына айланган видео студия

Электрондук окуу материалдарынын контентин, электрондук окуу материалдарды колдонуу боюнча булактарды кеңейтүү жана мыкты окутуучулардын тажрыйбасын жайылтуу максатында “Avicenna Virtual Campus  in Central Asia» долбоорунун алкагында заманбап  жабдууларды камтыган  видеостудия түзүлгөн.  Студияда  тандалган окутуучулардын, аудио-видео сабактары, студенттердин өз алдынча даярданууга методикалык көрсөтмөлөрү жана  башка ресурстар даярдалып, КМТУ билим берүү порталына  жүктөлөт. Бул иш-аракеттердин жыйынтыгында студент окуу материалдарды колдонууга мүмкүнчүлүк алат, кызыккан же жетишпеген  окуу материалдарын бир канча жолу кайталап көрө алат, порталдын пикир алмашуу бөлүмү аркылуу, окуп чыккан материалдар боюнча пикирин калтырып жана башка студенттер менен пикир алмашып, талкууга катыша  алат. Азыркы этапта  даярдалган видео-материалдарды университеттин ичинде таркатуу максатында TV каналын түзүү иштери жүрүп жатат.

Студенттердин өз алдынча тапшырмаларды аткарып, инновациялык ыкмаларды жакшыртуу максатында университеттин алдындагы Маалыматтык технологиялар борборунда электрондук китептер видеолекцияларды түзүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле лабораториялык аудиторияларды заманбап жабдуулар менен алдыңкы окутуучулардын видеолекцияларынын электрондук базасын түзүү, уюштуруу менен интернет желе аркылуу таратуу пландаштырылууда. Тажрыйба алмашуу максатында алдыңкы окутуучулардын иш тажрыйбаларын бөлүшүү үчүн Маалыматтык технологиялар борборунда атайын студия ачылган. Бул студия видеолекцияларды тартуу менен  окуу процессин жакшыртууга салымын кошот. Видеолекциялар студенттер үчүн ыңгайлуу жана пайдалуу. Себеби алар теориялык материалдарды өз алдынча окуп, изилдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

  • Видеолекциялардын мазмуну өтүлүп жаткан темага ылайык болуп, окуу процессиндеги программага төп келиши керек. Бардык мисалдар, маалыматтар илимий жактан туура так болуп, учурда колдонулуучу туура терминдер менен камтылып, теманы ачуу ырааттуу болууга тийиш. Теориялык материалды конкреттүү мисалдар менен коштоп, теманы кенен ачып берүүсү зарыл. Тексттер кыска, так, грамматикалык жана стилистикалык жактан туура болушу абзел, — дейт Мирлан Чыныбаев.

Видеолекцияларды түзүүдө окутуучуларга ыңгайлуу болушу үчүн атайын план түзүлгөн. Алгачкы бөлүгүндө  лекциянын темасы, сүрөттөр, лектор тууралуу кыскача маалымат, окуу жайдын аталышы жана тартылган убактысы көрсөтүлөт. Экинчи бөлүгүндө лектордун саламдашуусу, теманы билдирүү,  теманын максаты, теманын техникалык планы, студенттерге видеолекция боюнча сунуштар айтылат. Мындан тышкары, ар кандай графика, диаграмма, маектерди колдонуу менен кызыктуу даярдалууга тийиш. Акырында колдонулган жана сунушталган адабияттар, интернет булактары тууралуу маалымат берилет.

Учурда окутуучулардын алгачкы видеолекциялары даярдалып, сунуштала башталды. Бул алгачкы окуу куралдары улам видеолекцияларды тартуу менен  жакшыртылып, өзгөртүү планы иштелип жатат.

Бүгүнкү күндө  ЮНЕСКОнун “Avicenna Virtual Campus  in Central Asia» долбоорунун алкагында видеолекцияларды даярдоо боюнча профессор-окутуучулар арасында сынак өткөрүлүүдө.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер