эки окуучунун мушташы тууралуу Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы эмне дейт?

  • 28.01.2025
  • 0

25-январда Чүй облусунун Кант шаарында окуучулар мушташып, бири алган жараатынан өзүнө келбей каза болгон. Каргашалуу окуя тууралуу Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Чынара Бакашова төмөнкүлөрдү кабарлады:

— 22-январында Ысык-Ата районунун Кант шаарынын №3 жалпы билим берүү орто мектеп гимназиясынын 10а — классында сабактын жүгүртмөсү боюнча 5 сабак болгон. Акыркы сабак бүткөндүн кийин окуяга катышкан балдар мектептин короосунан чыгып кеткен. Бул орнотулган видеокөзөмөлдө көрүнуп турат. Бизге берилген маалымат боюнча, балдар үйлөрүнө кетип бара жатканда Ч.Д жана Р.А экөөнүн ортосунда түшүнбөстүктөр жаралып, мушташууга барган. Натыйжада Ч.Д алган жаракатынан улам ооруканага жеткирилип, операция жасалган. Азыркы учурда териштирүү иштери жүрүп жатат, жыйынтыгы менен тиешелүү чаралар көрүлөт.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2024-жылы он айда Кыргызстанда 75 бала өз жанын кыйган. Көпчүлүк ата-энелер балдарынын өлүмүнө чөйрөсүндөгү буллинг жана мектеп рекетчилиги себеп болгондугун айтууда.

Айдана МАМАТБЕРДИЕВА,

«Кут Билим» 

Бөлүшүү

Комментарийлер