ЭЛЕКТРОНДУК ТАМЕКИГЕ ТЫЮУ САЛЫНАТ
- 14.06.2024
- 0
КР ЖК депутаттары электрондук тамекиге тыюу салуучу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Мыйзам долбооруна ылайык, суюктук куюлуучу электрондук тамекилерди алып кирүүгө тыюу салынат.
«Жарандардын ден соолугун тамеки чегүүдөн, никотинди керектөөдөн, экологиялык тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндөгү» мыйзам долбооруна ылайык, суюктук куюлуучу электрондук тамекилерди алып кирүугө тыюу салынат.
Депутат Шайырбек Ташиев буга чейин Кыргызстанга электрондук тамекини киргизүүгө тыюу салууну жана аны колдонууга чектөө киргизүүнү сунуштаган. Демилгечи электрондук тамекилерде никель, хром жана коргошундун өлчөмү нормадан ашык болуп чыкканын, бул нерсе дем алуу органдарынын ооруларына, онкологиялык же мээ илдеттерине алып келерин билдирген изилдөөнүн жыйынтыгына таянган.
Мыйзам долбооруна ылайык, суюктук куюлуучу электрондук тамекилерди алып кирүүгө тыюу салынат.
Эреже бузулса 1,5 миңден 2 миңге чейинки эсептик көрсөткүчтө (150-200 миң сом – ред.) айып салуу же бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу сунушталууда.
Мындан тышкары, белгиленбеген жерлерде вейп чегүүгө тыюу салуу каралган. Эреже бузулганда жеке жактарга 40 миң сом, юридикалык жактарга 60 миң сом айып салынат.
ЖК депутаттарынын сунушунда атайын суюктук толтургучтары бар электрондук тамекилерди сатууда жеке жактар 50 миң сом, юридикалык жактар 65 миң сом айыпка жыгылары белгиленген.
А.Кашыбаева,
“Кут Билим”
Комментарийлер