ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМ: Б.СЫДЫКОВДУН АЙКЕЛИ АЧЫЛДЫ

  • 04.10.2023
  • 0

Кыргызстандын жана Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун  эл аралык форумунун ачылышынын алдында  Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин башкы имаратынын короосуна орнотулган мамлекеттик жана коомдук ишмер Б.Сыдыковдун айкелин ачуу аземи уюштурулду.

ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМ: Б.СЫДЫКОВДУН АЙКЕЛИ АЧЫЛДЫ

Салтанатка КР Мамлекеттик катчысы С.Касмамбетов,  Кыргызстан менен Өзбекстандын Билим берүү жана илим министрлеринин орун басарлары, эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ректорлору,  КР Эл баатыры  А.Жумагулов баштаган Б.Сыдыковдун замандаштары, үй-бүлөсү, туугандары катышты.

ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМ: Б.СЫДЫКОВДУН АЙКЕЛИ АЧЫЛДЫ

Аземде сүйлөгөн мамлекеттик кызматкерлер жана маркумдун замандаштары кыргыз-өзбек элинин бир туугандык мамилесин тереңдетүү багытындагы Б.Сыдыковдун   эмгеги, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы өлкөнүн реформаларынын ийгиликтүү ишке ашуусуна, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы    дипломатиялык карым-катыштын эл аралык деңгээлде өнүгүшүнө  кошкон салымы тууралуу баса белгилеп айтышты.

Эскерте кетсек, 2021-жылы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетине мамлекеттик жана коомдук ишмер Б. Сыдыковдун аты берилген.

Бөлүшүү

Комментарийлер