ЭКИНЧИ ЭЛДИК КУРУЛТАЙ ӨЗ ИШИН БАШТАДЫ

  • 15.12.2023
  • 0

Элдин үнүн бийликке түз жеткирип, бийлик менен элдин ортосуна көпүрө болууга чакырылган Элдик курултай бүгүн, Бишкекте 15-декабрда, өз ишин баштады.

ЭКИНЧИ ЭЛДИК КУРУЛТАЙ ӨЗ ИШИН БАШТАДЫ

Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияга өлкөбүздүн туш тарабынан 700гө чукул делегат келди. Курултайдын делегаттары — жер-жерлерде өткөн элдик жыйындарда шайлоо жолу менен тандалып алынган элдин эң мыкты өкүлдөрү. Арасында эмгектин ардагерлери, өз кесибинин чыныгы устаттары, түрдүү коомдук уюмдардын, саясий партиялардын өкүлдөрү бар. Эсиңерге сала  кетели, бул курултай президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык өтүүдө.
Элдик курултайды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов ачты. Ал өз сөзүндө бул жолку жыйынга 695 делегат катышып жатканын, жүйөөлүү себептер менен 3 делегат келбей калганын, 2 делегат документтерди тапшырууда мыйзамдык жактан төп келбестик болгонун, ал эми элдик курултайдын ишине өлкө президенти Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев баш болгон депутаттар, өкмөт мүчөлөрү, облус,  шаар жана район жетекчилери, Улуттук илимдер академиясынын академиктери, этностук жана диний уюмдардын өкүлдөрү катышып жатканын айтып өттү.
Курултайда 13 кишиден турган эсептөө комиссиясы жана 17 кишиден турган Улуттук Кеңеш түзүлдү.
Бул элдик курултайдын ишине билим берүү жана маданият тармагынын 154 өкүлү катышууда. Элдик курултайда Мыктыбек Абдылдаев Улуттук Кеңештин төрагасы болуп шайланды.

Маалымат үчүн айта кетсек, биринчи элдик курултайда делегаттардан  төрт миңге жакын сунуш түшүп, ушул күнгө чейин анын тең жарымы өкмөт жана башка тиешелүү уюмдар тарабынан аткарылганы айтылууда.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер