Эл аралык билим берүү фирмасынын өкүлдөрү КӨЭАУда

  • 06.02.2025
  • 0
Бүгүн, 5-февралда, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору Абдилбает Мамасыдыков “World Choice International Education Consultant Osh» эл аралык билим берүү фирмасынын өкүлдөрүн кабыл алды.
Эл аралык билим берүү фирмасынын өкүлдөрү КӨЭАУда
Жолугушууда аталган фирманын негиздөөчүлөрү ар кайсы өлкөлөрдө КӨЭАУнун кызыкчылыктарын көрсөтүү, келишимдик негизде чет өлкөлүк жарандарды ушул университеттен кесиптик билим алууга тартылышына көмөктөшүү, жарнамалык компаниялар аркылуу КӨЭАУ жөнүндө маалыматтарды жайылтуу багытында ойлорун ортого салышты.
Сөз кезегинде окуу жайдын ректору А.А.Мамасыдыков чет өлкөлүк студенттерди кабыл алууда керек болгон зарылчылыктарды өз убагында камсыздоону, Кыргызстанга кирүү жана чыгуу шарттары боюнча кеңеш берүүнү колго аларын билдирди.

Эл аралык билим берүү фирмасынын өкүлдөрү КӨЭАУда

Эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин “World Choice International Education Consultant Osh» фирмасынын өкүлдөрү окуу жайдын базасы менен жакындан таанышып чыгып, материалдык-техникалык база жогорку деңгээлде экенин белгилешти. Соңунда тараптар эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюшту.Эл аралык билим берүү фирмасынын өкүлдөрү КӨЭАУда

Комментарийлер