ЭЛДИК КУРУЛТАЙДА ДЕЛЕГАТТАР ПИКИРЛЕРИН АЙТЫП ЖАТЫШАТ

  • 20.12.2024
  • 0

20-декабрда Бишкекте III Элдик курултай  ишин кызуу улантууда.

Бул жолу курултайга 698 делегат катышууда. Делегаттар өлкө аймагындагы көйгөйлөр тууралуу да айтып жатышат.

ЭЛДИК КУРУЛТАЙДА  ДЕЛЕГАТТАР ПИКИРЛЕРИН АЙТЫП ЖАТЫШАТУчурда түштөнүү мезгилинде айрым делегаттар жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө да кайрылып, пикирлерин билдирүүдө. Мисалы, Орусиянын Екатеринбург шаарынан делегат болуп келген врач-хирург Русланбек Орозалиев мигрант мекендештеринин көйгөйлөрүнө токтолуп, айрым жугуштуу оорууларга кабылып жаткандарды айлап, жылдап дарылоо маселеси кендирди кесип жатканын, медициналык полис берүү чечилбей келатканын айтып,  чет жерде жүргөн замандаштардын балдарына эне тилин үйрөтүүгө  ийримдер, окуу борборлору көп болсо деген тилегин билдирди. Ошондой эле чет жерде иштеп жүргөн кесипкөй адистер мекенибизге кайтып келип, аларды иш менен камсыз кылуу маселелери чечилсе, инвестиция тартып келүүгө дилгир бизнес ишмерлери бар экенин айтты.

Ал эми Жалал-Абад облусунун Аксы районунан делегат болуп келген Урмат Шерматов Сары-Челек коругундагы абалга токтолуп, учурда экологиялык коопсуздугу сакталбай жатканын айтты.

-Корукта мал багылып, чөп чабылып, бак-дарактары отун катары кыйылып, жаңгактары жапайылык менен терилип, суу булганып, таштандылар алынбай жатат, -дейт  Урмат.

ЭЛДИК КУРУЛТАЙДА  ДЕЛЕГАТТАР ПИКИРЛЕРИН АЙТЫП ЖАТЫШАТКурултайга Ош облусунун Ноокат районунан делегат болуп келген Илзат Нарматов аймагындагы бала бакча, мектеп, оорукана, канализация, көп кабаттуу турак үйлрдү куруу, айлампа жол куруу, экология жана туризм маселелерине токтолду.

-Кыргыз-Ата айылында совет доорунда курулган бир гана бала бакча бар. Мен дагы бала кезимде ушул бакчадан таалим-тарбия алган элем. Учурда бул бала бакчага балдар батпай, мектепке чейинки мекеме маселеси көйгөй болуп турат. 1-класстан 4-класска чейин башталгыч класстардын окуучуларын окутуу боюнча мектеп куруу маселеси дагы чечилбей турат. Бала бакча курууга токтом чыгып, жер бөлүнгөн. Бирок, ал жер мурда жеке менчикке сатылып кетип, токтом чыккан жерге бала бакча курулбай турат. Эки кабат бала бакча куруп берүүгө инвестор дагы табылган. Ушул маселерлерди курултайда көтөрүү үчүн келдим, -дейт.

Курултайда өткөн жылы делегаттар тарабынан айтылган маселелердин аткарылышы тууралуу отчеттук маалыматтар угулуп жатат.

Бул жолу да делегаттар шайланып келген аймагынын көйгөйлөрүн, сунуш-пикирлердин бийликке жеткирип, пикирлерин айтууга дилгир. Ал эми мамлекеттик органдар аларды чечүү аракетин көрүшөт деген ишеним бар. Курултайда элдин үнү, пикирлери айтылууда.

Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай 2022-жылы ноябрда, экинчиси 2023-жылы декабрь айында өткөн.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер