ЭЛ ҮМҮТҮ -КЕЛЕЧЕК МУУНДУН КЫЗМАТЫ

  • 24.03.2025
  • 0

2025-жылдын январь айында «Эл үмүтү — келечек муундун кызматы» сынагынын жобосу  Нарын облусунун мектеп окуучулары үчүн иштелип чыгып, облустун жалпы мектептерине жарыяланган болчу. Сынакка облустун мектептеринин 80% катышуу үчүн билдирме берип, алгачкы тапшырмаларын аткарып жатышат. Сынактын ар бир баскычы усулдук вебинарлар менен коштолуп, тиешелүү нускамалар берилип, педагогикалык багытта тажрыйбалуу адистер менен жолугушуу пландаштырылган. Сынактын жыйынтыгы 2025-жылдын май айынын ортосунда чыгарылат.

Негизги кадамдары

Сынактын жүрүшүндө командалар айылдын же мектептин, коомчулуктагы кайсы бир көйгөйдү чечүү үчүн долбоор иштеп чыгып, жүзөгө ашыруусу зарыл. Ал долбоорду жергиликтүү башкаруу органдары, тактап айтканда айыл өкмөттөрү колдого алышы керек. Ал эми мугалимдер командасы ошол долбоорду окуучулар ишке ашырып жатканда, кандай билимдер керек болсо ошол билимдер жана көндүмдөр менен камсыздап туруусу зарыл. Өз кезегинде жогорку жана орто кесиптик, менчик билим берүү мекемелери мугалимдерди усулдук жактан камсыздоо аракетин көрүшөт.

ЭЛ ҮМҮТҮ -КЕЛЕЧЕК МУУНДУН КЫЗМАТЫ

Долбоорду колдогондор

2024-жылдын декабрь айынын алгачкы күндөрүндө К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинин демилгеси менен жогорку, орто, башталгыч кесиптик, жалпы билим берүүчү, мамлекеттик жана жеке менчик, мектептен сырткаркы билим берүү мекемелеринин кызматташуусун так бир багыттуу иш-аракетке буруу багытында Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн катышуусунда тегерек стол болуп өткөн. Анда алдыңкы педагог
Дүйшөн Шаматов баш болгон адистер тарабынан бул багытта тажрыйбалар менен бөлүшкөн эле. Дал ушул идеяны улай 2025-жылдын январь айында «Эл үмүтү – келечек муундун кызматы» сынагынын жобосу Нарын облусунун мектеп окуучулары үчүн иштелип чыгып, облустун жалпы мектептерине жарыяланды.

Маалыматка таянсак, долбоордун жетекчиси Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болсо, демилгечиси – К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжи, ал эми башкы демөөрчүсү – Alippepro – мугалимдерди өнүктүрүүчү аянтчасы болуп эсептелет.

Долбоордун негизги өнөктөштөрү – Нарын облустук усулдук билим берүү борбору, Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети жана Салымбеков университетинин Билим жана Инновация мектеби. Сынактын негизги максаты жана милдеттери – жогорку, орто, башталгыч кесиптик, жалпы билим берүүчү, мамлекеттик жана жеке менчик, мектептен сырткаркы билим берүү мекемелеринин кызматташуусун так бир багыттуу иш-аракетке буруу; мектептерде интеграцияланган ийримдерди (STEAM багытында) уюштуруу жана турмуштук практикалык билим берүү платформасын активдештирүү; окуучуларды коомчулуктагы айрым көйгөйлөрдү чечүүгө аралаштыруу жана коомчулуктун окуучуларга болгон ишенимин жогорулатуу; окуучулардын негизги көпчүлүгүн окуп үйрөнүүгө болгон умтулуусуна шыктандыруу жана мугалимдердин автордук программа түзүү компетенттүүлүгүн жогорулатуу жана автордук программаларды бекитүү маселелерин чечүүгө көмөктөшүү, — дейт колледждин директору
Касымбек Асылбеков.

Сынактын уникалдуулугу

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева белгилегендей: «Билим берүү системасы — олимпиададан жеңип алган окуучулар, ЖРТдан мыкты упай алып жогорку окуу жайына өтүп жаткан окуучулар үчүн эле эмес, Кыргызстандагы бардык мектептерде, мейли айыл болсун, мейли шаар болсун окуп жаткан ар бир окуучуга жеткиликтүү болушу керек». Демек, учурда кыргыз билим берүү системасы бардык окуучулар үчүн жеткиликтүү билим берүү системасын түзүү аракетин көрүүдө. Башкача айтканда, мектеп окуучулары ал жалаң бешке окусун, же канааттандырарлык баа алса деле коомго, турмушка даяр болуусу керек.

Мектептер үчүн сунушталуучу ийримдин интеграциялап окутуу ыкмасы Нарын облусундагы мектептерде бир катар жылдардан бери практикаланып, сыноодон өткөн ийгиликтүү долбоор катары сунушталат. Бул долбоордун идеясы жана жыйынтыктары 2012-жылы республикалык мыкты айылдык мектеп сынагынан баш байге, 2014, 2017, 2021-жылдары окуучулардын республикалык кароо-сынактарынан баш байгени жеңип алууга жана окуучулардын мыкты окуган эле эмес, бардык окуучуларды билим алууга болгон кызыгуусун ойготууга өбөлгө түзгөн. “Мектептер — 2030” долбоорунун алкагында эл аралык жана Кыргызстанда өткөн глобалдык жана өлкө ичиндеги форумдарда ийгиликтүү долбоор катары презентацияланган ийримдердин тажрыйбасы жалпы Нарын облусунун аймагында жүзөгө ашырылмакчы, — дейт колледждин директору.

Пайдалуулугу же күтүлүүчү натыйжалар

– Натыйжада, бул сынак жергиликтүү башкаруу органдары, жогорку, орто, башталгыч кесиптик, мамлекеттик, менчик, мектептер, мектептен сырткаркы уюмдар ортосунда бир долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн жаратат. Мектеп мугалимдери ЖРТ, PISA үлгүсүндө тесттик тапшырмаларды түзүү, автордук программаларды иштеп чыгуу боюнча маалымат алышат. Мугалимдерде программанын автору болуу мүмкүнчүлүгү жаралып, ишке болгон зор мотивация алат. Интеграцияланган ийримдер мектептерде иш алып барып жаткан ийримдердин сапатын жогорулатууга жана активдештирүүгө шарт түзөт. Окуучулардын кадимки бир түрдүү сабактар эмес, интеграцияланган сабактар аркылуу өз билимин турмуштук тажрыйба менен айкалыштырып алууга, маалыматты туура пайдаланууга мүмкүнчүлүк жаралат, — дейт
Касымбек агай.

Сынактын жүрүшүндө уюштуруу, мектептерге көмөктөшүү, консультациялык иш-аракеттер, кошумча Нарын педагогикалык колледжинин студенттеринин командасы менеджерлик иш-аракетти жүргүзөт.

Сынактын жүрүшүндө тиешелүү сабактарды өтүү жана көмөктөшүү жагы Нарын мамлекеттик университетинин жана Нарын педагогикалык колледжинин студенттери көмөктөшүүсү мүмкүн.

ЭЛ ҮМҮТҮ -КЕЛЕЧЕК МУУНДУН КЫЗМАТЫ

Сыйлыктар

– Сынактын жыйынтыгы менен жеңүүчү болгон командага башкы демөөрчү тарабынан мектеп үчүн интерактивдүү панель, команданын жетекчиси болгон эки мугалимге Египетке жолдомо. Ал эми окуучулар командасынын мүчөлөрү жана менеджерине бир жумалык Ысык-Көлгө эс алуу каралган. Айылдын же мектептин көйгөйлөрүн чечүүгө аралашуу аркылуу коомго салым кошуу, патриоттук сезимдерин, коомго кызмат кылуу адатын калыптандырууга да шарт түзөт.

Учурда Билим берүү жана илим министрлиги жүргүзүп жаткан “билим берүүнү жалпы окуучулардын массасына жеткиликтүү кылуу” саясатын жүзөгө ашыруу үчүн мыкты практикалык тажрыйба боло алат. Интеграцияланган ийримдер — келечекте кесиптик багыт берүүчү сабактардын пайда болушун шарттайт, — дейт К.Асылбеков.

Меритократия — сынак ар бир окуучу, анын окуусунун деңгээлине карабастан, колунан келген жана өзү кызыккан багыт боюнча салым кошо алат. Ийримдердин аянтчасы окуучулар үчүн өзүлөрүнө керектүү маалыматтарды табууга жана өздөштүрүүгө мыкты шарттарды түзөт.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Комментарийлер