ЭЛ АРАЛЫК ЖАШТАР ФОРУМУ

  • 23.05.2024
  • 0

22-майда Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин 30 жылдыгына карата Кыргызстан менен Өзбекстандын жаштарынын «Келечектеги интеграция жана өнөктөштүк” аталышындагы эл аралык форуму уюштурулду.

ЭЛ АРАЛЫК ЖАШТАР ФОРУМУ

Форумда Кыргызстандын жана Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын студенттери “Менин өлкөм, менин окуу жайым” аталышындагы презентациясын жасашты. Анда алар өзү жашаган өлкөнүн, билим алып жаткан окуу жайынын артыкчылыктарын чагылдырып беришти.

Сөз кезегинде келген коноктор форум жогорку деңгээлде уюштурулганын баса белгилеп, эки өлкөнүн жаштарын жакындан достошууга үндөп, мындай иш-чараларды байма-бай өткөрүп туруу керек экендигине токтолушту.

ЭЛ АРАЛЫК ЖАШТАР ФОРУМУ

Иш-чаранын жүрүшүндө Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунун чыгармачыл жаштары “Жылдыздуу түн” спектаклинен үзүндү көрсөтүштү. Салтанаттуу концерттен кийин форумдун катышуучуларына үч багыт боюнча атайын мастер-класс өткөрүлдү.

Форумдун соңунда иштелип чыккан инновациялык долбоорлор презентацияланды. Катышуучуларга сертификаттарды тапшыруу менен форум өз ишин жыйынтыктады. Эл аралык жаштар форуму Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүгүү боюнча проректору, профессор Аида Балтабаеванын демилгеси менен тарых-филология факультетинин тарабынан уюштурулду.

Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер