ЭЛДИК КУРУЛТАЙДА СПИКЕР БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫН ЭКИ МИНИСТРЛИККЕ БӨЛҮҮНҮ СУНУШТАДЫ
- 20.12.2024
- 0
20-декабрда Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында III Элдик курултай ишин кызуу улантууда. Бул жолу курултайга 698 делегат катышууда.
Элдик курултайда делегаттарга президент Садыр Жапаров кайрылып, өлкөдөгү экономикалык өсүштөр, учурдагы аткарылып жаткан алгылыктуу аракеттер, коррупция менен күрөш тууралуу баяндап, мугалимдер менен саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөргө токтолуп, мугалимдерди кемсинткен жагдайлар болуп жатканын, адептүүлүк, нарктуулукту сактоонун зарылдыгын айтып, мугалимдер менен дарыгерлердин коопсуздугу үчүн чечимдер кабыл алынаарын баса белгиледи.
Бүгүн курултайда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев сөз сүйлөп, анда билим берүү кызматкерлерин колдоо керектигин баса белгиледи:
«Билимдуү коомду , билимдүү элди, билимдүү өлкөнү курабыз. Эгерде биздин коом билимдүү болбосо, келечекти кура албайбыз. Жаратылыш ресурстары жок, жарды мамлекеттер илим менен, технология менен дүйнөнү багытөнтып келе жатат. Биз билим берүү тармагына өтө чоң көңүл бөлүшүбүз керек. Мугалимдердин макамын көтөрүшүбүз керек, колдошубуз керек. Бирок биздин коомдо терс көрүнүштөр жок эмес. Окуучу менен мугалимдин ортосундагы мамиле татаалдашып, ар кандай терс пикирлер жаралууда. Чындыгында ата-эне үйдө тарбия берсе, мугалим мектепте тарбиялап, билим берет. Андыктан биз, мугалимдерди мазактоо, шылдыңдоо, кордоо сыяктуу жаман көрүнүштөрдөн сакташыбыз керек. Бул боюнча Жогорку Кеңеште бир катар мыйзамдар кабыл алынып жатат.
2025—жылдан баштап 12 жылдык окутууга өтүп жатабыз. Бул өлкөбүздөгу эң чоң реформа десек болот. Дүйнөнүн 140 мамлекети ушул программа менен окутат. Бул система биздин дагы жаштарыбыздын эң алдыңкы окуу жайларда билим алуусуна шарт түзөт”, -деди төрага.
Ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев өз сөзүндө учурдагы Билим берүү жана илим министрлигин экиге бөлүүнү сунуштаган пикирин билдирди.
-“Бизде билим берүү жана илим министрлиги аябай чоң тармак. Министрлик бир эле учурда мектепке чейинки билимди, мектепти, лицейлерди, кесиптик, жогорку окуу жайларды, илим изилдөө институттарын, Илимдер академиясы өңдүү 8-9 багытты алып барат. Буга эки баштуу министрликти койсок дагы алып кете албай жатат. Мен министрликти бөлүш керек деп парламенттин трибунасынан да бир-эки жолу айттым. Мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү өзүнчө Агартуу министрлиги, ал эми Жогору билим жана илим министрлиги өзүнчө түзүлүшү керек. Демилгени урматтуу президентибиз кубаттап, жаңы жылда жаңы министрлик түзүлгөнү турат”, — деди Нурланбек Шакиев.
Курултайда өткөн жылы делегаттар тарабынан айтылган маселелердин аткарылышы тууралуу отчеттук маалыматтар угулуп жатат.
Бул жолу да делегаттар шайланып келген аймагынын көйгөйлөрүн, сунуш-пикирлердин бийликке жеткирип, пикирлерин айтууга дилгир. Ал эми мамлекеттик органдар аларды чечүү аракетин көрүшөт.
Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай 2022-жылы ноябрда, экинчиси 2023-жылы декабрь айында өткөн.
Кабыл Макешов, “Кут Билим”
Комментарийлер