ЭЛ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ ФОНДУН КАТТООНУ 2021-ЖЫЛГА ЖЫЛДЫРУУ ЖӨНҮНДӨ ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛЫНДЫ

  • 02.11.2020
  • 0

«Кыргыз Республикасында эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы № 690 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Улутстаткому 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин, ал эми алыскы аймактарында 2020-жылдын 20-апрелинен 29-апрелине чейинки мезгилде эл жана турак жай фондун каттоону өткөрмөк. Бирок, COVID-19 илдетинин жайылышына байланыштуу түзүлгөн жагдайдан улам аны жүргүзүүнү белгисиз мөөнөткө жылдыруу тууралуу чечим кабыл алынган.

Коронавирус боюнча абал турукташып калган учурда, эл жана турак-жай фондун каттоону Улутстатком тарабынан 2020-жылдын июлунда өткөрүлүүсү пландалган. Бирок, тилеке каршы, коронавирус инфекциясынын туу чокусу июльга келип жана эл каттоо мөөнөтүн кайрадан кийинкиге жылдырууга туура келди.

Белгилүү болгондой, эл каттоо электрондук форматта жүргүзүлүп, каттоочулар мобилдик тиркеменин жардамы менен маалыматтарды топтошот. Киргизилген маалыматтардын сапатын текшерүү жана контролдоо максатында инструктор-контролерлор үчүн окуу режиминде (жеке кабинет) маалымат базасына кирүү мүмкүндүгү уюштурулган. Бул ишти камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын убактылуу пайдалануусуна берилген ноутбуктарды колдонуу пландалган.

Бирок, Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байланыштуу (2020-ж. 4-октябрь), Мамлекеттик каттоо кызматына ноутбуктар шайлоонун жүрүшүндө пайдалануу үчүн кайтарылып берилген. Ушул жагдайды эске алуу менен, Улутстатком 2020-жылдын ноябрында парламенттик шайлоону аяктоосу менен эл жана турак жай фондун каттоону жүргүзүү чечимин кабыл алган. Шайлоонун жыйынтыгы таанылбайт, деп табылгандыктан жана келчекте жаңы парламенттик шайлоолор күтүлгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештин шайлоосу аяктаганда гана эл каттоо үчүн ноутбуктарды пайдаланууга мүмкүнчүлүк берилет.

Натыйжада, Улутстатком тарабынан эл жана турак-жай фондун каттоону өткөрүү мөөнөтүн 2021-жылга жылдыруу тууралуу чечим кабыл алынды.

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 Улутстаткомунун Пресс-кызмат

 

Бөлүшүү

Комментарийлер