ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК БИЛИМ БЕРҮҮДӨ ӨТӨ МААНИЛҮҮ КАДАМ
- 19.11.2024
- 0
Түркиянын Билтес окуу жайынын мүдүрлөр кеңешининин төрагасы, Догъа Колледжинин (DOĞA KOLEJİ) негиздөөчүсү Жан Уйсал менен “Креатив-Таалим” ББКны жетекчилиги жолугушту. Билим берүү мекемелеринин ортосундагы эл аралык кызматташтыкты түзүү, бекемдөө — билим берүү тармагындагы өнүгүүнүн дагы бир баскычы болуп эсептелинет.
Маалыматка ылайык, бул багытта жогорку сапаттагы байланыш каналдарын, мектептер аралык тажрыйба алмашуу, мугалимдер үчүн кесиптик өнүгүү программаларын ишке ашыруу, ошондой эле окуучулар үчүн жайкы инклюзивдүү окутуу лагерлерин уюштуруу максатында Догъа Колледжинин (DOĞA KOLEJİ) негиздөөчүсү Жан Уйсал менен жолугушуу өттү.
— Жан Уйсал мырза “Креатив-Таалим” билим берүү комплексинин ишмердүүлүгү менен таанышкан соң, комплекстин жетекчилиги менен бирге билим берүү тармагындагы өнөктөштүктү ишке ашыруу жана келечекке багытталган окуу программаларын уюштуруу боюнча биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Ал эми Казакстандан келген Абай атындагы Казак Улуттук педагогикалык университетинин профессору Мухамедрахим Курсабаев эл аралык кызматташтык окутуунун сапатын жогорулатып, инновациялык тажрыйба жана ресурс алмашуу аркылуу жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн ачыларын билдирди.
Эл аралык кызматташтык бүгүнкү күндө билим берүүнүн глобалдык мейкиндигине терең интеграциялануу үчүн өтө маанилүү кадам болуп эсептелинет. Себеби, окуу жайларды глобалдык деңгээлге интеграциялоо аркылуу гана чет өлкөлүк билим берүү мекемелери менен атаандаштыкка жөндөмдүү болууга шарт түзүлөт, — дейт маалыматта.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер