ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО: 8-АПРЕЛГЕ КАРАТА МААЛЫМАТ

  • 08.04.2024
  • 0

КР Билим берүү жана илим министрлигинин санариптик трансформация бөлүмүнүн маалыматына ылайык, саат 18:00гө карата республика боюнча 12 миң 994 адам катталды.

Катталгандар облустар жана шаарлар боюнча төмөндөгүдөй:

  • Ысык- Көл облусу: 1170
  • Жалал-Абад облусу: 2145
  • Нарын облусу: 790
  • Баткен облусу: 1569
  • Ош облусу: 2153
  • Талас облусу: 565
  • Чүй облусу: 1642
  • Бишкек шаары: 2688
  • Ош шаары: 272

Жыйынтыгында 12 миң 994 адам катталды.

Ленин районунда 3767, Октябрь районунда 3, Биринчи май районунда 1968, Свердлов районунда 2569, ал эми Бишкек шаарында 8307 мектепте бош орундар бар.

Бир эле күндө шаардагы №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия жана №70 мектеп-гимназия толуп калды.

Эльвира Какиева

Бөлүшүү

Комментарийлер