ТИЛ · УЛУТТУН БАЙЛЫГЫ
- 24.02.2025
- 0
21-февралда Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн окуу-усулдук кабинети шаардык мэрия менен биргеликте «Тил · улуттун байлыгы» аттуу шаардык усулдук семинар өткөрдү.
Семинар №3 Фрунзе атындагы мектебинин кыргыз тили жана кыргыз адабияты мугалими Ырысбаева Гүлмиранын педагогикалык ишмердүүлүгүн шаардык деңгээлде жайылтууну көздөдү.
Шаардык семинардын биринчи бөлүгүндө «Этиштин ыңгайлары» деген темада Кыргыз тилинен 6-класста ачык сабак өтүлдү. 5Е-моделинде даярдалган ачык сабакта Гүлмира Ырысбаева тилдик интеграцияны жана коммуникативдик ыкманы колдонуп, эки тилди бирдей алып кеткен кош тилдүү мугалим экендигин көрсөттү.
Комуздун коштоосунда кыргызча, гитарада кол ойнотуп англисче ырдаганы мугалимдин чыгармачылык көрөңгөсү бийик экенин айгинелеп, окуучуларды таасирлентпей койбоду.
Семинардын экинчи бөлүгү «Улут болсом, тилим менен улутмун» деп аталып, бул класстан тышкаркы иш-чара шаардык маданият үйүндө улантылды. Эл аралык эне тил күн күнүнө арналган иш-чарага катышкан 6-8-класстардын окуучулары кыргыз, орус, англис, түрк, япон, өзбек, казак тилдеринде ыр-бийлерди, көркөм окууларды айтышып, көп тилдүүлүккө карай жаңы муундун жакшы кадамын көрсөтүп беришти. Ар бир улут тили менен улук болорун даназалашты.
Иш-чаранын аягында «21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө» карата жарыяланган видеотүрмөктүн жыйынтыгы чыгарылып, Кара-Көл шаардык мэриянын атынан
1-орунга татыктуу болгон Д.Шопоков атындагы мектепке 5000 сом, 2-орунду ээлеген Токтогул ГЭСине 3000 сом,
3-орунга жеткен Хуриев атындагы №5 мектебине 2000 сом акчалай сыйлыктар берилди.
Ал эми калган 10 катышуучу 1000 сомдон акчалай сыйлыкка ээ болду. Жалпысынан конкурста 28 видеотүрмөк ат салышты.
Иш-чарага Кара-Көл шаардык кеңештин төрагасы Ч.А.Кимсанов, Кара-Көл шаардык мэриянын Мамлекеттик тил боюнча жооптуу адиси Г.К.Мүсүралиева, Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кыргызбай к.Гулназира катышып, жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырды.
Иш-чаранын үчүнчү бөлүгүндө Г.А.Ырысбаеванын ачык сабагы талкууланып, катышуучулар семинар боюнча жакшы ой-пикирлерин ортого салышты.
Чыгармачылык менен иштеген мугалимдин 5Е-моделинде даярдаган сабагы коноктордун купулуна толуп, мугалимдин чыгармачылык менен изденип иштөөсүнө керектүү шартты түзүп берген мектеп директору Шамшидин Токтосуновго жана жалпы кесиптештерине өз ыраазычылыктарын билдиришти.
Тилен ОРОЗОВА, Кара-Көл шаары
Комментарийлер