ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

  • 25.07.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 65-эл аралык математикалык олимпиадада (International Mathematical Olympiad 2024 (IMO) ийгилик жараткан  курама команданы сыйлады.

Министр өжөрлүк менен оор жолдорду басып өтүп, жеңишке жеткен окуучуларга жана алардын мугалимдерине ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле Догдуркүл Кендирбаева алар жалпы өлкөнүн мактанычы жана сыймыгы экендигин белгилеп, министрликтин ыраазычылык катын жана ноутбук тапшырды.

Мындан сырткары, команданын башкы машыктыруучулары Мамат Ишматов жана Эльбрус Тажибаевге Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисин, жеңүүчүлөрдүн мугалимдерине Ардак грамота тапшырды.

Белгилей кетсек, 11-12-июль күндөрү Улуу Британияда өткөн 65-эл аралык математикалык олимпиадада кыргызстандык окуучулар бир алтын, 3 күмүш жана 2 ардак грамотага ээ болуп, командалык эсепте 108 мамлекеттин ичинен 29-орунду ээлеген.

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча мамлекеттердин рейтингинде алдыңкы үчтүккө АКШ, Кытай жана Түштүк Корея өлкөлөрү кирген.

Дилде Шатанова, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер