ЭЛ КАДЫРЛАГАН ЭРКИНГҮЛ ЭЖЕЙ

  • 24.04.2018
  • 0

 Эркингүл АБДРАСУЛОВА өз өмүрүнүн эң жемиштүү, эң кызыктуу доору деп Ноокат районундагы Б. Атишев атындагы орто мектебинде сабактан-сабакка, сынактан-сынакка карай курчуган мугалимдик тажрыйбасын эсептейт.

ЭЛ КАДЫРЛАГАН ЭРКИНГҮЛ ЭЖЕЙ

 

Химияны мектептен жактырчу 

Эркингүл эже Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Шамшы айылынан болот. Айтуусуна караганда  мектепте окуп жүргөн кезинен тартып химия предметине болгон кызыгуусу артты. Ар бир сабакка тыкан даярданып, коюлган суроолорго так жооп берчү. Окуучу кыздын химияга болгон шыгын байкап, окуткан мугалими бул предмет боюнча окуучулар олимпиадасына даярдай баштайт. “Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң” дегендей, ал 1980-жылы окуучулардын облустук олимпиадасында жеңүүчү болуп, республикалык олимпиадага катышып, калыстар тобунун жолдомосу менен 1982-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин химия факультетине сынактан тышкары кабыл алынат. 1987-жылы аталган факультетти ийгиликтүү аяктап, окутуучу-профессорлордун сунушу менен физикалык химия кафедрасына лаборант болуп иштеп калат. Дээринде бар бүтүрүүчү андан ары да окуусун улантууну ойлойт, бирок 1988-жылы, турмуш шартына байланыштуу, Ноокат районундагы Б.Атишев атындагы орто мектепке химия мугалими болуп ишке которулат. …“Өмүрлүк жубайым жана эки балам, сүйүктүү окуучуларым бар. Балдарыма эне, окуучуларыма тарбиячы болгонум үчүн мен бактылуумун, ”- деп жазат кийинчерээк өз күндөлүгүнө жаш педагог.

Кесипкөй мугалим, дасыккан тарбиячы

Эркингүлдүн жаштайынан химияны жактырганы, предметти сүйүп окуганы өз окуучуларына да таасир этпей койбоду. Мектептеги биринчи сабагынан тартып ал окуучулардын сүйүктүү мугалимине айланат. Химияны эптеп-септеп окумуш болгон балдардын предметке болгон кызыгуусу күн санап артып баратты. Балдардын ишенимине ээ болуу жаш педагог үчүн бир жагы зор сыноо эле. Бирок Эркингүл эжей ушунун баарына өзү айткандай ар дайым даяр болчу. Мектепте, анан университетте курчуган теориялык билиминин пайдасы тийбей койгон жок. Балдар-кыздардын өтүлгөн тема боюнча кызыккан суроолору жоопсуз калбады. Өзү да ар бир сабагына тыкан даярданып, тема боюнча кошумча материалдарды издеп таап, көрсөтмө куралдарды жасоодон эринбеди. Натыйжада сабактын “Сабак-түш”, “Сабак-тергөө”, “Сабак-кроссворд”, “Сабак-аукцион”, “ Сабак-таймаш”,  “Сабак-интервью” сыяктуу жаыланган формалары жаралат. Жакшы нерсе байкалбай калат беле, Эркингүл эжейдин алгачкы ачылыштары кесиптештери тарабынан жактырылып, мектепте ушундай сабак өтөт элем дегендердин саны артат. Бирок ошентсе да а кездеги педагогика изденгич педагогдун суроолоруна  жооп бере албай турду.

– Союз учурунда түзүлгөн окуу китептери жаңыдан эгемендүүлүк жолуна түшкөн өлкөбүздүн атуулдарына таалим-тарбия берүү ишинде төп келбей жатты. Алардын көпчүлүгү улуттук кыртыштан оолак болчу. Мен өз сабактарымда балдардын кабыл алуусуна жакын болгон жергиликтүү материалдарды колдонууну адатка айланттым. Окуучуларым массанын бирдигин “кадак”, “пуд”, ал эми көлөмдүн бирдиги “бир тамчы”, “бир ууртам”, “бир кочуш суу”, “бир кесе”, “ бир кол чанач”, “бир сабоо кымыз” деп аталарын, элибиз эзелтен коргошун, жез, темирди эритип, ат жабдыктарын, согуш куралдарын  жасап келгенин, теориялык жактан изилдеп, татаал аныктамаларга жамынбаса да, күндөлүк турмушта элдин кам-карчын чечип, турмушун түптөгөн өзгөчө химия илими болгонун билишти. Бир жагынан бул менин “Кыргыз элинде илим-билим болгон эмес!” деп оозун куу чөп менен арчыгандарга берген жообум болчу, — дейт Эркингүл эже.

“Иш дегенде ичкен ашын жерге койгон” жаш педагог сабак берүүдө эле эмес, таалим-тарбия ишинде да ар убак алдыда болуп, класс жетекчилик жагынан болсун, коомдун ишти алып баруу жагынан болсун, эч кимди алдыга чыгарбады. Мектепте кыздар кеңешин жетектеп, билген акыл-насаатын өспүрүм кыздардан аяган жок.

Ошол кездеги айрым ата-энелердин пикирлерин окуп көрсөк. Кыркол айылынын тургуну Орозбаев Каримкул: “Эркингүл эжей класс жетекчи болгону менин кызымдын кулк-мүнөзү жакшы жагына өзгөрдү. Сүйлөгөн сөздөрү орундуу болуп, улууну урматтап, кичүүнү сыйлаганы күнүмкү мамилесинен байкалып турат”, — десе, “Эркингүл эжей келгени менин 11-класста окуган уулумдун химия предметине болгон кызыгуусу жогорулап, “жакшы”, “эң жакшы” деген бааларды арбын ала баштады. Окуучунун билим алуу аракетин туура нукка салган ушундай мугалимдер көп болушун каалайм”, — деп жазат активдүү ата-энелердин бири Бакышева Райма.

Райондо биринчи болгону эсинен кетпейт

Сезимтал, дилгир мугалим бат эле мектептин алдыңкы мугалимдеринин катарына кошулат. Алдыңкы мугалимдердин сабактарына катышып, тажрыйба үйрөнөт. Эркингүлдө өзүнө болгон ишеними бекемделип, өзгөчө чыгармачылык дем пайда болот. “Химияны жергиликтүү материалдар аркылуу окутуу” деген тажрыйбасы алдын мектеп ичинде, анан барып райондук деңгээлде жайылтылат.

— Өз жолумду тапсам деген аракетим мени “Жыл мугалими” конкурсуна алып келди. Төрт жыл катары менен катыштым. Жылдан жылга, конкурстан конкурска карай чыңалдым, жетилдим. Эл алдында сүйлөгөндү, педагогикалык көз карашымды так, ынанымдуу кылып айтып бергенге үйрөндүм. Конкурска деген көрсөтмө сабактарым усулдук жактан байып, кызыктуу боло баштады.  Ошентип отуруп, элибиз “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын белгилеген жылы, райондогу “Жыл мугалими” сынагында 14 атаандаштын арасынан суурулуп чыгып, биринчиликти ээледим. Ошондогу бактылуу мүнөттөр, кесиптештеримдин кубанычы, чын жүрөктөн чыккан куттуктоолору дагы эле эсимден кетпейт. Ошолорду эстеп, аз иштесем да, саз иштепмин деп калам”, — дейт убагында эл жапырт сыйлаган педагог.

А.Алибеков, АКСЕЛСтин “Жамааттар байланышы” программасынын бүтүрүүчүсү (АКШ, Түндүк Каролина, 2010)

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер